Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Эл аралык билим берүү боюнча адис Аскарбек Мамбеталиев Кыргызстан сырттан билим алган жаштарын пайдалана албай жактанын айтат.

“Азаттык”: Кыргыз мамлекетинин чет жактарда билим алып аткан жаш жарандарынын чечилбеген көйгөйлөрү көп. Алардын бири учак билетинин баасы, окуу төлөмдөрү сыяктуу маселелер. Сиз өзүңүз да АКШда окуп келбедиңизби. Дегеле четте окуп аткан студенттерге мамлекеттин камкордугу кандай болушу керек, азыр кандай ал камкордук?

Аскарбек Мамбеталиев: Аябай кызык суроо экен. Анткени биздин билим системасы эч нерсеге жарабай калгандыктан чет өлкөлөрдө билим алуу абдан маанилүү. Мен өз тажрыйбамды эле айтсам. Эки жолу мен окууга чет өлкөлөргө барып келдим. 2002-2004-жылы магистратура, андан кийин Нью-Йорк университетинде стажировка, анын ортосунда Стамбулда бир ай Билкент университетинде окугам. Будапештте окудум. Бирок мага ошол бардык университеттерде Америка өзү төлөп берчү. Барган-келген билетиңди, тамак-ашты, жашооңдун бүт баарын тең Американын мамлекеттик департаменти төлөгөн, бизде эч кандай проблема болгон эмес. Кыргыз өкмөтүнөн бир тыйын төлөшкөн эмес.

Ал эми Америка менен Түркиянын билим берүү системасындагы айырма чоң. Бул экөөнү салыштырууга болбойт, анткени Түркия өнүгүп бараткан өлкө, АКШ болсо өнүккөн эбак. Ошондой болсо да мен окуп атам, Түркияда билим берүү сапаты жакшы жана алардын студенттери олимпиадаларда биринчи орундарды алып атышат. Кыргыздар негизи эле тырышып окуган жан эмеспи, ал жактарда да жакшы жетишкендиктерге жетип атышат.

Бирок ошол Түркиядагы студенттердин бул жакка келиши абдан оор болуп калат. Анткени туристтер көп келет. Анын үстүнө биздин учактар эски болгондуктан башка жактарга уча албайт. “Түрк аба жолдору” гана кожоюндук кылып, бааны ошолор гана коё алат. Андыктан Түркиядагы студенттерибиздин бул жакка келиши кыйын болуп атат, монополия болгондуктан.

Эмне үчүн учак билеттерине баа кымбаттап атат? Анткени атаандаштык жок. Эмне үчүн атаандаштык жок? Бул эки жактан болушу мүмкүн. Биринчиден, биздин чиновниктер, аэропорттун чоңдору жең алдынан акча алып, бир эле компанияга мүмкүнчүлүк берип, ушундай схема иштеп кетиши мүмкүн. Экинчи жагынан, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр жакшы болбой атышы мүмкүн. Элчиликтер сүйлөшө алышпайт, иштешпейт.

“Азаттык”: Элчиликтер демекчи, эң оболу чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтери ошол жерде билим алып аткан студенттердин маселесине көңүл буруусу керектей. Маселен Түркияда миңден ашык кыргыз студенттери билим алат делет. Бирок алар Түркияга аба каттамын ачуу, студенттер үчүн билет баасын арзан кылуу өтүнүчтөрүн айтып келатканы менен Анкарада турган кыргыз элчилиги бул маселени көтөрүп чыкканын уга элекпиз. Балким элчиликтерди да активдештирип, электен өткөрүү керектир?

Аскарбек Мамбеталиев: Ооба. Элчиликтерге бийликке жаккан кишилер эле барып атат. Конкурс, андай-мындай деген жок да. Ошондуктан элчилер эмне кылмак эле, ал жакта жөн эле жүрүшөт.

Мен бир жолу Брюсселге барганда көргөм, элчилер жөн эле чоңдордун тааныштары экен. Тегеранда жүргөндө ошол жердеги элчиликке барсам, элчиликте отургандар мага “эмнеге келдиң сен, бул жакка дайыма эле акчасы жоктор эле келе беришет” деп абдан жаман кылышкан. Мындай элчилик касиети эмес, адамгерчилиги да жок кишилер отуруптур. Ошондуктан мына ушундай коррупциянын айынан бизде улам-улам өкмөт алмашып атат. Ошол Түркияда дагы элчи деген ушундай иштерди өзү алып барып, жанагыдай нааразычылыктарды басып коёт эгерде профессионал адис болсо. Демек элчиликтер жакшы иштебей, өкмөт менен сүйлөшпөй, баалар арзандабай анан студенттер биздин өкмөткө кайрылып атышат да.

“Азаттык”: Учурунда мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда “21-кылымдын кадрлары” деген долбоор бар эле. Бирок ал да көпкө жашаган жок. Чет элдик тажрыйба, дүйнөнүн аты чыккан окуу жайларында кадр даярдоо талашсыз. Балким четте кадр даярдоо жаатында жаңы, ири мамлекеттик долбоорлор керектир?

Аскарбек Мамбеталиев: Долбоор керек. Чет өлкөдө жакшы кадрлар даярдалат. Бирок алар бул жакка келгенде баары бир жумуш таба алышпайт. Ошол чет өлкөдө окуп келген учурда деле алардын бийликте отурган тааныштары болушу керек, же акча берип жумушка отурушу керек. Анын үстүнө жанагы Кадр агенттиги чет өлкөдөн бүтүп келгендерди жакшы пайдалана албайт. Булардын экзамендери жөн гана мыйзамды билмей деген критерий экен. Билсең өтөсүң, билбесең өтпөйсүң деген эле туура эмес критерий экен. Андыктан ушул жактан биздин өкмөт жакшылап иштеши керек. Чет өлкөдө окуган балдарыбыздын билимин текке кетирбей, бул жакта колдонуу үчүн башкача концепция иштеп чыгуу керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG