Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

"Кара жашик" кайттыбы?


КТРКнын кире бериши
КТРКнын кире бериши

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 26-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын Коомдук биринчи канал боюнча арызын карады.

Анда Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине бир жактуу материалдардын кеткенин териштирип, чара көрүү тапшырмасы берилди.

Өткөн аптадан бери Коомдук биринчи канал июнь коогасы боюнча айыпталган Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин тиешеси бар, ал бир топ мүлкүн апрель ыңкылабынан кийин топтогон деген мазмундагы материалдарды кайра-кайра көрсөтүп жаткан эле.

Парламент комитетиндеги талкуу Коомдук телерадио корпорациясынын “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин аты аталган материалдарды көрсөтүүсү менен башталды. Ал телеберүүлөр июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун качышына Текебаевдин тиешеси бар, бир топ мүлкүн 2010-жылдан кийин топтогон деген мазмунда даярдалган.

Текебаев салдырып жаткан үй
Текебаев салдырып жаткан үй

Текебаев муну каралоо деп атады жана коомдук каналды бир жактуу, такталбаган маалымат берди деп айыптады:

- Мен балдарымды үч бөлмө батирде жашап чоңойттум. Мен 60ка чыкканда үч бөлмөлүү батир алсам болбойбу? Мына ошону КТРК кылмыш катары көрсөтүп жатат. Мени жогору жагымда президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаков 180 чарчы метр үйдө жашайт. Менин маңдайымда төрт бөлмөлүү үйдө
Атамбаевдин уулу жашайт. Ошолорду деле көргөзүп койбойсуңарбы? Анан Текебаев, сен буларды кайсы акчаңа алдың деп менден деле сурабайбы. Мына менин декларациям. Жылда көрсөтүлөт. Аялым 3-4 миллион сомдой, мен миллиондой сом каражат табам. Менин чыгымым ушул акчалардан ашпайт. Алган үйүмдүн акчасын эки жыл төлөп, бир жыл ремонт кылдым. Мени Атамбаев Илим Карыпбеков экөө аткаминер деген ушундай болушу керек деп үлгү кылып көрсөтүшү керек. Менде азыр төрт эле кыймылсыз мүлк бар. Беш жылдан бери бир үй куруп атам, дубалы көтөрүлдү, чатыры жабылды. Эмки беш жылдыкта бүтүрүп 65 жашка чыкканда жер үйдө жашасам дейм. Эми Сапар Исаковдун декларациясын карайлы. Өзү 800 миңдей, аялы болсо 63 миң сом алат экен. Кайсы акчасына ошондой үйдө жашап, ошондой машиналарды минип жүрөт? Эмне себептен ушуларды көрсөтпөйсүңөр?

Жыйынга катышып отурган президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев болсо Коомдук биринчи каналга айтылган дооматтардын парламент комитетинде талкууланып жатканына ачууланды:

- Эмне себептен Текебаев комитет жыйынын саясий арена катары пайдаланат? Ооба, анын президентке койгон дооматтары бар экен, президенттин дагы ага каршы дооматтары бар. Колунда болгон маалыматтарын тиешелүү органдарга берсин. Анан ошонун баарын алып келип алып, КТРди, дагы башкаларды чогултуп алып өзүнчө бир оюн кылыштын кажети жок го.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

Коомдук телеканалдын директору Илим Карыпбековго сөз тийгенде ал оппозициялык күчтөр тууралуу маалыматтар бир жактуу берилип жатат деген дооматтарды төгүндөгөн да, бышыктаган да жок. Бирок айтылгандар эске алынат деп убада берди:

- Биздин кызматкерлер маалыматты ар тараптуу, толук бергенге колунан келген аракетин жасап жатат. Айрыкча коомдук-саясий кырдаал оорлогондо, саясий топтордун ортосунда талаш-тартыш күчөгөн учурда өзгөчө кыйын. Өмүрбек Чиркешович, сизге байланыштуу материалдарды кайра-кайра көрсөтүлүшүн өзүңүзгө албаңыз. Анткени биздин жаңы каналдын табияты ошондой, бир материал бир канча жолу кайталанат. Сиз үчүн атайлап кара ниеттик кылган жокпуз. Журналисттер материал даярдап жатканда мен отуруп алып редакциялабайм. Негизи ар биринин жоопкерчилиги бар. Сиз айткан нерселердин баарын албетте биз эске алабыз. Азыр барганда жаңылыкта иштеген кабарчылар менен сөзсүз сүйлөшөм. Канчалык деңгээлде жыйынтык болгон-болбогонун өзүңүздөр көрөсүздөр да. Өмүрбек Чиркешович жыйынтыгы болбой койбойт.

Анткен менен Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев Илим Карыпбековду объективдүү болууга чакырды. Кимдир бирөөнү жаманатты кылуу максатында эфирден Кадыржан Батыровдун улам-улам көрсөтүлүшүн сындады:

- Сөзсүз түрдө калыс, адилеттүү болушуңуз керек. Эгер Асан менен Үсөн чатакташса, бир гана Асан сүйлөбөшү керек, Үсөндүн да пикири айтылышы зарыл. Бирок муну басым катары карабаш керек. Эртең эч кимдин мүлкүн көрсөтпөшүбүз керек деген ой жаралбасын. Өмүрбек Чиркешович, эгерде сизди каралап максатыма жетем десе, анда Акаев менен Бакиев максатына жетпейт беле. Анда сиз кайра шайланып келбейт элеңиз да. Эл деген бар. Азыр эми элден маалыматты жашыра албайбыз. Чындык баары бир жетет. Бир жагдай – КТРК жикчил Кадыржан Батыровду кайра-кайра көрсөтүп жатат. Кайдагы качып жүргөн адамды кайта-кайта айтып эмне кылабыз? Биз от менен ойноп жатпайбызбы.

Бир жактуу маалыматтар айынан бир кезде КТР “кара жашик” аталып, элдик толкундоолорго негиз да болгон. Ошону эске алып коомдук канал куралы деген аракетибизди ишке ашыра албай жатабыз.
Садык Шернияз

Талкуу аягында Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешине айтылган дооматтарды териштирип чара көрүү тапшырмасы берилди. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шернияз мамлекеттик телерадио корпорациясынын коомдук каналга айланган таржымалына токтолду. Эгер бир жактуу маалымат таратуу саясатын улантса, кесепети оор болорун эскертти:

- Бир жактуу маалыматтар айынан бир кезде КТРК “кара жашик” аталып, элдик толкундоолорго негиз да болгон. Ошону эске алып коомдук канал куралы деген аракетибизди ишке ашыра албай жатабыз. Мына силер каралоо үчүн атайын даярдалган, чоң материал бердиңер. Ошол жерден алып баруучуңар жыйынтык чыгарып жатат, кабарчыларыңар ким кандай, эмне деп комментарий да берип жатат. Бул туура эмес. КТРК коомдук канал, элдик канал. Ал Атамбаевдики, же Текебаевдики боло албайт. Ал жеке бир адамдын каналы болуп кала турган болсо, анда биздин шорубуз.

Тынчтыкбек Чоротегин
Тынчтыкбек Чоротегин

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин аталган телеканалдын башчысы Илим Карыпбековго буга чейин материалдардын мазмуну боюнча эскертүү берилгенин эстеди, бирок ал сабак болбой жатканын белгиледи:

- Ушундай курч учурларда Илим Карыпбековдо эмнегедир саясий эрк жетпей жатат окшойт. Эми биз мындай кырдаалды буга чейин деле далай көргөнбүз да. Эгер ал өзүнүн саясий эркин көрсөтө албаса, анда кызматын сактап калуу үчүн мышык-чычкан ойногонго өтө баштайт. Анын зыяны жалпы коомдук каналга тийип жатат.

Илим Карыпбеков парламент комитетиндеги бул талкууну чып-чыргасын коротпой, кыскартпай Коомдук биринчи каналдан көрсөтүүгө да убада берди. Ага доомат айткандар мындан ары маалымат бир жактуу берилбейт дегенге ошондо гана ынана баштаса болорун айтышты.

Текебаев өз мүлкүн ачык көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:12 0:00

XS
SM
MD
LG