Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Жогорку Кеңеш мамлекеттик кызматкерлерге кызмат учурунда белек алууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун кароого киришти.

Жарандык коом өкүлдөрү мамлекеттик жетекчилердин белек-бечкек алуусун көзөмөлдөө мүмкүн эмес дешип, бул сунушту популисттик кадам катары баалашууда.

"Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун парламентке кыргыз өкмөтү сунуштаган.

Белек алуу - парага барабар

Долбоорду иштеп чыккан Экономика министрлиги мыйзамдагы бул жобо кабыл алынса, ал коррупцияны алдын алып, кызмат адамдарын тартипке саларына ишендирип жатат.

Долбоордо мамлекеттик кызматтагы жооптуу жетекчиге белек-бечкек, кайрымдуулук каражат, ар түрдүү жолдомо өңдүү белектерди алууга тыюу салынат.

Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын айтымында, эгерде мамлекеттик кызматтагы жетекчи кайсы бир компания же адамдардан баалуу белек алганы аныкталса, ал компания менен расмий кызматташууга бир жылга тыюу салынат.

Белек-бечкекке байланышкан чектөөлөрдүн дипломатиялык белектерге тиешеси жок. Курманова буларды айтты:

- Дипломатиялык делегациядан алынган белектер мамлекеттики болуп саналат. Эгер кызматкер ошол белекти сатып алгысы келсе, белекти баалап, жетекчиге арыз жазып өздүк кылып алса болот. Бул жолдун бардыгы мыйзам менен жазылган.

Депутат Аида Салянова тыюу салууларды кызмат учурунда деп чектебей, мамлекеттик кызматта иштеп турган жетекчилердин белек алышына жалпы тыюу салуу керек деген сунушун айтты:

- Кызмат учурунда белек алганга тыюу салганыбыз менен кийин кантип далилдеп беребиз? Ал жумушта албаганын айтып актанса, ким аны иликтеп отурат. Биз жалпылай эле жетекчинин баалуу белек алуусуна тыюу салышыбыз керек. Эгер алган болсо мыйзам менен жазаланышы керек.

Аты бар, ичи жок мыйзам

Депутат Төрөбай Зулпукаров "Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө" мыйзам өкмөттүн кезектеги популисттик долбоорлорунун бири деп сындады:

- Биз ушул маалга чейин мыйзам эле кабыл алып келатабыз. Кээ бир мыйзамдар, керек болсо Кылмыш-жаза кодексиндеги айрым беренелер боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бул деле жакшы популисттик мыйзамдардын бири. Мунун кимге кереги бар экенин билбейм, бирок негизи элге өтө жага тургандардан экен.

Жарандык активисттер болсо коррупциялык ири схемаларды жоё албай жаткан кезде белек формасындагы параларды тыюу аракетинен майнап чыгарына дегеле ишенишпейт. Алардын бири Рита Карасартова:

- Бүт эле маселени мыйзам аркылуу жөнгө салбаш керек. Белек алууну мыйзамга жазмак тургай, маңдайына бир кишини коюп койсоң деле белек берүү ишке аша берет. Өз ыктыяры менен жөн эле алып келсе, кантип албай коёт. Кантип аны көзөмөлдөйт?

Чиновниктер белексиз кайтпайт

Кыргызстанда жогорку кызматтагы жетекчилер жеке белек алган учурлар аз эмес. 2012-жылы “Ата Мекен” фракциясы ошондогу премьер-министр Өмүрбек Бабановду түрк фирмасынан кымбат аргымакты пара катары алган деп айыптап чыккан. Өмүрбек Бабанов аргымакты өз акчасына сатып алганын айтканына карабай, бул чуунун таасири анын кызматтан кетишине да кыйыр таасири болгону айтылып келет.

Айрым жетекчилердин аймактарга иш сапарларында куру кол кайтпастыгы элде кадыресе көрүнүш катары бааланып жүрөт. Ал эми белгилүү бир маараке, майрамдарда жетекчилердин бөлмөсү түрдүү белектерге толуп турат.

Белек-бечкектен баш тарткан жетекчилердин арасына экс-президент Роза Отунбаеваны кошсо болот. Ал өзүнүн 60 жылдык мааракесинин алдында китептен артык белек жок экенин ачык айтып, өлкөнү жетектеп турган учурда келген белектердин баарын музейге өткөрүп бергени менен эсте калган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG