Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Жергиликтүү шайлоо: таймаш курч өтчүдөй


Бишкек шаардык кеңешинин азыркы депутаттары.
Бишкек шаардык кеңешинин азыркы депутаттары.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери башталуу алдында. Өзгөчө Бишкек шаар кеңеши үчүн таймаш күчтүү болоору күтүлүүдө.

25-ноябрда Кыргызстан боюнча 25 шаар жана 416 айылдык кеңештерге шайлоо өтөт. Учурда добуш берүү өтө турган 2028 участкалык комиссияларда шайлоочулардын тизмелери илинди. Ошондой эле үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө укук алган маалымат каражаттары аныкталды. БШКнын маалыматы боюнча, үгүт ишин 91 маалымат каражаты жүргүзөт. Үгүт өнөктүгү болсо 26-октябрдан башталып, добуш берүүгө бир күн калганга чейин созулат.

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова учурда шайлоого даярдык толук жүрүп жатканын билдирди:

- Эми даярдыктар бар. Шаарларда участкалык комиссиялар ачылып жатат. Азыркы кезде айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Ал 26-октябрда кечинде бүтөт.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдун билдирүүсүнө караганда, шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн 23 саясий партия документтерин тапшырган. 24-октябрга карай алардын 13ү катталды. Катталган партиялар ичинде КСДП, “Ата-Журт”, “Мекен ынтымагы”, “Столица”, “Ак шумкар”, “Замандаш-Современник”, “Ар-намыс”, “Тоскоолдуксуз жашоо” жана башка партиялар бар. Калган партиялар документтерин тапшыруусуна дагы бир күн убакыт бар.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо бул ирет өзгөчө болот. Анткени ал чыныгы атаандашуу менен өтмөкчү. Жаз айында мисал иретинде Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңештерине өткөрүлгөн шайлоо аны тастыктап турат. Жазгы шайлоодо бийликтеги партиялар жеңилүү ызасын катуу тарткан. Ошондуктан алар бул ирет абдан катуу даярданып, өзгөчө борборго көп көңүл бурууда.

Ар бир партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо алга сүйрөй турган талапкерлерди тизме башына койгон. Маселен, “Ар-намыстын” тизмесин Өмүрбек Суваналиев, Социал-демократиялык партиянын тизмесин Канат Аманкулов, “Республиканы” мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, “Ата Мекендин” тизмесин Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев жетектейт. “Ата-Журт” партиясы жаштарга басым жасаганы айтылууда. Андан сырткары борбордогу интеллектуал жана ишкер жаштар өздөрүнүн “Тоскоолдуксуз жашоо” аттуу партиясы менен ат салышууда.

Тизмедеги талапкерлердин арасында Жогорку Кеңеш депутаттары да бар экени суроолорду пайда кылууда. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов бул жагдайды мындайча чечмеледи:

- Эгерде шайланып келсе, үч күндүн ичинде тандоосун жүргүзүш керек. Же жергиликтүү кеңештин, же Жогорку Кеңештин депутаты бойдон калам деген чечимди кабыл алыш керек.

“Ата Мекенден” Жоомарт Сапарбаев эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко да ордо калаа кеңеши үчүн ат салышууда.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанган партиялардын активдүүлүгүн териштиргенде дээрлик бардык кеңештерге талапкерлерин алып чыккан Кыргызстан социал-демократиялык партиясы экени байкалат. Андан сырткары “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары да өлкөнүн бардык региондорунан жана айылдык кеңештеринен талапкерлерин алып чыккан.

Бишкек шаардык кеңешине 45 депутат шайланат. Депутаттык мандатка ээ болуш үчүн партия шайлоого катышкан шайлоочулардын кеминде 7% добушун алыш керек. Башкача айтканда, ордо калаанын кеңешине өтүү үчүн 7% тоскоолдук коюлган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG