Линктер

Ар бир чыгарманын жаралыш тарыхы, аткарган миссиясы, көтөргөн жүгү, өз жашоосу жана тагдыры болот. Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” жаңы тарыхый романы былтыр абройлуу сыйлыкка арзып, андан да баалуусу окурмандар арасында кызыгуу жаратууда. Казак туугандар кошо келген бет ачарда профессорлор Жамгырбек Бөкөшов, Тынчтыкбек Чоротегин, адабиятчы Калык Ибраимов сыяктуу бир топ окумуштуулар, илимпоздор жогору баалап, батасын беришти. Ошол талкууда романды ар кайсы жагынан талдап, анын философиялык, тарыхый, чеберчилик жана башка өңүттөн пикирлерин билдиришти.

Арсландын китебин айылдагы жакшы санаалаш, бир аз окумал карапайым классташыма белекке берген элем. Окуса керек, таасирленген окшобойбу, китептин жакканын айтып, жакпаган жерин айтып, радиодон окуса, кино тартса сонун болорун кеп кылды. “Таң гөрү-ү, кино тартса же ыр кылып төксө жарашчудай, үн чыгарып келиштире окуса кулактын кычуусу кангыдай, керемет экен. Кара сөз болуп туруп ыр экен. Теледен окуйт элем, үнүм келишпейт, келиштирем десем да мени ким окутат, кайсы телевидениеси мени шоңшойтуп чыгармак эле, элеттик энөө эмне кылып жүрөт дебейби, жалаң жылдыздардын, кудай менен түз сүйлөшкөнсүп саймедиреген серепчилердин арасында” – деп тамаша-чынга сала пикирин билдирди. Айылдык окурмандын баасы, ою бул.

Мен да ошол бет ачардагы жана автор менен бирге кийин тарых факультетинин студенттери менен жолугушуудагы ойлорумду билдирүүнү эп көрүп турам.

Адабият айдыңына шашпай ат бастырып кирген Арлсан Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” романы карапайым окурмандарга тургай, тарыхчы окумуштууларга да азыраак белгилүү тарыхый окуяларга негизделет. ХVI кылымдын ортосунда, тагыраак айтканда, 1512-1525-жылдары Элбарс ханга кызмат өтөгөн насили ак сөөк окумуштуу Өтөмүш ажы ибн Маулан Мухаммед Дости жазып кеткен “Чынгыс-нааме” кол жазмасында Чыңгыз хандын урпактарынын бири-биринен так талашып, бак талашып, журт курап, кайра чачыратып жана чачырап, дөөлөткө ээлик кылып, кайра үрүп чыгаар ити жок бейырыс калып, эзели баш көтөргүс болуп мүңкүрөп, бирок ата-баба жолуна айланып түшүп, ээрге кайра минген, тизгин колго тийген окуялары баяндалат. Эси эңгиреп, куту качып, кушу колдон учуп, кырк жыл бою кул кейпин кийип калган кезде биротоло кулга айлантпай, тегин эсинен чыгарбай, тектүү ишке сүрөгөн, мөөрөп калбай, мөрөйгө жеткирген эрк-сезим, ал эрк-сезимди сабалап жүрүп урпактарга жеткирген улама, аны айныбай туйган жана аткара алган тукум тууралуу баяндалат. Хан Жучинин балдарын аёосуз эзген хандын жигити Исатайдын урпагы Теңиз-Буканын башы алынчудагы эпизоддо кырк жылдан бери ичте катылуу жүргөн сезим ата-арбак аркылуу идеяга айланып, ишке ашканы окуяга катышкан бектин туюму менен кыска, бирок жеткиликтүү берилет. Айтор баяндалышы кызык, баяндалган окуялар андан бетер кызык “Чынгыз-нааме” далай адамды толкундатат.

Кезегинде Өтөмүш ажынын бул кол жазмасын атактуу окумуштуу Вениамин Петрович Юдин 1967-жылы Ташкендеги Чыгыш таануу институтунда иштеп жүргөн кезинде үңүлө окуп чыгып, “Чынгыз-наамеде” көркөм чыгармаларга тема болгудай окуялар бар. Кезегинде жазуучулардын керемет чыгармаларына негиз болоор” деген экен. Андан бери “Чынгыз-нааме” тууралуу илимий изилдөөлөр абдан көп жазылды, айрыкча казак боордоштор жиликтеп, казак султандарын Жучи хандын кичүү аялдарынан төрөлгөн кайсы бир баласына алып барып такап, далай макала, китеп жазышты. Бирок илимпоз Юдин учкай кеп кылган көркөм чыгарманын кезеги кийин келип отурат.

1991-жылы Тарых факультетин жаңы аяктап, илимий иш менен Ташкендеги Чыгыш таануу институтунун кол жазма фондунан Арслан Койчиев В. Юдин баш сөз жазган “Чынгыз-наамени” окуйт. Юдиндин кириш макаласындагы келечектеги керемет чыгармалар тууралуу бир сүйлөмүнө катуу таасирленет. Чыгармачыл сезими ойгонот, дили козголот, ою байланат, кыялга жетеленет. Юдин жазгандан 50 жыл, Арслан Койчиев аны окугандан туура жыйырма үч жылдан соң роман жазылып, басмадан чыгып-чыкпай жатып адабий чөйрөдө оозго алынган, окурмандар арасында кызыгуу жараткан, бааланып жаткан жана дагы баасын алаар көркөм баяндын кыска тарыхы ушундай. Мен Арслан менен боз улан кезден моюндаш өскөн, ат жалын тартып мингени үзөъгүлөш жүргөн, алыс-жуукту бирге көргөн досу катары анын ушул романынын жана буга чейин жарыкка чыккан “Мисмилдирик” жана “Айта бар менин кебимди” эң сонун повесттеринин жазылыш тарыхын жакшы билгенимден улам өзүм жазып салгансып бекем айтып отурам. Автордун эки чыгармасы менен алар жазылып жатканда таанышуу озуйпасы мага туш келгендиктен айтып отурам.

Жогоруда айтылгандай, романдын бир сюжеттик линиясы тарыхый окуяларга негизделген. Чыңгыз хандын тун уулу хан Жучинин токолдорунан туулган 17 баласы Чыңгыз хандын тушунда эле Жучинин башка балдарына - Батый менен Эджен ханзаадаларга тең каралбай, кем каралып, ал балдардан тараган урпактарын өзүн хан атап алган Өзбек кырып, аман калганын кол алдындагы кыйат уруусунан чыккан Исатай бекке жыгып берет. Анын небереси Теңиз-Бука бек ошол Жучи журтун кырк жыл бою мазактап, көрбөгөн кордукту көрсөтүп, айрымдарын биротоло маңкурт кылып, соо калганын чогултуп, өзүнүн чоң атасы Кыйат Исатай Жир-Кутлуга Сыр-Дарыянын боюна күмбөз салдыртууга чектейт. Ошентип күмбөз салдырат. Ал күмбөз азыр да Кыйат Жир-Кутлу мавзолейи деген ат менен илимде кеңири белгилүү. Өзбек хандын тукуму Бердибек өлгөндө кулдукка жыгылган Жоочу тукумунун ичинен бирөөсүн - Кара-Ногойду хан шайлап, калганын ошо шайланган хандын турган буйругу менен мүлдө тукум курут кылып, акыры жеке өзү башкармакчы болот. Бирок Сайчы-уул деген эстүү чыкмасы (Бүкүр Кожо Акмат деген ат менен да тарыхта белгилүү - В.П. Юдин) Теңиз-Буканын бул оюн билип калып, Теңиз-Буканын өзүн тындым кылып, Жучинин кор болгон тукуму эсине келип, кегин алып, кайра бийликке жетет. Бул эпизод тарыхый изилдөөлөрдө көп айтылбайт. Өз тегин Чыңгыз ханга такагысы келгендер тарабынан да түшүнүктүү себептерден улам дээрлик кеп кылынбайт. Токолдон тараган тукум дайыма эле легитимдүү болгон эмес. Анын ата-текке жана журт башкаруу укугун жокко чыгаруу адаты көчмөндөрдө боло келген иш, прецеденттер толтура. Атасы бир: энеси башка урпактар маселеси ушул азыркыга чейин үй-бүлөлүк араздашуунун, мүлк талашуунун, ата намысын талашуунун, эл арасында статустун чиеленишкен талашынын предмети жана себеби болуп келүүдө. Бир атадан тараган хан тукумунун бири-бирине карата мамилеси, бийлик үчүн, намыс үчүн жан кыйган, кан төгүлгөн учу-кыйыры жок эзелки күрөшү, адамды арына келтирген, тегин таанытып, тегине шек келсе, эсесин берүү озуйпасын урпактарга дайындоо маселелери романда абдан сонун ачылган.

Романдагы Өгөдөй деген каарман кол башкарган колбашчылыгы тургай, баарынан ажырап, тили кесилсе да хүүрдө күү тартып, өткөн тарыхты, болмушту айтып, боло турган нерсени болжоп айтып, кыла турган ишти күү менен билдирет. Эки нерсени автор абдан бышыктаганы көрүнүп турат. Биринчиси – бул күүнүн мааниси, анын сыры жана сырын түшүнө билүү феномени. Күү менен сүйүнчүлөгөн, кабар угузган, жоктогон жана арманын айткан, арзуусун билдирген, акылын туюнткан, ишин дайындаган, керээзин калтырган. Романдагы буга байланыштуу эпизоддорго көңүл буралы.

Өгөдөй абышка күү менен Сайчы-уулга сырын айтып, Жучи уулу эмне үчүн, канткенде, качан азаптан кутула алат, теңирден бүткөн, кан менен кошо чуркаган укугуна кандайча ээ болот, ээ болбосо, эрки жетпесе эмне менен бүтөөрүн опоңой эле туюндурат. Бек дайындап, жеткире табыштайт Сайчы-уулга. Экинчиси - 19-кылымдын ортосунда социалисттик мамлекеттин жараны монгол киши социалисттик мамлекет куруп, коммунисттик аң-сезимге сугарылып жаткан өзбектерге келип, коммунистчил өлкөлөрдүн маданий күндөрү деген партиялык саясатка ылайык концерт берип жатканда адашып маданият үйүнө кирип калган казак Бактыгерей Избасаров анын хүүрдө черткен күүсүн илгиртпей түшүнөт. Жети кылым мурдагы тагдырлаштары, Өзбек хандын эмки тукуму калың өзбектердин көбү түшүнбөй, насили төрө тукуму экенин билген Бактыгерей аңдайт. Угуп отурган Бактыгерей Избасаров “Башын чулгай ачуу үшкүрдү. Ачуулуу үшкүрүндү. Ачууну үшкүрдү” деп сүрөттөлөт. Бул кооздук үчүн күчтөп кошулган жамак саптар, уйкаш сөздөр эмес, ар бири мааниге ээ психологиялык абалдын сүрөттөлүшү. Баш каармандын – насили төрө тукумунун, Жучинин кай бир баласынан тараган урпагынын ата-теги үчүн азап тарткандагы арманы, төрө болуп туруп темселеп калгандагы кейиши, жети атасынан бери журт башы, эл мыктысы болуп келип, эми минтип заман аласалганда кечээги букаралар атасын айдап жиберип, арзыган ашыгынын сүйүүсүнө канбай, өзү качып-бозуп, көрбөгөн тозогу, сынбаган шагы калбаган кезде түпкүрдө катылып жүргөн, канында жүргөн, жан менен кошо бүтүп, жандан кийин жанга жалгашып кете турган эрк-сезими ойгонуп үшкүрүп жатат.

Алыскы Монголиядан келген монгол хүүрчү анын кабыргасы, боордошу экенин туюп, ошентип кабыл алып, боорума барбасам төрөлүгүм кайсы деп сахнанын артына кирип барып ага жолугат. Бири-бирин түшүнүп, эзелки таанышындай эзилип божурашат. Күү менен сүйлөшүп, тил билбеген бечаралар тил табышып, илгертен бери кезикпей, эми учурашкан эки бир туугандай чер жазып баарлашат. Күүнүн сыры, маниси, анын гносеологиялык, символдук, идеологиялык жана адам менен коомдун аракетин жөндөө, багыттоо функцияларына байланыштуу чыгармалар кыргыз фольклорунда, поэзиясында кеңири тараган. Бул жагдай романда мыкты ачылган.

Андан ары. Өтөмүш ажы “Чынгыз-намени” калк ичиндеги билермандар, байыркыны жакшы билген кишилерден топтолгон баяндарды тактап, кайра-кайра текшерип, анализдеп отуруп жазганын белгилейт. Кол жазманы изилдеген Е. Каль, В.Бартольд жана В.П. Юдин уламыштардын, айрыкча казак элинин арасындагы уламыштарды “степная устная историография” деп аташып, алардын тарыхый булак катары маанисин баса белгилешкен. Ал тургай “эски сөз” деп илимий булактын категориясы катары ат да беришкен. Көчмөндөр үчүн эскилерден калган эски сөз, бабалардан калган байыркы уламыштардын маанисин автор чеберчилик менен берген. Арслан Койчиев бул романы жана буга чейинки эки повестиндеги ушул сыяктуу эпизоддор аркылуу тарыхый аң-сезимди калыптандырууда чоң роль ойногон “УЛАМА” институтунун маанисин ача алган. Ооба, “уламадан уккан сөз, улуулардан калган кеп, урпактарга насаат кеп” деп айтылат кыргыз эпосторунда. Улама – бул билимди муундан муунга берүүнүн туруктуу, ийкемдүү жана көчмөндөр үчүн эффективдүү жана феноменалдуу институту.

Арслан Койчиевдин романында дагы бир көркөм ыкма жакшы колдонулган. Сюжеттик линия үзүлбөй уланып, куюлушуп, күү сымал үндөшүп кете берет. Арбак аян берип жазып жаткан Бактиыгерей Избасаров токтогон жерден кол жазманы партиялык сынга алууга катуу киришкен партокумуштуу Абдуллаев окуп жатып улантып кетет. Элбасар хандын колу кырылчуда асман тиктеп, көктөн эгесин издеп, тээк болоор, багыт болорр Алтын казыкты тиктеген жерден анын урпагы Бактыгерей жаман тамдын астында отуруп тиктеп ойлору менен жуурулушуп, уланып кетет. Сюжеттик линия психологиялык-эмоционалдык жүрүшүнөн жазбай улам которулуп, окурман ой ыргагынан тайбай, тээ орто кылымдарда айгайлаган кармашта жүрүп, бир заматта бир кездеги жоокерлердин урпактары эми минтип соодагерге айланып, аларман талашкан Ташкен базарына оңой эле кирип келет. Менимче арбак, бакшынын образы көркөм каражат, адабий ыкма катары колдонулган.

Романда ошол доордогу монголдордун дүйнөгө көз карашынын урунттуу аспектилери жөнүндө маалымат камтылган. Чыгарманын башка бир персонажы, коммунисттик идеологияга сугарылган партиялык кызматкер, кол жазма институнун жетекчиси Абдуллаев “Чыңгыз хандын атылбай калган кийиктей тирүү калган урпактары көбөйүп, кайсы бир мезгилде хан тукуму экенин бетке кармап, “Чыңгыз хан эле Чыңгыз хан деп ураан чакырып, дагы бир ...измин ойлоп таап, коомубузга бүлүк салса кантебиз” деп түйшөлөт. Концептуалдуу бүтүндүккө ээ, нак ортосу монголдор болгон идеологиялык көрүнүштү кийинки изилдөөчүлөр олуттуу түрдө “чингизизм” аташат. Автор Чыңгыз хан доорундагы көчмөндөрдүн дүйнө таанымы тууралуу жөнөкөй эпизоддордо кыябын келтире маалымат берет. Мисалы, романда:

“Чыңгыз хандан берегирээк,

Токтомуш хандан арагыраак”

- деген сыяктуу эки сапты эки кайталап, көк Теңирден бүткөндүн баарысына эгедер Чыңгыз хан жана анын урпактары, ал тургай мезгил Чыңгыз хандан башталаарын туюндурган философема монголдордун дүйнө таанымында өзөктүү роль ойной турганын чагылдырат. Чыңгыз хан дүйнөнүн тиреги, анын жердеги эгеси. Айланкөчөк аткан ай-аалам Көктө Алтын казыкка байланып, ошонун ыгы менен, жерде Чыңгыз хандын тегерегинде айланып, баары ошонун амири менен болот. Бул олуттуу ишеним болгон. Дал ошондуктан анын арбагы “Бир караса калкагар тоону капталдап, Кангай-Тоону таянып, бир караса, аскарлуу тоону таянып, Ала-Тоону таянып, Алтай тоону таянып, бир караса чоң калаанын үстүндө калкып турат, бир караса жепирейген там үстүндө каалгып турат”. Бул сүрөттөмө башка да кызмат кылат. Кызматы ата-тек жөнүндө тынбай эстеткен эрк-сезим, автор айткан “жетесин унуткандарды күйүп карап, жетесин эстегендерди сүйүп карап” турган ата-арбактын аракеттенүү мейкиндиги. Ааламдын тиги бурчунан бу бурчугуна сызып учуп, урпактарын издеп, таап, таанып, аларга ата-тегин эске салып, ата-баба насилин эстетип туруу кызматын аткарат ушул улам кайталанган сүрөттөмө.

“Эмнени издейт, кимиси издейт, кимисин издейт” - деп суроо салат автор. Бул суроолорго кайта поэтикалык тил менен баяндалган келишкен эпизоддордо улам кайрылып жооп берет.

Инсандын, адамдын иденттүүлүк тууралуу түшүнүгү ар бир доордо өзүнчө мааниге ээ болот. Адам өзүн ар кандай жалпылыктарга, окшоштуктарга өзүн байлап, ошого баш ийет. Ал эми улуттук, же жалпылап айтканда этностук иденттүүлүк глобалдашкан заманда да фундаменталдуу жана актуалдуу категория бойдон калды. Ал тургай аныктооч фактор катары күчүнөн кайтканы жок. Кайтпайт дагы. Ата жолу адамдын жашоо жолу, анын негизги иденттүүлүгү катары сакталып кала бермеги анык. Советтик доордо кылымга чукул совет элинин жаңы улуттук жалпылык түзүү аракети ишке ашканы мындай турсун, расмий документтерде аты аталбай калган этносторго тээ капкаяктагы түпкү тегин эстетип, кол жазмаларда же уламыштарда гана калган ата жолун ураанга айлантты. Европадагы мультикультурализм концепциясы ойрон болду. Жан менен кошо бүткөн эрк-сезим, тек тууралуу түшүнүктүн кудурети күч окшобойбу, эгер ал ойгонсо, ойдо жашаса, адам бааласа. Бирок да өз тегин унутуп, ата жолунан чыккан учурлар улуттук катастрофага алып келээрин тарых нечен ирет далилдеген. Ырайымсыз далилдеген.

Ошентип, романдын өзөгүн түзгөн негизги концептуалдык идея – бул улутту улут кылган, элди эл кылган тарыхый эс-тутум, нарк-насил маселелеринин ар кандай заманда трансформациясы. Адамзат тарыхында чечүүчү роль ойногон, алигиче мүлдө дүйнөнү ойлонтуп келген Чыңгыз хан тууралуу баян башка чыгармалардан айырмаланып, этностук иденттүүлүк аспектисинде, бир кезде Европа менен Азиянын кең аймагында ат ойнотуп ээлик кылган тукумдун кийинки түркүн тагдыры тууралуу ой толгоолор чебер берилген. Автор жазгандай “Жети кылым артты карап, жети кылым алдыны карап”, кайран тукум кайда кетти, урпактары ким болду, кайда сиңди, кандай сиңди, кантип сиңди деп изденет бакшы образын кийген Чыңгыз хан. Бири мусулман, бири христиан, бир калаада, бири талаада, бир тоодо, бири ойдо бир атанын балдары. Урпактарынын эсине салайын дейт, эске алчу жарактуу киши таппай, эсине алганы устаранын мизинде оодарылган дүйнөдө алапайын таппай, тегин издеп алектенет. Бул жагдайдан караганда романдын көтөргөн идеялык-концептуалдык жүгү оор.

Арслан Койчиевдин жаңы романынын дагы бир жакшы жетишкендиги, баалуу жагы – бул стилистикалык чеберчилиги. Белгилүү эски түркологдор кыргыз тили поэтикалык тил деп аныктама беришкен. Автордун “Мисмилдирик”, “Айта бар менин кебимди” повесттери сыяктуу эле, бул романда да келишкен сүрөттөмөлөр, кайта-кайта тамшанып окуганга мажбурлаган керемет саптар арбын. Сөз билген, сөз баалаган окурманды чыныгы ырахатка бөлөйт. Жаш муундагы окуучулардын сөз байлыгын кадимкидей өстүрөт. Албетте, тил өзүнүн мыйзамы менен жашайт. Бирок советтик мезгилде идеологиялык коньнктуранын таасири, кийин кыргыздардын көбү адашып түшүнүп алган, маанисин өз бетинче бурмалап алган глобализация жана демократиялашуу мезгилинде окуяны, көрүнүштү, затты, кыймылды, сезим-туюмду, кырдаалды ж.б. даана туюнткан эзелки сөздөрдү жерип, модачыл билимсиздер каяктандыр жетелеп келген сөздөрдү төргө сүйрөп чыгарган заманда автордун чыгармалары ап-баракелде дегидей чоң олжо.

Тарыхчы Арслан Койчиевдин жаңы тарыхый романы “Бакшы менен Чыңгыз хан” кыргыз адабий мейкиндигине өктөм аралашып, окурмандарга интеллектуалдык азык берген мыкты чыгарма катары жашоосу узак болоор деген ишеничтебиз. А балким бул роман башка чыгармага шык, дем берээр, аны мезгил көрсөтөт.

Алмаз Кулматов

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG