Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Мамлекеттик органдар элге жакындоого мажбур


Кыргызстандагы мамлекеттик, муниципалдык жана башка бийлик мекемелери мындан ары жарандардын бардык мазмундагы жана багыттагы кайрылууларына үч күндүн ичинде жооп беришет. Ага негиз берген мыйзам күчүнө кирип, бир мекемеден экинчи мекемеге куру бекер кат жазышууларды токтотуп, жарандардын арыздарын чечпей тил эмизген аткаминерлерди жоопко тартууга да жол ачты.

Мыйзамды аткарууга мамлекеттик жана башка бийлик мекемелеринин кызматкерлери даярбы? Талапты аткарбаган атка минерлерди кандай жаза күтөт? Карапайым адам укугун коргоп, мыйзамдуу талаптарын айтып ачык чыга алабы?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Талкууга адвокат Айжан Кадырова, Мамлекеттик кадр кызматынын жетектөөчү адиси Медер Исраилов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси Нурлан Асанбеков жана Техникалык кызматташтык боюнча немис коомунун улуттук координатору Рустам Мадалиев катышты.

“Азаттык”: Рустам мырза, ушул жылдын 19-майынан “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул мыйзам мамлекеттик бардык бийлик органдары жарандардын кайрылуусун бир кишидей кабыл алып, бир кишидей тез жооп берүүгө милдеттендирет, туурабы? Демек, мамлекеттик мекемелердин иш ыргагы эми тездейт жана элдин да ишенимин көбөйтөт деп ишене алабызбы?

Рустам Мадалиев: Жаңы мыйзам мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бирдей тартипти киргизет. Ар бир орган үч жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн кайрылууга жооп кайтарууга милдеттүү. Бирок, берилген арыз боюнча маселе 30 күндүн ичинде толук чечилип, аягына чыгышы зарыл. Андан кечиктирилсе тиешелүү мекеме айып тартат.

“Азаттык”: Айжан айым, адвокат катары айтсаңыз, мен өзүм жакында эле юридикалык жактын күбөлүгүн алмаштырам деп, туура эки ай убакыт короттум. Туура эмес жерин так көрсөтүп берген кызматкер болгон жок. Бир барган жериме 2-3 жолу барууга туура келди. Демек, мамлекеттик орган кызматкери бул мыйзамды билбейт же аткарган жок. Эми ушундай учурда кандай аракет көрүшүм керек?

Айжан Кадырова: Жаңы мыйзамда мамлекеттик ишмердиктин бардык органдар аткарууга милдеттүү болгон принциптери киргизилген. Алардын бири мыйзамдын 6-беренесинде жазылган. Анда формалдык талаптарды кыянаттык менен пайдаланууга тыюу салынат. Тигил же бул административдик орган бир ишти бүткөрүү үчүн жаранды убарага салууга укугу жок. Алар 30 күндүн ичинде буйрук чыгарып, кайрылууну аткарууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Маселен, сизге керектүү кагаздарды кандай толтуруп, кайсы жакка берүү керектигин үйрөтүүгө милдеттүү болчу.

“Азаттык”: Медер мырза, ушул мыйзамдын негизинде жарандын ар бир арызын туура эмес болсо да кабыл алууга, катасын оңдоого жана ал органга тиешеси жок жооптуусуна өзү жеткирип берүүгө милдеттүү болот. Кыргызстандагы 17 миң мамлекеттик кызматкер мындай талапты аткарууга даярбы?

Медер Исраилов: Мыйзамда каралган соң мамлекеттик кызматкерлер аларды аткарууга милдеттүү. Бул мыйзам жакында эле күчүнө кирди, ага мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кызмат органдары көзөмөл жасайт. Эгерде мыйзам бузуулар орун алса, анда жарандар ишеним телефондору боюнча Мамлекеттик кадр кызматына кайрыла алышат. Ал жакта бардык билдирүүлөр каралып, тез чара көрүлөт. Эгер кызматкер мыйзамдуу милдеттерди аткарбаса эскертүүдөн баштап, ишинен кетирүүгө чейинки жазага кириптер болот.

“Азаттык”: Нурлан мырза, “Азаттык” радиосундагы “Эл үнү”, Биринчи радиодо “Радио күзөт” деген программаларга жер-жерлердеги бийлик органдарынын кайдыгерлиги боюнча аябай көп арыздар түшөт. Айрыкча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлер ошол жердин ханындай мамиле жасашкандарын айтышат. Эми жер-жерлердеги аткаминерлер ушул мыйзам боюнча иштеп, элди убара кылбашы үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Нурлан Асанбеков: Жаңы мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргызстанда укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү боюнча Европа биримдиги тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүк түзүүгө көмөк көрсөтүү программасы атайын тренингдерди өткөрдү. Ал өлкөнүн президентине караштуу Башкаруу академиясында болду. Ага ар бир мамлекеттик кызмат органдарынын, министрликтер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын арасында 453 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү эки күндүк тренингден өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Анда өз укуктарын пайдалануу жана элден келип түшкөн кайрылууларды карап чыгуу боюнча жаңы талаптарды үйрөнүп, окуудан өтүштү. Эми мамлекеттик кызматкерлер өз иштерин тыгыз аткарат деген ишеничтебиз.

Биздин милдет эл менен иштешүү, алардын көйгөй маселелерин чечип берүү болуп эсептелет эмеспи. Анткен менен эң башкы максат- кызматкерлердин ишине берилгендиги жана сапаттуулугу. Эгер адис ишине берилбесе анын ишинин сапаттуу болушу мүмкүн эмес. Аларды чоң айлык же жаза деле кармап кала албайт, бул жерде өз ишин мыкты аткарууга умтулуу жана аларды тарбиялоо зарыл.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG