Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Рита Карасартова омбудсмен шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко кайрылат


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Кыргызстандын акыйкатчысына талапкерлигин коюп, бирок шайлоодо өтпөй калган Рита Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылат. Бул тууралуу ал 6-январда “Фейсбуктагы” баракчасында видеокайрылуу жасап, чыныгы парламентаризмдин колдоочуларын өзүнүн катарына кошулууга чакырды. Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоо жараянында мыйзам бузууларга жол бергенин айткан Карасартова парламентти укуктук аянтка айландырууга жарандар милдеттүү экенин белгиледи:

-Ушундан улам 30-декабрда өткөн омбдусмен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылам. Парламент жаңы шайлоо өткөрсүн. Мунусунда менин талапкерлигим коюлбайт. Бирок мен өлкөбүздүн башкы укук коргоочусу мыйзам жолунда тандалуусун каалайм. Жарандар шайлоо жараянына байкоо салышы кажет.

Жогорку Кеңеште 30-декабарда өткөн шайлоодо 3 талапкердин ичинен бийликчил КСДП жана “Кыргызстан” партиялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш менен жеңишке жеткен. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы алдын ала пландалганын айтып чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG