Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

"Манас» аэропортуна милициянын бир нече автобусу жөнөп кетти


"Манас» аэропорту тарапка милиция кызматкерлери түшкөн бир нече автобус баратканын аэропортто турган "Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Учурда аэропорттун жанында Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери да топтолууда. Маалыматка ылайык, «Ата Мекен» партиясынын лидери Венадан бүгүн таңкы саат 3тө учуп келет. Ал Австриянын борбор шаарында өткөн ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынынан кайтып келатат.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон. Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иштен кабары жок экенин билдирген. Ал өзүнө карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG