Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

"Шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө жаңы саясий күчтөрдүн жергиликтүү кеңештерге келишине тоскоолдук түзгөн жагдайлар камтылгандыгы сынга алынууда.

Ошондой эле коомдук активисттер жана жаш саясатчылар жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтү одоно бузулду деп коңгуроо кагышты.

Мындан мурунку жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2008-жылдын 5-октябрында өткөн. Шайлоо кодексиндеги шайлоолорду өз убагында өткөрүүнүн тартибине ылайык, кезектеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2012-жылдын 5-октябрына белгилениш керек болчу. Бирок парламент жакында мыйзамга киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоонун мөөнөтү 30-ноябрга жылдырылган.

“Эркин Эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков муну менен парламенттеги саясий күчтөр өздөрүнө ыңгайлуу шартты камсыздап жатат деп айыптады:

- 5-октябрь 2012-жылы өтө турган шайлоону булар бурмалап, 30-октябрга жылдырып жатканынын себеби бар. Бул жерде мына ушул убакыттык маселе орчунду маселени чечет. Анткени парламентттеги башкаруучу партиялар бардыгын басып алуууга аракет кылышууда. Өздөрүнө атаандаштарды жакын жолоткусу келбейт.

Бирок буга Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев макул эмес. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтүн атайын мыйзам менен чектөөдө анын мезгилдүүлүгүн сактоо чарасы тууралуу талап жок. Мына ошондуктан Өмүрбек Текебаев бул жерде кандайдыр бир саясий кызыкчылыкты көздөө менен шайлоонун мөөнөтү аныкталды дегенге негиз жок деп эсептейт:

- Ооба, биз шайлоонун мөөнөтүн бир айга узартып койдук. Жергиликтүү шайлоонун мөөнөтү Баш мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Андыктан ал атайын мыйзам менен гана аныкталат.

Ошол эле кезде жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу жаңы эрежелер деген аталыштагы коомдук активисттердин талкуусунда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр сынга алынды. Анда жети пайыздык босого сыяктуу чектөөнүн киргизилиши жаңыдан чыгып келаткан саясий күчтөрдүн шайлоодон утуп чыгышына каршы коюлган чара катары бааланды.

Мындай өзгөртүүлөр шайлоо системасын өркүндөтүүгө эмес, саясий атаандаштыкты чектөөгө багыталган деп баалады “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова:

- Бул өзгөрүүлөр чынында эле шайлоо системасын өзгөртүүгө багытталат деп ойлогонбуз. Бирок мунун бардыгы саясий мүнөздө болуп жатканы бизди таң калдырып жатат. Мына ошол жети пайыздык босогонун киргизилиши эле көп нерседен каңкуулайт.

Бирок мындай дооматтарды аталган мыйзамдын авторлору четке кагышат. Анткени алар өлкө партиялык негизде элдик өкүлчүлүктү түзүүгө киришкенден кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоого барууда партиялардын ирилешүүсү үчүн жети пайыздык босого натыйжалуу экендигин мисал келтиришти.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бегматов буларды билдирди:

- Мында саясий атаандаштык эле эмес, партиялардын татыктуусу көп орунду алып, келиши керек. Ал үчүн шайлоочулардын көпчүлүк добушун алууга жөндөмдүү партиялар гана келүүгө тийиш. Өзүн мына ошол жети пайыздык тоскоолдуктан өтүүгө кудурети бар партиялар гана дымагын көрсөтүп, мандат алышы керек.

Быйыл 30-ноябрда төрт жүздөн ашуун айыл аймактарында жана ондогон шаарларда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо өткөрүлөт. Анын ичинен ири саясий күчтөр Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катуу даярданып жатышканын жарыялашкан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG