Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Залкардын экинчи өмүрү


Жазуучу Чыңгыз Айтматов жаш окурмандарына кол тамга калтырууда. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Жазуучу Чыңгыз Айтматов жаш окурмандарына кол тамга калтырууда. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Замандын залкары Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугуна төрт жыл толду. Көркөм өнөр чеберлери анын чыгармаларынын негизинде музыкалар жазылып, кинолор тартылып, спектаклдер коюлуп жатканын белгилешүүдө.

“Өнөрлүү адамдын экинчи өмүрү көзү өткөндөн кийин башталат” - дегендей, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча кино тартуу, спектакль коюуу жаңы өңүттө, бүгүнкү муундун көз карашы менен ишке ашчудай. Мисалы оогандык кинорежиссер Сыдык Бармак “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде кинотасма тартуу ниети бар экенин, аны оогандардын турмушу менен чагылдырарын "Азаттыкка" буга чейин айтканы бар.

Ал эми Улуттук кыргыз драматеатрынын жаш режиссеру Шамил Дыйканбаев жакында “Учур” жаштар театрында “Бото көз”, Чүй облустук театрында “Кайрылып куштар келгенче” деген чыгармаларын сахналаштырып, азыркы жаштардын көйгөйүн, турмушка, сүйүүгө болгон көз караштарын ачып берүүгө аракет кылган.


please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00
Түз линк


Дагы бир жаш режиссер Камат Касенов “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестинин негизинде Алай музыкалык драма театрында спектакль коюп, анда улуу муун менен жаңы муундун ортосундагы жылуу мамиленин асылдыгын, келечек үчүн керек болсо өмүрүн садага чабуу зарылчылыгы учурдагы бирден-бир маанилүү маселе экенин баса белгилеген.

“Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” демекчи Алтай Республикасынын жазуучулар кошуунунун төрагасы Бронтой Бедюров алтайлыктар түгүл повестте камтылган мухиттин жээгиндеги эвенк, нивхилер ошондой эле коряк, ханты, чукча, эскимос сыяктуу түндүктөгү майда улуттар дагы Айтматовду өздөрүнүн жазуучусу деп эсептээрин айтат.

Анын айтымында, Манастын туулган жери Алтайга улуу жазуучу ана барам, мына барам деп жүрүп, бара албай арманда кеткен:

- Чыңгыз Айтматов менен көп жолуктум. Ал Улуухемдин, Эне-Сайдын жээгинде болгон эмес эле. Кайран Чыке "Алтайга, Манастын туулган жерин көрөөр күнүм бардыр. Энесайдын жээгине барып ата-бабабыздын изи түшкөн жерлерге сыйынып келсем" дечү эле. Кайран асыл, ал тилегине жетпей арманда кетти.

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Европада дагы өтө баркталары баарыбызга маалым, анын чыгармалары боюнча дагы далай музыкалар жазылып, спектакль коюларында шек жок дейт Венгрия илимдер Академиясынын илимий кызматкери Даут Шомфан Кара. Анын айтымында, улуу жазуучунун чыгармаларына азыр дагы окурмандар арасында кызыгуу зор.

- Мажарлар Айтматовду аябай жакшы көрөт. Эмнегедир каныбыз тартып, ошо Айтматовдун талантына, руханий байлыгынын кенендигине баа беребиз. Экинчиден, Чыңгыз агайдын чыгармалары аркылуу кыргыз менен казактын, жалпы Борбор Азиядагы калктардын турмуш-шартын, каада-салтын европалыктарды таанытууга абдан жакшы шарт түзүлүп отурбайбы.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романынын негизинде таланттуу композитор Сталбек Бактыгулов симфониялык поэма жазган. Мында, аталган чыгармадагы каармандардын эле эмес улуу жазуучунун дагы кубаныч-кайгысы, үмүтү-күйүтү, жыргалы менен кууралы, сүйүүсү менен жоготуусу кошо камтылгандай.

Казакстандык калемдеш ини-досу Муктар Шаханов болсо кыргыздын “Манас” эпосу сыяктуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дагы түбөлүктүүлүгү менен айырмаланып, анын чыгармалары жалаң эле китепте жазылып калбастан, музыка, театр, сүрөт, кино өнөрүндө дагы жаңыланып жаралып турарына зор ишеним артарын белгиледи.

80 жаш курагын күзүндө белгилейм деп турган кара сөздүн падышасы капилет дүйнө салганда кыргызстандыктар эле эмес анын чыгармалары менен тааныш жалпы дүйнө эли аза күткөнүн казакстандык калемдеш ини-досу Муктар Шаханов белгилеп, улуу жазуучунун о дүйнө салгандыгы тууралуу маалымат анын ата-энесинин өлүмүнөн кийинки суук кабар болгонун эскерди.

Доордун алпы Чыңгыз Айтматов мындан төрт жыл мурда Татарстанда өзү тууралуу даректүү тасмага тартылып жүргөндө, 16-май күнү бөйрөгү кокустан катуу ооруп, Татарстандын республикалык ооруканасына жаткырылган.

Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна септикалык шок, же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан болчу.

19-майда ал Германиянын Нюрнберг ооруканасына жеткирилип, саламаттыгы кескин начарлап, шум ажал залкарды 10-июнда алып тынган.
XS
SM
MD
LG