Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Ала-Тоону байырлаган балкарлар


Чүй облусунун Ново-Покровка айылында турган Мишаевдердин үй-бүлөсү

Чүй облусунун Ново-Покровка айылында турган Мишаевдердин үй-бүлөсү

Кыргызстанда 1300гө жакын балкар бар. Сталиндин репрессиялык саясатынан улам 1944-жылы Кавказдан көчүрүлгөн бул эл Ала-Тоону өз мекени деп санап, келечегин ушул жерден көрүп калышкан.

Балкарлар Кавказдан келген башка элдердей эле каада-салттарга бай калк. Улуттук бий алардын маданиятынын маанилүү бөлүгү. Биздин кыргызстандык балкарлар менен таанышуубуз да дал ошол бий өнөрүнөн башталды.

Алийнат Мишаева жергиликтүү балкарлар сыймыктанган улутташтарынын бири. Ал арген үнү менен ырдайт, өзүнө жарашкан улуттук кооз көйнөктөрүн кийип алып, бийлеп да берет. Балкарлардын кайсыл бийи болбосун, алар сөзсүз түрдө карманган эрежелер бар.

Балкарлардын улуттук бийлери Кавказдан келген башка бийлерге окшош.

Балкарлардын улуттук бийлери Кавказдан келген башка бийлерге окшош.

- Эгер жигит эки колун өйдө көтөрүп бир айланса – ал кызды бийге чакырып атат. Кыз бийлегиси келсе ал да эки колун өйдө көтөрөт же жигиттин оң жагынан өтүп кетет, эгер каалосу жок болсо сол жагынан өтүп кетет. Албетте, жигит дагы аракет кылып көрсө болот, бирок бизде антпейт. Бийлеп атканда кыз менен жигиттин колу бири-бирине тийбеш керек, алар аралыкты сакташ керек. Кыз болсо дайыма жерди карап бийлейт, ал эми жигит болсо анын көзүн карайт. Эгер бийлеп атканда колдору тийип кетсе жаңжал болот, ал эми жигит кызды колу менен курчап алса – ага үйлөнөйүн дегенди билдирет. Бизде бир эле бий бар, ошол жакта жигит кыздын колуна тийсе болот, бирок кыздын колу жоолук менен оролгон болот, анан ошентип бийлешет.

Радиобаянды толугу менен бул жерден угуңуз




Балкарларда бий – бул жөн эле денени кыймылдатуу эмес. Мунун артында терең философия, эркек менен кыздын ортосундагы мамилени, сый-урматты көрсөткөн тил турат. Ушул түшүнүктү 2001-жылы “Къууанч” бий ансамблин ачкан, топтун жетекчиси Назби Бапинаев өзүнүн окуучуларына түшүндүрүп келатат.

- Негизи ар бир бийдин мазмунун түшүнүш керек, анткени бий – бул сөз жок тил. Ушул бий аркылуу эркек менен кыздын ортосунда мамиле түзүлөт. Эркек кызга колунун учун да тийгизбейт, анткени ал ошентип өзүнүн сыйын көрсөтүп атат. А бирок кыймыл-аракеттер аркылуу алар бири-бирине айта турган сөздөрүн билдирип, өзүнүн ички дүйнөсүн чогулгандарга айтат.

Кыргызстандык балкарлардын "Къууанч" ансамблинин жетекчиси Назби Бапинаев (солдо) балкарлардын аксакалы Кожомурат Ногайлиев менен.

Кыргызстандык балкарлардын "Къууанч" ансамблинин жетекчиси Назби Бапинаев (солдо) балкарлардын аксакалы Кожомурат Ногайлиев менен.

“Къууанч” бий ансамблинде жалпы эсеп менен 2000дей ар улутуу балдар-кыздар Кавказдын түрлүү бийлеринин сыры менен таанышып, концерттерде чеберчилигин көрсөтүп, жергиликтүү концерттерде алдыңкы орундарды жеңип келатышат.

“Къууанчта” жаштар достошуп, туугандай бири-бирин колдоп, кыз-жигит болуп бийлеп жүргөндөр атыгүл кийин баш кошуп жатышыптыр. Андай түгөйдөн бешөө бар деп ансамблдин жетекчиси Назби Бапиев мактанат:

- Мурун үлпөт тойлорунда жаштар мындай кесипкөй түрдө кавказдык бийлерди бийлегенди билбей, ар кандай улуттардын кыймыл-аракеттерин аралаштырып эле бийлеп атышкан. Албетте аларга эч ким айтып бербесе кандай туура бийлеш керек экендигин билбейт. Ошол үчүн 2001-жылы “Къууанч” ансамблин түзүп, жөн эле бийлебестен, биздин элдин маданиятынын ар кандай тармактарын өнүктүрөйүн дедим. Азыр жаштардын көбү келип, кызыгып билип атышат. А түгүл андан ары өнүгүп, өз алдынча кеткен беш-алты топ бар.

Бийлерден сырткары, Къуанч ырга шыгы барларды да колдоп турат. Алийнат Мишаева арген үнү менен орусча да, балкарча да бир-эки саптан төгүп жиберди.

Кавказдан Ала-Тоого

8-мартта балкарлар Кавказдан көчүрүлгөнүнө 69 жыл болот. “Минги тау” кабардин-балкар коомунун маалыматы боюнча, Сталиндин репрессиялык саясатынан улам 1944-жылы Кавказдан 37 миңге жакын балкар поезд менен Казакстанга көчүрүлгөн, андан кийин анын жарымы Кыргызстанга келген. Көчүрүлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар болду, эркектер согушта эле.

Жергиликтүү балкарлардын аксакалы, 78 жаштагы Кожомурат Ногайлиев ал күндөрдү жакшы билет, анткени көчүрүп атышканда 10 жашта болчу. Апасы менен жүк ташуучу поездге отургандан баштап 10 жылдан ашык башынан кечирген азапты дайыма көз жаш менен эстейт.

- Көчүрүүнү жүрөгүнө жакын кабыл алгандар поездде эле каза болуп атышты. 40 градустук суукта Казакстандын чөлүнөн өтүп, ушу Ново-Покровкага бизди алып келишкен. Эч нерсебиз жок. Кыйын заманды башыбыздан кечирдик. Бирок башка көчүрүлгөн элдер, араң жашап аткан орустар, кыргыздар бизге да жардам берип, болгону менен бөлүшүп атышты.

Кыргызстандагы кабардын-балкар "Минги-Тау" коомунун жетекчиси Башир Акаев.

Кыргызстандагы кабардын-балкар "Минги-Тау" коомунун жетекчиси Башир Акаев.

Ошол жылдары келген балкарлардын көбү Чүй облустарынын бир нече айылдарында отурукташкан. Азыр алар Ново-Покровка, Дмитриевка, Соржон айылдарында жана Бишкекте турушат. Андан сырткары Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир-эки үй-бүлө табылат.

Диаспора башчысы Башир Акаевдин айтымында, балкарлар көбүнчө мал жана жер менен шугулданып, азыр деле ошол тиричилигин улантып келатат.

- Балкарлар менен кыргыздардын тили окшош болгондуктан, чечен же ингуштарга караганда аларга жеңилирээк болду да. Алгач келгенде аларды элдин душманы деп кабыл албай койгон экен, бирок кийин аларды жакшы көрүп, достошуп калышты.

Балкарлардын тарыхый мекени – Орус Федерациясына кирген Кабардын-Балкар Республикасы. Ал Кавказдын тоолуу жеринде орун алган. Балкарлардын ата-бабалары азыр өздөрү деле тоого жакын жашап келаткандыктан аларды башкача дагы тоолуктар же орусча айтканда горцы деп коёт. Албетте бул алардын жашоо-тиричилигин мүнөздөп турат. Алар мал менен шугулданып, улуттук тамактары көбүнчө эт жана сүт азыктарына байланышкан.

Балкарлардын негизги тамагы - хычын. Ал ун, сыр жана картошка менен жасалат.

Балкарлардын негизги тамагы - хычын. Ал ун, сыр жана картошка менен жасалат.

Ново-Покровкада Люаза Мишаева бизди балкарлардын улуттук ашканасы менен тааныштырды.

- Менин колумда балкарлардын эң башкы тамагы – хычын. Ал каттама сыяктуу ун, сыр жана картошка менен жасалат. Бул бат даярдалат анан ток болосуң. Ошол үчүн ата-бабызда эң башкы тамак болуп калса керек. Андан сырткары биз силерге окшоп эт асабыз, айран даярдайбыз, сыр кылабыз. Хворост сыяктуу лөкүм дегенибиз бар. Биздин ата-бабаларыбыз көп эт жегендиктен, ал жакшы сиңиш үчүн артынан айран жутуп, же мындай тузлук деген приправа менен жешчү, анткени бул ден-соолукка пайдалуу, аш-казанды иштетет.

Ааламдашуу доорунда да балкарлар улуттук салттарын унутпаганга, сактап калууга аракеттенип турушат экен. Ново-Покровкада бизди коноктогон Мишаевдер үй-бүлөсүндө дасторкондо жалаң гана эркектер отурду, аялдар болсо тамакты алып, чайын куюп кайра кетип атышты.

Ново-Покровка айылынын балкар тургуну Люаза Мишаева (солдо) немис келини Валентина Мишаева жана небереси менен.

Ново-Покровка айылынын балкар тургуну Люаза Мишаева (солдо) немис келини Валентина Мишаева жана небереси менен.

Балкарлар өзү аз болгондуктан негизинен жыш отурукташып, кызды өз элинин балдарына эле бергенге умтулушат. Бирок сүйүү улут дегенди билбейт эмеспи. Алийнат Мишаеванын атасы Ибрагим Мишаев балкар болгону менен апасы Валентина Мишаева немис экен. Жоолук салынып, балкарлардай кийинип алган Валентина Мишаеваны немис деп айта албайсың.

- Биз бир үй-бүлө болгондуктан баарыбыз бир болушубуз керек. Мен балкарлардын бардык каада-салттарын аткарам жана өзүмдүн балдарыма да сиңирип жатат. Мен өзүмдүн күйөөмдү сүйөм, өз ниетим менен исламды кабыл алдым. Эгер коноктор келсе мен аларды жакшы тосуп алып, курсактарын тойгузуп, жакшы узатышым керек. Мен ушуга көнүп калдым. Мисалы, немистерде кичине башкача. А мен башкача жашай албайм жана ушуга бактылуумун. Балкарлардын арасында жүрөм, жардам берип коюп. Ким мени билбесе ал балкар эмес деп айта албайт. Балкарлардын арасында көп жүрүп аларга окшошуп калсам керек.

Тасмада: Балкар улуттук даамы


Ал эми күйөөсү Ибрагим Мишаев болсо өзүнүн негизги жумушунан сырткары спорт клубун ачып, ар улуттагы жаштарды күрөш чеберчилиги аркылуу бириктирип, достоштуруп келатат. Ал клубга балкар, уйгур, кыргыз, орус, жөөт жана грек балдар да барып турушат экен. Мишаевдин айтымында, ар бир спорттун артында өзүнүн философиясы бар жана ошол философияны жаштарга жеткирип туруш керек, анткени алар жөн эле уруп-соккулоого эмес, спорт өнөрү аркылуу ынтымактуу болууга үйрөтүп турат.

Балкарлардын ата-бабалары илгери бутпарас жана христиан болгону менен азыр алар ислам осуяттарын катуу карманган элдердин бири.

Балкарлардын ата-бабалары илгери бутпарас жана христиан болгону менен азыр алар ислам осуяттарын катуу карманган элдердин бири.

- Тартип – бул ийгиликтин башаты. Биздин клубубузда ар улуттун балдары бар жана аларды мен бириктирүүгө аракеттенем. Маанилүү эмес – сен кыргызсыңбы, балкарсыңбы же оруссуңбу. Сен адам болушуң керек. Бири-бириңерди сыйлап, урматтап, колдоп, эч кандай бөлүнүү болбош керек. Бирөөнүн саясатынын артынан чуркап жаңжалга киришпей, достошуп жүрүш керек. Ошол кээ бир адамдар жаштардын башын айлантып, тескери жолго салып атышпайбы. А менин балдарым болсо тетирисинче ошондой жаңжалдарды жөнгө салып, өзүлөрүнүн арасында тартипке чакырып турат. Өлкөбүз ушундай акыбалда турганда биз ойлонуп, кайра өнүгүүгө аракеттенишибиз керек да.

Кыргызстанда балкарлар жеке эле спорт, айыл чарба иштери, ишкердик менен алектенбейт. Маданият ишмерлери, мугалим, доктурлар да бар. Сталин каза болгондон кийин анын репрессиялык саясатынан курман болгон элдерге кайра Ата Мекенине кайтууга 1957-жылы уруксат берилгенде балкарлардын көбү киндик каны тамган жерине кайткан. Ал эми Ала-Тоодой жаңы мекенин жердеп калгандар кыргызстандыктар менен жашоо-тиричиликтин ысык-суугун бирге тартып, өмүр сүрүп келатышат.

Балкар улуттук кийими

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG