Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Скрипка менен бир бүтүнгө айланган


Бишкекте скрипкачы Жумаш Дурусалиевдин концерти өттү. Бул маданий иш-чарага катышуу үчүн ал Лондондон атайын учуп келген. Классикалык музыка кечеси кандай маанайда өттү жана жаш музыканттын Кыргызстанга кайтуу ою барбы?

Жумаш Дурусалиевдин концерти Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Жаш музыкантты Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр коштоп, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиев дирижерлук кылды.

Концерт Сезар Франктын чыгармасын оркестрдин аткаруусу менен ачылды. Ал бүткөндөн кийин сахнага жаш музыкант Жумаш Дурусалиев чыгып, Петр Чайковскийдин скрипка үчүн жазылган оркестр коштоосундагы татаал жана драмалуу концертин аткарды.

Бир жарым сааттан ашык убакытка созулган бул кече көрүүчүлөргө катуу таасир эткени байкалып турду. Кол чаап сүрөөгө алышканда жаш скрипкачы Себастян Бахтын “Граве” чыгармасын ойноп берди. Кече соңунда да күйөрмандар Жумашка каалоо-тилегин айтып, бир топко кетирбей кармашты.

Классикалык кечеге “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Гүлмира Мамбеталиева да барган экен:

- Руханий жактан чаңкап турганда суусунубуз кангандай болду. Жумаш Дурусалиев классикалык музыканын эң жогорку үлгүсүн көргөзө алды. Жаштайынан музыка менен жүргөн бала экен. Скрипка менен жуурулушуп, бир бүтүнгө айланып кеткени байкалып турат. Мындай касиет баарында эле боло бербейт.

Жашы бир топко барып калган Жеңиш аттуу байбиче да Жумаштын концерти өтөрүн сыналгыдан көрүп келиптир:

- Чайковскийдин чыгармасы өтө татаал да. Ошону биздин балабыз аткарып жатканда ушунчалык толкунданып, аягында көзүмөн жаш агып кетти. Ушундай таланттуу балдардын өсүп келатканына чын дилимен кубанычтамын.

Лондондо айлык жакшы, талап күчтүү

Жумаш музыканттардын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Алгач Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, андан кийин Алматыдагы К. Байсейитова атындагы атайын мектепте окуган. Жумаштын атасы Атасы Медет Дурусалиев жаш балага скрипка үйрөтүү оңой болбогонун айтып отурду:

- Скрипканы 4 жашында колго алды. Башында жакшы эле чырлап, кежирленди. Өзү теңдүүлөр футбол ойноп жүрсө, бала кызыгат да. Алдап-соолап, кээде какыс-кукус кылып жүрүп үйрөттүк. Эми акыбети кайтып жатат. Чынында баланын ушул даражага жетишине апасы Айнур Дурусалиеванын салымы зор. Айнур өзү пианист. Ушул тапта балага жакын болоюн деп, Шотландияда жүрөт. Музыкалык мектепте сабак берет. Мен болсо кларнетте ойночумун. Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүткөм. Турмуш-шартка байланыштуу 90-жылдары музыканы таштаганга туура келди. Эми өнөрүмдү балам улап жатат.

​Жумаш мындан жети жыл мурда Лондондогу Иегуди Менухин атындагы музыкалык мектепке кирген экен. Бир жыл мурда аны аяктап, учурда Лондондогу консерваторияга тете Королдук колледжде окуп жатат. Жаш музыкантты кепке тартып, Лондондо кандай билим алып жатканын сурадык:

- Ал жакта музыканттарга жакшы төлөшөт. Ошого жараша талап дагы күчтүү. Ушул жерден белгилей кетейин, Лондон мектеби 70-60-жылдары мынчалык эмес болчу. Бирок союздун таркашы менен советтик мектептен сабак алган музыканттардын көбү ал жакка барды. Билим берүүнүн жакшырышына бул аябай чоң өбөлгө болду. Менин устатым -Люция Ибрагимова. Убагында Москвадагы консерваторияны бүткөн. Татар кызы. Эң мыкты педагог. Окуучуларына өз балдарындай эле мамиле кылат.

Акыркы жылдары скрипка менен эстраданы айкалыштырып ойногондор көбөйдү. Жумадылдын дагы келечекте ушундай пландары барбы? Дегеле окууну бүткөндө Кыргызстанга кайтат болду бекен?

- Скрипка олуттуу музыкалык аспап. Жашоомдун бир бөлүгү аны өздөштүрүүгө кетти. Ошол себептүү мен аны поп-музыка менен аралаштыра албайм. Мен үчүн бул саткынчылыкка барабар нерсе. Экинчи суроо боюнча, тилекке каршы, Кыргызстанда классикалык музыка анчейин өнүккөн эмес. Андыктан карьера жасоо үчүн Батышта болууга туура келет.

Жумаш Дурусалиев 19 жашта. Жеке эле скрипкада эле ойноп тим болбостон, коомдук иштерге да аралашып жүрөт. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дүйнө салганда анын урматына Лондондо концерт берип, түшкөн каражатты Кыргызстандагы балдар үйүнө которгон.


Өнөрүң болсо, өргө чап!
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00
XS
SM
MD
LG