Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Ала-Тоодогу поляктар: аз, бирок саз


Кыргызстанда 350дөй поляк калды. Алар Бишкек менен Чүй облусунда турат.

Кыргызстанда 350дөй поляк калды. Алар Бишкек менен Чүй облусунда турат.

Соңку расмий маалыматка караганда, өлкөдө 350гө жакын поляк жашайт. Ала-Тоо жерине поляктын буту алгач XIII кылымда аттады деп саналса, XIX кылымдын экинчи бөлүгүнөн баштап алар бул жерде отурукташа башташкан.

1941-жылы фашисттик Германиянын армиясы Украинага киргенде түндүк-батыштагы Житомир облусунда жашаган поляк үй-бүлө гитлерчилер басып алган Польшага көчүрүлөт.

1945-жылга чейин бул үй-бүлө Варшаванын алдында турат, андан кийин совет солдаттары “Украинадагы үйүңөргө жөнөгүлө” деп башкалар менен кошо поездге отургузушат.

Ошентип 5 жаштагы Станислава Коновалова атасы, апасы жана эжеси болуп Житомирге сапар алат.

Станислава Коновалова Беловодское айылында турат.

Станислава Коновалова Беловодское айылында турат.

- Бизди мал ташыган муздак эшелонго отургузушту. Мен ооруп калдым, бирок баарыбыз “үйгө кеттик” деп жылдык. Жол узак болду: кетип баратабыз, кетип баратабыз... Кээде токтогондо ар бир үй-бүлө колунда эмне болсо, ошодон тамак даярдап, курсакты тойгузуп, жолубузду уланта бердик. Ошентип жеттик, поезден чыгарды. Чыксак – теребел чөл. Аягы көрүнбөйт. Көрсө, биз Карагандага келип калган экенбиз.

Макаланын аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Станислава Коновалованын үй-бүлөсү Шакай станциясындагы 24 айылга жеткирилип, апасы, атасы жана тогуз жаштагы эжеси каттоого алынып, ай сайын комендатурага келип турууга милдеттендирилет.

Поляк диаспора ар кандай курстарды жана маданий иш-чараларды тез-тез уюштуруп турат.

Поляк диаспора ар кандай курстарды жана маданий иш-чараларды тез-тез уюштуруп турат.

- Биз кичинекей үй сатып алдык. Аны толугу менен оңдоп чыгыш керек эле. Атам менен апам болсо түнгө чейин жумушта. Биз экөөбүз болсо – кенедей болгон кыздар – ылай чылай баштадык. Эжем үстүндө куруп аткан, мен болсо чакалап ылай ташыдым. Беш жаштамын, чака оор, тепкич менен өйдө чыгыш керек, кыйналып жүдөдүм. Эжем болсо: “Сен эмне, чаканы көтөрө албайсыңбы?” деп урушат. Ошентип куруп аттык.

Биз чечендердин арасында жашадык. Чечендер, ингуштар абдан көп болчу. Биз дайыма акырын, эч кимге эч нерсе сүйлөбөй жашаганыбыз эсимде. Мектепте бизди баары шылдыңдап, басмырлачу.

Поляктардын Ала-Тоого жолу

1953-жылы Иосиф Сталин каза болгондон кийин Казакстанга күч менен көчүрүлгөн элдер, алардын ичинде поляктар да эркиндик алып, каалаганы киндик каны тамган жерине кайтса, бир даары ооп келген жеринде калып, дагы бирлери СССРдин кең мейкиндигине чачырап кетти.

Ошондо поляктардын бир бөлүгү Казакстандын түштүк коңшусу Кыргызстанга бет алган экен. Алардын арасында Станислава Коновалова да болду. Анын тагдырына дагы кайрылабыз.

Кыргызстандагы поляктар диаспорасынын башчысы Зенона Слензак-Бегалиеванын айтымында, Ала-Тоого поляктар үч толкун менен ооп келген.

"Одродзение" поляк борборунун жетекчиси Зенона Слензак-Бегалиева

"Одродзение" поляк борборунун жетекчиси Зенона Слензак-Бегалиева

Алгач Польша Орус империясынын курамынан чыгам деп, боштондук күрөшкөн XIX кылымдын экинчи бөлүгүндө козголоңчу поляктар Орто Азияга сүргүнгө айдалган, андан кийин 1930 жана 1941-жылдары Казакстанга күч менен көчүрүлгөндөрдүн бир даары 1950-жылдары өз ыктыяры менен Кыргыз жерине ооп келишкен. Үчүнчү толкун болсо окуганы, иштегени келгендер, нике буйрук болуп, турмушка чыгып калып калгандар.

- Поляктар бул жерде ар кандай тармактарда өз салымын кошуп жана азыр деле эмгектенип келатышат. Алардын арасында геологдор, метеорологдор, куруучулар, токой чарбасында иштегендер бар. Көптөрү Чүй облусунун айылдарында жашагандыктан айыл чарба менен алек, бирок мектепте жана университетте эмгектенген мугалимдерибиз да бар.

Ал эми биздин каарманыбыз Станислава Коновалова болсо жогоруда айталгандай, нике кайып менен Казакстанда кыргызстандык аскер менен таанышып, 1959-жылы аны менен Чүй облусундагы Беловодское айылына келген. Күйөөсү экөө жергиликтүү РЭСте өмүр бою иштеп, азыр ардактуу пенсияда.

Поляк тилин үйрөнүп жаткан Руслан

Поляк тилин үйрөнүп жаткан Руслан

- Мени бул жерде эч ким таарынткан жок. Келгенде дароо эле досторум толуп кетти. Азыр тегеректеги кошуналардын баары кыргыздар. Бул кошунам нан жасаганда дайыма мага чуркап келип нанын берет, тигиниси болсо тамакка, чайга чакырат. Баары эле "Станислава апа, келиңиз, кириңиз" дешет. Айтор сыйлап турушат.

Расмий маалыматка караганда, 1989-жылы Кыргызстанда 1300гө жакын поляк жашаса, 2009-жылы болгону 350сү катталган. Совет доору урагандан кийин поляктардын бир бөлүгү Польшага сапар алса, башкалары Орусияга ооп кетиптир.

Станислава Коновалованын баласы менен кызы эч жакка кетпей, бул жерде үй-бүлө күтүп, ата-энесинин кашында турушат экен. Поляктар Кыргызстанда жыш отурукташпагандыктан, Станислава апа поляктардан Беловодское айылында болгону өзүнүн эжеси Елена Коновалова жана курбусу Владислава Чепурная менен кез-кез чайлашып дегендей эрмектешип калышат.

Поляк маданияты жанданып баратат

Айтор, улуттук бөтөнчөлүктөрүн унутпаганга аракеттенип, католик болгондон кийин поляктар Рождестводо өз тилинде табынып турушат экен.

Бирок, поляктардын диаспорасынын башчысы Зенона Слензак-Бегалиеванын айтымында, жергиликтүү поляктардын көбү өз тилин жана ата салттарын билбейт же унутуп баратат, анткени көбүнчө орустар менен аралашып, сиңишип отуруп, көбү акырындан орусташып кеткен.

Диаспора поляк жана орус тилдеринде айлык журналды басып турат.

Диаспора поляк жана орус тилдеринде айлык журналды басып турат.

Бирок кан тартат дейт эмеспи, анын сыңары бул кенемтени толтуруу үчүн диаспора “Одродзение” деген борбордо поляктардын маданиятына кызыккандар үчүн ар кандай курстарды жана иш-чараларды уюштуруп, бир айда бир жолу “Полония” деген журнал жана “Биринчи радиодо” ар жекшемби сайын 15 мүнөттүк радиоберүү обого чыгып турат.

Ал эми поляк тилин үйрөнөйүн дегендер үчүн 24-мектепте окуучулар үчүн сабактар, Бишкектин үч университетинде поляк филологиясынын бөлүмү жана диаспорада бекер курстар бар.

Поляк диаспорасынын активдүү катышуучулары жыл сайын Польша өкмөтүнүн эсебинен Варшава жана башка шаарларга окууга, стажировкага жана эс алууга барып турат. Алардын арасында поляктардан сырткары башка улут өкүлдөрү да аз эмес.

Дүйнөдөгү 60 миллион поляктын 350сү гана Кыргызстанда жашаса да, биздин өлкөдө бул чыгыш европалык элдин маданиятына жана тилине кызыккандардын, Польшага ары-бери каттап, байланыш кармап аткандардын саны артып бараткандай. Бул да болсо кыргыз жергесинде көп түрдүү маданияттардын терең катмарланышынан кабар берет эмеспи.
XS
SM
MD
LG