Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Кыргызстанда “Ички соода жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр күчүнө кирүүдө. Мыйзамга президент өткөн аптада кол койду. Анткен менен товар өндүрүүчүлөр жана таратуучулар ассоциациясы жаңы өзгөртүү деле ички соодадагы негизги көйгөйдү чече албайт, оюн эрежесиндеги теңсиздик керектөөчүлөрдүн чөнтөгүнө күч келтирген кырдаал сакталып калды деп билдирүүдө.

Ички соодада теңдикти камсыз кылуу Кыргызстанда бизнес бирикмелердин бири тарабынан акыркы үч жылдан бери утур-утур көтөрүлүп келе жаткан маселе.

Өзү мындай маселенин чыгышына чекене сооданын жалпы көлөмүндө, бир марка менен иштеген соода тутумдарынын үлүшүнүн акырындык менен өсө баштаганы себеп болгондой.

Анткени соода мамилесинин бир тарабындагылар экинчи тарапта монополисттердин жаралышынан улам оюн эрежесин таңуулоо практикасы өкүм сүрүүдө деп айтып келүүдө.

Ушул маселени утур-утур көтөргөн Товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр ассоциациясы “Ички соода жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып чыгышкан болчу.

Бирок аталган ассоциациянын президенти Гүлнара Ускенбаеванын “Азаттыкка” айтканына караганда, соода тутумдары менен товар өткөрүүчүлөр ортосундагы конфликттин негизин жакында жаңыланган мыйзам деле жоё албайт:

- Мыйзамды кабыл алууда сооданын лоббиси күчтүү болуп кетти. Ачыгын айтканда, биротоло болбосо да алар жеңишке жетти. Биздин көйгөйдү бийликтер эми мыйзам алдындагы акт катары - өкмөттүн токтому аркылуу чечебиз деп жатышат. Бизди бизнесиңерди коргоп жатасыңар дешет. Албетте биздин ишканалар да өз кызыкчылыгын коргоосу керек болгондуктан, бул жок эмес. Бирок, биз мыйзам үстүнөн иштөө учурунда жана өкмөткө койгон негизги маселе, аргумент башкада жатат. Анткени соода тутумдары товар өндүрүүчүнүн, өткөрүүчүнүн моюнуна илип жаткан кошумча чыгымдар, төлөмдөр, товар баасынын кымбатташына алып барууда. Мындан акыр-аягында керектөөчү, эл гана жабыр тартып жатат да. Анан эмне үчүн биздин эл заманбап соода түйүндөрүнө барбастан, баары эки эсе арзан базарга жөнөшөт деп таң калышат.

“Ички соода” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдоого Базарлар, соода түйүндөрү, кызмат көрсөтүү мекемелер ассоциациясы да катышкан. Бул бирикменин президенти Сергей Пономарев болсо “Азаттык” менен маегинде, өзгөртүлгөн мыйзам тараптардын кызыкчылыгын тең салмактайт деп ырастады:

- Алар башында товар өткөрүүчүлөрдүн жалаң укугу, ал эми соода субъектилеринин жалаң милдеттери гана болгон мыйзамды даярдап алышкан. Биз мындан башынан эле күмөн санап, кызыкчылыктардын балансы сакталсын дегенбиз. Бизнесте азыр бүткүл дүйнө боюнча бир гана аксиома бар-товар өндүрүү проблема эмес, проблема сатууда турат. Андыктан биз товар өндүрүүчүлөр менен өткөрүүчүлөргө эмне үчүн силерде укук, ал эми бизде милдет гана болушу керек деп айтып жатабыз. Азыр кабыл алынган мыйзам кызыкчылыктарды теңдейт.

Сергей Пономарев “Азаттык” менен маегинде, товар өндүрүүчүлөрдү, өткөрүүчүлөрдү нааразы кылган маселе – соода тутумдарынын алардан ретробонустарды, башкача айтканда товары оңтойлуу жана көзгө көрүнүктүү соода текчелерде турушу үчүн атайын төлөм талап кылышы дүйнөлүк тажрыйба экенин кошумчалады.



Ашыкча киреше барбы?

Ал эми товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаеванын айтымында, соода тутумдары талап кылган кошумча төлөмдөр өз кезегинде аларга товарды тапшыруу баасын көтөрүүгө мажбурлоодо.

Гүлнара Ускенбаева ырастагандай, эгер соода мамилелери жөнгө салынса баалар азыркыдан кыйла арзандамак:

- Биздин эсеп боюнча бери дегенде 20% арзандамак. Азыр алардын соода үстөгү болжол менен 45%, 50-60% чейин жетет. Соодада нормалдуу жана ашыкча киреше деген түшүнүк бар да. Алар азыр ашыкча киреше алып жатышат. Эгер аларды кирешенин нормалдуу деңгээлине түшүрсө, биздин эсепте, баалар кеминде 20%, тамак –аштын кээ бир түрлөрү атүгүл 30-35% чейин арзандамак.

Бирок Базарлар, соода түйүндөрү, кызмат көрсөтүү мекемелер ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев соода тутумдары ашыкча пайда көрүп жатат деген ырастоолорду четке кагат:

- Азыр мындай болуп жатат да, соода тутумдары кирешесиз, андагылардын баары бекер иштесин, 20% кирешеңерди белгисиз бирөөгө бергиле дешүүдө. Биз өзүңөр соода тутумдарын түзүп, бекер иштей бергиле деп айтканбыз. Эгер соода үстөгүбүз 60% болсо, дагы үч –төрт компания дароо келмек. "Рамстор" деген компания келип, кайра дароо качып кетпедиби. Билесизби, бизнесте эмне деп айтышат? "60% үстөк бар жерди айтыңызчы, жөө барам!" дешет.

Бир брэнд менен иштеген соода тутумдарынан Кыргызстанда үч компания (“Народный”, “Семь дней”, “Бета Сторес”) бар эле. Быйыл апрель айынан тарта базарга төртүнчү оюнчу, түркиялык “А Маркет” компаниясы кирди.

Бирок дүкөндөрүнүн санын эске алганда алар азыр өз ара атаандашкыдай деңгээлге жете элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG