Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

"Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар" түрмөгүндө бул ирет залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун тагдырындагы адам таң калчу айрым жагдайлар тууралуу кеп болот.

Кыргыз элинин улуттук сыймыгы, ХХ кылымдагы кыргыз маданиятынын эң эле белгилүү символдорунун бири Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө 10-июнда туура төрт жыл толду. Бирок кудайга шүгүр, төрт жыл өтсө да анын аты-жөнү, айткан сөздөрү, адабий мурасы эч бир жерде калган жок. Эч кандай буйруксуз, жогору жактан келген көрсөтмөсүз эле мектептер, университеттер, жалпы коомчулук Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн, каза болгон күнүн өздөрү эле белгилеп, бейитине барып гүл коюп, арбагына сыйынып, илимий жыйындар өткөрүп, айтор, элден айланса болот, улуу замандашыбыздын ысмы биз үчүн чыныгы таберик болуп баратат.




Мына, бүгүн да төрт жыл башта арабыздан кеткен Чыкебизди эскере турган күн болуп турат. Ушул күнү, башкача айтканда 2008-жылдын 10-июнунда, күр этип тоо кулагандай, шуу этип байтерек жыгылгандай болуп, дайым эле арабызда, дайым эле тирүү жүрө бере тургандай сезилген Чыңгыз агабыз келгис сапарга кеткен. Бишкектен аман-эсен, эч кандай оору-сыркоосуз эле жолго аттанып, бирок Казанга, таякелеринин түп мекени Татарстанга жеткенде катуу ооруга чалдыккан. Ошол жерде тилден калып, тез эле эс-учун жоготкон Чыңгыз Айтматовду татар таякелери Германияга жөнөтүшкөн. Ошол жерден улуу замандашыбыз эс-учуна келбеген бойдон а дүйнө салган. Нюрнберг шаарынан Чыкебиздин сөөгү Кыргызстандын учагы менен Бишкекке жеткирилип, эки күндөн кийин атасы Төрөкулдун жанына, репрессиянын курманы болгон 137 адам менен жанаша Ата-Бейит мазарынан түбөлүк жай тапкан.

Бүгүн албетте, Чыңгыз агабыздын кантип күтүлбөгөн жерден катуу ооруга чалдыгып, заматтын ичинде тилден калып, эң негизги жашоо органдары бир убакта иштен чыгып калганын талдап отура турган мезгил эмес. Талдаганда деле кеч болуп калды окшойт, себеби арадан төрт жыл өттү. Ишенчээк, анча-мынча майда нерсеге көп деле көңүл бөлбөгөн кыргыз эли кантип Чыңгыз агабыз заматта катуу ооруга чалдыгып, эс-учуна келбеген бойдон тиги дүйнөгө кете бергенине убагында көп деле кызыкпадык. Киши колдуу болду деп ойлогонго, кимдир-бирөөлөрдөн шек санаганга негиз да жок эле. Эмне үчүн бир заматтын ичинде эки өпкөсү катары менен пневмония болуп, эки бөйрөгү иштен чыгып, боору да жараксыз болуп, эски диабети күчөп, ага кошумча каны бузулуп, септикалык шок болгонун изилдегенге ал учурда чамабыз да келбеди.

Михаил Горбачев баштаган Чыкебиздин нечен санаалаштары, атактуу замандаштары Кыргызстанга келебиз, бир ууч топурак салабыз деп кабар берсе да, ал кездеги бийлик эл тосуп баш оорутканга мойну жар бербей, коштошууга келген эл-журтка да адам өңдүү шарт түзбөй, ал кездеги Ак үйдөгү манкурттар Айтматовду эртелеп жерге жашырганга шашты.

Бирок биздин бүгүнкү эскерүү Чыңгыз агабыздын тагдырындагы адам таң кала турган айрым гана эпизоддорго арналмакчы.

Биринчиден, Чыкебиздин ата-теги Манас бабабыз Алтайдан келип, эң биринчи аттан түшкөн жерде, кыргыздын байыркы борбору, куттуу ордосу жайгашкан кереметтүү кең Таласта туулуп-өсүптүр. Талас - Айкөл атабыз Манастын касиети даарыган, Семетей, Сейтектин элеси менен тыгыз байланышкан, ошолордун назары түшкөн жер экени бештен белгилүү го.

Экинчиден, Чыңгыз агабыз тээ бала кезинде, дүйнөлүк экинчи согуштун оту жалбырттап күйүп турган учурда эртелеп ээрге отуруп, сельсоветтин катчысы болуп иштептир. Бала болсо да эл тагдыры, журт тагдыры деген маселе менен эртелеп бетме-бет келиптир. Өлүм эмне экенин, өмүр эмне экенин эрте туюнуптур.

Чыңгыз Айтматовдун “Балалыгым” деген китебинде эч бир эстен кетпей турган бир эпизод бар. Уурулар алып кеткен жалгыз саан уйду Таластын токоюнан издеп, колунда мылтыгы менен ызалуу жүргөн Чыңгызга жолдон бир аксакал адам жолуккан экен. “Эмне кылып жүрөсүң токой аралап, колуңда мылтык, иреңиң купкуу?”, дегендей аксакал адам өспүрүм баланы сөзгө тартат. “Издегеним - ууру, тапсам турган жеринде атып салам” деп жооп кылат ызасын жашырбаган жаш Чыңгыз. Анда аксакал киши: ”Кой, балам, киши атам дегениң туура эмес, ачууңду жый, кайра үйүңө бар, башың аман болсо, баары табылат” дегендей акыл-кеңешин айтып, баланы жолго салат. Бир сөзү менен баланы оң жолго салган кереметтей ошол адам чынында да тегин киши эмес көрүнөт. Алдын ала айта кетели: ошондон кийин Чыкебиздин турмуш жолунда Кыдыр даарыгандай эле улуу кишилер, ою-пикири таза нечен жакшы адамдар туш болгон экен.

Жазуучу болсомбу деп изденүү жолунда жүргөн Чыңгызга кийинчерээк кыргыздын улуу инсандарынын бири Райкан Шүкүрбеков, андан соң өз заманынын эң эле алдыңкы адамдарынын бири, жазуучу жана котормочу Узакбай Абдукаимов жолугат. Экөө тең жаш жазуучуну ак ниеттен колдоп, демине дем кошот. Кийинчерээк, Москвада окуп жүргөн кезинде “Манас” боюнча докторлук диссертация жазып, убагында атасы Төрөкул менен жакшы тааныш болгон Мухтар Ауэзов менен таанышат. Ауэзов “Жамийла” повестин окуп чыгып, жарыкка чыкканда “Ак жол!” деп макала жазат, жаш жазуучуга ак батасын берет. Баарынан да “Жамийланы” окуп чык деп таанышы Луи Арагонго табыштайт. Ал болсо жаңы чыгып келаткан кыргыз жазуучусунун чыгармасына зор баа берип, Жамийла менен Даниярдын махабат баянын Шекспирдин “Ромео жана Жульеттасы” менен катар коёт...

Жогортодо Таластын токоюнда жолуккан аксакалды касиеттүү Кыдыр менен салыштырганыбыздын себеби да ушул эле. Чыкебизди чынында да Айкөл Манастын арбагы колдоп, Кыдыр Алейсалам жылоолоп, Ауэзов, Арагон, Шостакович, Шолохов, Горбачев сыяктуу аты адамзатка белгилүү улуу инсандар демине дем, шыгына шык кошкон экен. Ырас, маектешип, сырдашып отурганда эч качан Чыңгыз ага “Кыдыр даарыды” же “Манас даарыды” деген сыяктуу эпитеттерди колдончу эмес, бирок “төлгөгө ишенбе, бирок төлгөсүз жүрбө”, “касиеттүү эл”, “касеттүү Манас-Ата”, “касиеттүү Ысык-Көл” деген сыяктуу сөздөрдү көп айтчу.

Мынакей, Чыкебиз каза болгондон бери төрт жыл зуу деп өтүп кетти. Эми билип отурабыз: көрсө Чыңгыз Айтматов өзү кыргызга Кыдыр сыяктуу бир келген касиеттүү киши тура. Бир кезде Чыкебизге Таластын токоюнда Кыдыр даарыса, Манастын руху колдосо, касиеттүү Талас тайыса, Ысык-Көл шык берсе, кыргызга Чыкебиз өзү бир келген Кыдыр болуптур. Элибизге анын касиети даарыптыр...

Эмне дейли: Чыкебиз көзү тирүүсүндө көп айтаар эле: “Түбөлүк тур, касиеттүү Манас –Ата!” деп. Ооба, түбөлүк турсун, касиеттүү Манас атабыз, кут түшкөн Кыргызстаныбыз!

Түбөлүк кыргызын колдосун, касиеттүү Чыңгыз агабыз...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG