Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Жаңы шайланган бир катар шаардык кеңештердин депутаттары коалицияга биригип, ишин баштаса, айрымдарында алгачкы сессиядан чыр чыкты.

27-декабрда мандаттарын алган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жума күнү алгачкы сессияга чогулат.

45 мандаттуу Бишкек шаардык кеңешине төрт партия: КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” партиялары келди.

Бишкек шаарында коалиция түзүлдү

21 мандат алган Социал-демократтар 6 депутатка ээ болгон “Замандаш-Современник” партиясы менен биргелешип, көпчүлүк коалицияны түзүү келишимине кол коюшту. КСДПнын борбор калаадагы фракция жетекчиси, буга чейинки шаардык кеңештин төрагасы Аманбай Кайыповдун айтымында, “Замандаш-Современник” менен биригүүгө көз караштардын жакындыгы себеп болгон.

- “Замандаш” менен КСДПнын программасы, идеясы жана башка багыттары окшош. Алгачкы жыйында уюштуруу иштери каралат. Шаардык кеңештин төрагасы шайланат. Ошондой эле шаардык кеңештин түзүмү, регламенти, комитеттери каралат.

Буга чейин Жогорку Кеңештегидей эле “Ата Мекен” партиясы да Бишкек шаарында башкаруучу көпчүлүккө кирет деп күтүлүп жаткан. “Ата Мекендин” шаардык кеңештеги фракция башчысы Союзбек Салиев көпчүлүк коалицияга кирип калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Ал биринчи сессияны депутаттар борбор калаадагы электр энергия, жылуулук жана жол маселелерин талкуулоо менен баштайт деген үмүттө.

- Биринчи жыйынды отун-суу комплекси кандай иштеп жатат, жылуулук кандай берилип жатат деген маселеден баштайбыз.

Ал эми шаардык кеңеште 11 мандатка ээ болгон “Республика” партиясынын депутаты Мирлан Жээнчороев фракция туруктуу жана сынчыл позицияны кармана турганын айтууда.

- Биздин өзгөчө позициябыз жана шаарды өнүктүрүү боюнча программабыз бар. Ошолорду ишке ашыруу менен алек болобуз.

Коалиция талашка себепчи болду

Ал эми Жалал-Абад шаарында коалиция түзүүдө талаш чыкты. 31 мандаттуу Жалал-Абадда шаардык кеңешке үч партия: КСДП, “Ата Журт” жана “Өнүгүү” партиялары өткөн.

“Өнүгүү” партиясынын өкүлү Манас Абдыллабек уулунун айтымында, шаарда аталган партия 15 мандатка ээ болгон. Буларга “Ата Журт” партиясынын бир депутаты кирүүгө убада кылып, башкаруучу коалицияны түзүүгө шерттешкен экен. “Мындан чочулаган “Ата Журт” жана Социал-демократтар партиялары шаршемби күнү болгон алгачкы жыйынга "Өнүгүү" партиясын чакырбастан, коалиция түзүп, шаардык кеңештин төрагасын да шайлап алышты” дейт Манас Абдыллабек уулу. “Өнүгүү” партиясы алгачкы сессиянын мыйзамдуулугунан шек санап, сотко кайрылды.

- “Ата Журт” партиясы оппозицияда болсо, КСДП менен биригүү акылга сыйбаган нерсе деп, бир депутат бизге кошулган. “Ата Журттун” депутатын кошуп, 16 мандат менен башкаруучу көпчүлүктү түзүп, келишимге кол койгонбуз. Берки эки партия бизди чакырбай эле сессияга чогулушуптур. Биз азыр сотко да кайрылдык. Сотко 16 депутат башкаруучу көпчүлүктү түзгөнүбүздү тастыктаган документтерди да тапшырдык. Сот үч күндө бизге жообун бериш керек.

Бирок КСДП менен башкаруучу көпчүлүктү түзгөн “Ата Журт” партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору Жеңишбек Токторбаев дооматтарды четке какты.

- Аларды чакырсак, өздөрү катышпай койду, "каршылык билдиребиз" деп. Сессияны баштоого кворум болгон, 16 депутат катышкан. Коалицияга “Ата Журт” менен Социал-демократтар бирикти. Бул биз үчүн да, Социал-демократтар үчүн да эң ыңгайлуу жол болду. Социал-демократтар деле биздин балдар, Жалал-Абаддын балдары.

Талас шаардык кеңештин депутаттары да алгачкы сессияга чогулушту. 31 мандаттуу шаардык кеңешке беш партия өтүп, “Республика” партиясынан тышкары төрт партия 16 мандат менен “Реформа” аттуу башкаруучу көпчүлүктү түзүшкөн болчу. Бирок биринчи сессиядагы жашыруун добуш берүүдө коалицияга кирбеген “Республика” сунуштаган талапкер 16 добуш менен төрага болуп шайланып, кызык кырдаал түзүлдү.

Ушул тапта шаардык кеңештин депутаттары башка шаарларда да мандаттарын ала баштады.

25-декабрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG