Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Туйгуналы Абдраимов журналисттерге шайлоо боюнча маалымат берди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо уткандар боюнча алдын ала маалымат төмөнкүдөй:

Караколдо алдыда "Табылга", КСДП, "Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", "Өнүгүү".

Балыкчыда "Замандаш", "Кыргызстан", "Республика Ата Журт", КСДП, "Өнүгүү",

Кемин шаарында КСДП, "Республика Ата-Журт", "Замандаш", "Өнүгүү", "Улуу Кыргызстан",

Токмокто КСДП, "Кыргызстан", "АК", "Республика Ата-Журт",

Ошто КСДП, "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", "Бир Бол", "Өнүгүү".

Добуштарды эсептөө уланууда.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

Шайлоо 6 шаар жана 21 айыл өкмөтүндө өттү.

Алардын ичинен кезектеги шайлоо Ош, Каракол шаардык кеңештеринде жана 11 айылдык кеңеште, ал эми кезексиз шайлоо Токмок, Майлуу-Суу шаарларында, Коңур-Дөбө, Сары-Колот, Көк-Бел айыл кеңештеринде өттү.

Булардан тышкары мөөнөтү 25-мартта бүтүп жаткандыгына байланыштуу шайлоо өткөн аймактардын катарында Балыкчы, Кемин шаардык, Авлетим, Оргочор, Арашан, Милянфан, Будалык айылдык кеңештер бар. Бул шайлоого талапкер катары 24 саясий партия катышты.

Ош шаарындагы шайлоо

Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орунга 13 партиядан миңден ашык талапкер ат салышты. Добуш берүү шаардагы 73 шайлоо участогунда өттү.

​Шайлоонун жүрүшүнө партиялардан сунушталган байкоочулардан сырткары "Таза шайлоо" коомунан 40 байкоочу көз салды. Добуш берүүчүлөрдү 352 кызматкер тейледи.

Добуш бере албай калгандар

Жергиликтүү шайлоо маалында биометрикалык каттоодон улам добуш бере албай калгандар боюнча көрсөткүч 0,15% болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин айтымында, болжол менен ар бир 2000 шайлоочунун үчөө боюнча тизмеде бар, бирок бармак изин идентификациялоодо маселе жаралды.

Буга чейин маалымдалгандай, добуш берүү маалында биометрикалык каттоо боюнча шайлоочуну аныктоо, тизмелерге байланыштуу проблемалар чыккан.

Мыйзам бузуулар

Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу аракеттери орун алганын бышыктады. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мындай фактылар такталып, аныкталса чара көрүлөрүн эскертти. Добуш топтоодо ыплас ыкмаларды колдонгон партиялар мандат алуу укугунан ажырай турганын, бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелерин айтты.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айнура Усупбекова бүгүнкү шайлоодо добуш сатып алуу аракеттери болгонун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш Ош менен Токмок шаарларында көп катталды.

Аталган уюм Оштогу добуш сатып алуу фактысы боюнча прокуратурага арыз берди. Усупбекова Токмок шаарында айрым шайлоо участокторунда байкоочулардын коопсуздугуна коркунуч келген учурлар да болгонун кошумчалады.

Ошондой эле “Таза шайлоо” уюмунун өкүлү Элвира Икрамованын “Азаттыкка” билдиришинче, Ош шаарында бүгүн добуш берүү маалында шайлоо участокторунун сыртында колдоруна тизме кармаган айрым адамдар шайлоочуларды көзөмөлдөп жаткан аракеттер болду. Бул боюнча уюмдун өкүлдөрү шайлоо комиссияларына кайрылып, чара көрүлүшү зарылдыгын айткан. Бирок жыйынтык болгон эмес.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Ошто өткөн пресс-конференцияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо былтыркы парламенттик жараянга караганда бир топ жогору деңгээлде өткөнүн, күзгү шайлоого даярдык мындан да жакшы болорун айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG