Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Кыргызстанда “Элдик лотерея” компаниясына козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алуулар башталды.

Компаниянын жетекчиси, түрк жараны Танжу Кылыч менен башкы эсепчиси Мээрим Сыркынты 27-июнда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды. Лицензияны мыйзамсыз берген деген айып менен Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Ички иштер министрлиги “Элдик лотерея” соода маркасы менен таанымал “Райдер Ассошиэйтс Лимитед” компаниясына лицензиянын мыйзамсыз берилиши боюнча ушул жылдын февраль айында эле кылмыш ишин козгогон. Дээрлик беш айга жакын созулган тергөөнүн жыйынтыгында Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубековго “коррупция” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылды. Сот аны камакка алынсын деген чечим чыгарды, бирок ал Кыргызстанда болбогондуктан издөө жарыяланды.

Министрликтин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Утемисовдун билдиришинче, Тойчубеков мыйзамсыз иштерди “Элдик лотереяны” ойноткон компания жетекчиси, түрк жараны Кылыч Танжу жана башкы эсепчи, кыргыз жараны Мээрим Сыркынты менен жең ичинен сүйлөшүп алып чогуу ишке ашырган. Андан сырткары компанияны лотерея сатуудан түшкөн кирешенин он пайызын төлөөдөн бошотуп, ал каражат сол чөнтөккө кеткен:

Юруслан Тойчубеков

Юруслан Тойчубеков

- Аты аталган жарандар Юруслан Тойчубеков менен кылмыштуу жашыруун сүйлөшүүгө барып, лотерея өткөрүүгө мыйзамсыз лицензия алышкан. Лотерея оюндары бүткөндөн кийин Юруслан Тойчубеков кызмат абалынан пайдаланып, жалпы кирешенин он пайызын бөлүшүп алган. Мунун айынан 31 миллион сом мамлекетке зыян келген. 27-июнда Кылыч Танжу менен Мээрим Сыркынтыга “кызматтык укугунан аша чабууга катышуу” жана “кылмышка шериктеш болуу” беренелери менен кылмыш иш козголуп, камакка алынды. Юруслан Тойчубеков качып кетип, каякта экени белгисиз болгондуктан издөө жарыяланды.

Нурлан Утемисов “Элдик лотереянын” уруксат кагаздары жокко чыгарылып, иши токтогонун тастыктады:

- Компаниянын иши токтотулду. Анткени компанияга берилген күбөлүк, лицензиялар жокко чыгарылды. Кылмыш иши боюнча, айыпкерлердин күнөөлөрү толугу менен далилденген. Кылмыш иш боюнча күбөлөр көрсөтмө берди, далил заттар алынды жана каржылык документтер, соттук-экономикалык экспертизалар менен бышыкталды. Лотерея боюнча бизге арыз түшө элек. Эгер ошондой доомат болсо тергөө учурунда такталат.

Кыргыз милициясынын маалыматына ылайык, “Райдер Ассошиэйтс Лимитед” компаниясын негиздегендер көз боёмочулук боюнча айыпталып, Түркияда аларга эл аралык издөө жарыяланган. Компания Британ аралдарында оффшор зонада катталган, аны түрк жараны Чифтчи Хасан жетектейт.

“Элдик лотерея” соода маркасы “Райдер Ассошиэйтс Лимитед” деген ачык акционердик коомдун филиалы катары Кыргызстанда 2013-жылы январь айында каттоодон өткөн. Дароо эле Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан лотерея оюндарын өткөрүү үчүн күбөлүк алган. Кыргызстандын “Лотерея жөнүндөгү” мыйзамында филиалдар юридикалык жак болуп эсептелбейт жана лотерея оюндарын өткөрүүгө жол берилбейт.

Элдик лотереянын жарнамасы

Элдик лотереянын жарнамасы

Аталган кызматтын статс-катчысы Абдукалык Шамшиев филиалга күбөлүк берилишин техникалык мүчүлүштүк деп түшүндүрүп жатат. Анын айтымында, компания бир жылдан кийин акционердик коом болуп кайра катталып, уруксат кагаздарын алган жана ошонун негизинде иштеп жаткан:

- Компания эмес, компаниянын филиалы тууралуу сөз болуп жатат. Ошол кезде лотерея ойнотууга уруксат документтер филиалга берилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө юридкалык жак деп эсептелбеген филиалга документтер берилгени такталып, күбөлүктөрү кайра алынган. Алар акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. Азыр алар акционердик коом катары иштеп жаткан.

Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы “Береке” жана “Белек” деген аталыштагы билеттер боюнча түшкөн арыздардан улам “Элдик лотереяны” былтыр октябрда күтүүсүз текшерген. Ишинен кемчиликтер табылып, 100 миң сом айып пул салынган. “Элдик лотерея” бул боюнча Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылып, анда айып пул негизсиз салынган деген чечим чыккан. Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Учурда бул факт боюнча сот процесси уланып жатат.

Аталган кызмат “Элдик лотереяны” келип түшкөн доомат-арыздардан улам экинчи жолу ушул жылдын май айында текшерген. Анда “Береке” жана “Гипер 4” деген билеттерди ойнотууда мыйзам бузуу болгону аныкталган. Мындан улам бул билеттерди ойнотууга үч айга тыюу, ал эми жетекчилигине жети миң сом айып пул салынган.

Кылмыш иш боюнча Юруслан Тойчубеков өзү комментарий бере элек. Анын адвокаты Акин Токталиев тергөө кагаздарын ала электигин айтты жана коррупция боюнча айып тагылышын негизсиз деп атады:

- Тергөө кагаздарын мага үч күндүн ичинде бериши керек болчу. Мен бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылдым. Экинчиден, бул жерде эч кандай коррупция жок. Бул жерде түрктөрдүн бизнесин тартып алуу болуп жатат. Түрктөрдүн камалышы түшүнүксүз. Лотерея ойнотуудан 310 миллион сом түшүптүр, ошонун он пайызын, тактап айтканда, 31 миллион сомду төлөөдөн Тойчубеков бошотуп коюптур деп жатышат. Тойчубеков төлөмдөн бошотуп койгудай Жогорку Кеңеш эмес. Кат жазып бошотом деген күндө да бошото албайт. Тойчубековдун колунан келбесин салык төлөгөндөр жакшы билет.

Акин Токталиев Юруслан Тойчубеков Кыргызстандан качып кетти деген маалыматты да жокко чыгарды. Чет өлкөдө дарыланып бүткөндөн кийин келет деп билдирди:

- Тойчубеков ооруп жатат, дарыланууга чет өлкөгө кетти, келгенде улантасыңар, ишти убактылуу токтотуп тургула деп мен аларга өтүнүч келтиргем. Эч жакка чыкпайсың деп алар тил кат алган эмес. Ал күбө катары гана өтүп жаткан. Грыжасы бар экен, жүрөгү ооруйт деп дарыгерлердин маалымдамасын кошо тиркеп бергем. Эгер өлкөдөн чыкпасын десе, тил кат алып калышпайт беле же чек араны жаап коюшса болмок. Ал дарыланып бүтсө эле келет, эч кайда качпайт.

Биз “Элдик лотерея” компаниясы жабылды деген менен лотерея билеттери дагы деле сатылып, кеңсеси иштеп жатканына күбө болдук. Компаниянын атын атабаган өкүлү соңку окуялар боюнча комментарий берилбей турганын айтты:

- Биз азыр эч кандай маалымат, эч кандай комментарий бере албайбыз. Анткени азыр эч нерсе белгисиз. Кандайдыр бир жагдай белгилүү болору менен кошумча маалымдайбыз. Биз азыр иштеп жатабыз. Бирок тергөөгө байланыштуу убактылуу ишибизди токтоттук.

Кыргызстанда лотерея ойноо көрүнүшү жер-жерлерде да күч алган.

Кыргызстанда лотерея ойноо көрүнүшү жер-жерлерде да күч алган.

“Элдик лотерея” жалпысынан беш түрлүү билет ойнотуп жаткан. Анын экөө "Нускалуу лотерея" деп аталат, башкача айтканда, сатыкка чыгарылган билеттердин номерлери менен бир айда бир ойнотулат. Бул оюндар коомдук телеканалда түз эфирде көрсөтүлүп турчу. Ал эми үчөө болсо утуп-утпаганы дароо билинген билеттер. “Элдик лотерея” байма-бай рекламаланып келген.

“Элдик лотереяга” доомат көп айтылып жүрөт. Маселен, ири өлчөмдөгү акчалай утуштары бар айрым билеттер ойнотулбай калат. Андай номурлуу билеттер сатылган, же сатылбаганы ачык айтылбайт. Ошондой эле канча билет чыгарылганы, канчасы сатылганы тууралуу да маалымат жок.

Кыргызстанда лотерея оюну боюнча талаш-тартыш пикир токтобой келет. Былтыр Жогорку Кеңеште лотерея ойноткон компанияларга талапты катаалдаштыруу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мындай мыйзам долбоорду “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов даярдап чыккан. Бирок көпчүлүк депутаттар колдобой, мыйзам долбоор өтпөй калган эле. Ал долбоордо лотерея оюндарында утушка спирт ичимдиктерин койбоо, билеттерди жашы жете элек балдарга сатууга тыюу салуу, байге фондунун көлөмүн бир канча эсе чоңойтуу өңдүү жоболор камтылган. Андан кийин лотерея билеттерин ойнотууга таптакыр тыюу салган мыйзам долбоор даярдалып, ал коомчулуктун талкуусуна коюлган.

Кыргызстан боюнча 11 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. Жалпысынан 35 түрдүү билет ойнотулат. Андан сырткары айыл жеринде чакан топ, коңшу-коло, тели-теңтуш арасында лотерея ойноо көрүнүшү кеңири жайылган. Мисалы, ушундай жол менен унаасын сатып жиберүү өзүнчө бир ыкма болуп калган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG