Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

А.Мамбеталиев: Мамлекетте адам ресурстарын башкаруу жок болуп атат


Өлкөдөгү кадрдык саясат маселеси тууралуу “Азаттыкка” эл аралык билим берүү боюнча эксперт Аскарбек Мамбеталиев айтып берди.

“Азаттык”: Кыргызстанда адатта кайсы бир ири чиновник алмашса, анын ордуна келген жаңы жетекчи кызматкерлердин бардыгын алмаштыра баштаган көрүнүштөрдү байкап жүрөбүз. Албетте ал жетекчи өз командасын куруп, өзгөрүүлөрдү жасагысы келиши мүмкүн. Бирок катардагы кагаз ташыган балдардан бери алмаштырыштын кажети барбы? Дегеле кадрдык туруктуулук болушу үчүн кандай чараларды көрүш керек дейсиз?

Аскарбек Мамбеталиев: Сиз бүгүнкү чыгарылышка абдан оор, аябай терең теманы алып чыгыптырсыз. Муну бир сөз менен айтуу абдан кыйын. Анткени биз эски режимди кулатканыбыз менен, биздин аң-сезимибиздеги режим кулай элек, эски боюнча калып калууда. Ошондуктан бир команданы айдап, кайра эле андан айырмасы жок экинчи команданы алып келип, баягы эле эски “Мамайдын гөрү” уланып атат.

Бизде “кадр” деген сөз болуп атат, бирок “адам ресурстарын башкаруу” деген түшүнүк такыр жок болуп атат. Бул экөө эки башка маселе. Кадр маселеси дегенде баягы эле номенклатураны коюп коёбуз. Өздөрү эч бир жоопкерчиликти ала албаган, эрки жок, жогору жактан айтылганды гана аткара турган кишилерди коюп атабыз.

Ал эми адам ресурстарын башкаруу дегендин төрт түркүгү болот. Бул деген – кадрларды тандоо, анан аларды окутуу жолу менен бирдиктүү саясатты иштеп чыгуучу орган болуп саналат. Ошондой система бизде жок болуп атат.

Илгерки бийликтер учурунда president.kg деген сайт бар эле. Ошол жерди карасаң эле бардыгы буйруктар болуп:

“Бул алынсын, бул коюлсун, тигил алынсын, бул коюлсун” дегенден башка эч нерсе жок болчу. Азыр болсо kyrgyz-el.kg деген бийликтин сайтында ушундай эле нерселер кайталанып атат.

Адам ресурстарын башкаруу дегенде башкача методдор колдонулат. Мисалы мен кечээ АКШ президенти Барак Обаманын сайтын карадым. Ал жерде сонун бир органдар бар экен.

Ал органдар илгерки кыргыз коомун элестетет. Ошол жерде кеңешчилер тобу бар экен. Мисалы экономикалык жактан кеңешчилер тобу, саясий жактан кеңешчилер тобу. Бул кеңешчилер тобу таптакыр көз карандысыз, эркин органдар экен.

Кадрдык маселелерди дагы Обама ошолор менен кеңешип иш кылат. Мындайча айтканда өлкөнү, коомду акылмандык, кеменгерлик менен башкарыш керек. Ошол сыяктуу органдар бизде жок болгондуктан бизде башчысы кетсе баары чогуу кетип атпайбы.

“Азаттык”: Аскарбек мырза, бирок ошол кадрларды тандоодо кандай критерийлерге таяныш керек? Мисалы “билим денгээли кандай, кандай окуу жайды каякта бүткөн?” деген сыяктуу. Анан система дагы туруктуу болушу керек да, жетекчи алмашса дагы иш токтоп калбагандай болуп?

А.Мамбеталиев: Туура айтасыз. Мына азыр кадрлык кызмат дегенди түзүштү. Бирок ал жерде сиз тандоо деп айтып кеткен нерсе, так ошол эң керектүү нерсе али калыптана элек, өсө элек, жетиле элек нерсе болуп атат. Дал ошол тандоо жагынан аксап атабыз.

Азыр мамлекеттик кадр кызматы түзүлүп, ошол жерди карасаңыз, ал жерде кызматка орношуу үчүн сага узун бир тест берет экен. Мыйзамдарды билип келишиң керек экен. Аны эми 7-класстын балдары деле жаттап алып айтып, өтүп кете берет да. Андай болбошу керек. Тандаганда адамдын билим, эске тутуу жөндөмүн гана текшербестен, башка критерийлерди да коюш керек. Полиграф деген чыгып атат, эми бул айла кеткендеги эле иш болуш керек. Ушул жагын изилдеп чыгып, кадр тандоодо жаңы саясатты колдонуш керек. Тесттен өтүү же эске тутуу жөндөмүн эле карабай.

Маселен Гарвардды орточо баа алып бүткөн жаш кадр менен коррупциялашкан бир жергиликтүү окуу жайды кызыл диплом менен бүткөн жаш кадрдын айырмасы асман менен жердей.

Экинчиден, эмне үчүн бир жетекчи кызматтан кеткенде башкасынын баарын айдап атат? Анткени бизде бардыгы лоялдуулукка, бир жетекчинин көзүн карап турмай адатка негизделген. Ошондуктан башчысы эле чечим чыгарат дагы калгандарынын бардыгы кулдар сыяктуу болуп атат да. Өз ой-пикири жок.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG