Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

“Манас” аба майданынан АКШ транзиттик борборун чыгаруу талабы кайрадан коюла баштады.

Маселе парламентте көтөрүлүп, айрым адамдар нааразылык акцияcына чыгышты. Транзиттик борбордун Кыргызстанда турушунун оң, терc жагдайлары “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Талкууга Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана экологиялык “Асыр” уюмунун жетекчиси Карыпбек Серенов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Карыпбек мырза, пикирлештериңиздер менен биргеликте Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыгып, базанын чыгарылышын талап кылдыңыздар. Негизги себеп эмнеде?

Карыпбек Серенов: Биздин максат - Америка базасын кетирүү. Биз бул маселени 2007-жылдан бери көтөрүп келатабыз. Бизде бир топ себептер бар.

2007-2008-жылдары америкалык учактар көп зыян келтирди. Дыйкандардын 579 гектар эгини зыянга учурады, 1100 бак-дарак куурап калды, 20-30 бээ кулун салды. Адамдардын ооруганын айтпай эле койолу.
Америкалыктар 2001-жылы кирген. Андан бери баңгизат жүз эсе өстү.

“Азаттык”: Экологиялык зыянды Канттагы орус аскердик базасы да келтирип жатабы, же америкалыктар элеби?

Карыпбек Серенов: Америкалыктар гана. Алардын атайын учактары бар экен, алар Ооганстандан май куят экен. Орус армиясы антип май куйбайт.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбордун “Манаста” турушуна уруксат берген келишим 2014-жылы соңуна чыгат. Мына ошондон кийин база чыгарылат деп айткан эле. Андан кийин Түркияда АКШ, Орусия, Түркиянын катышуусу менен бул маселенин үстүнөн иштөөнү сунуштап жиберди. Аликбек мырза, 2014-жылдан кийин эмне болот?

Аликбек Жекшенкулов: Президент сөз бергенден кийин сөзсүз аткарыш керек. Эгер чыгарам деп сөз берсе, чыгарыш керек. Тышкы саясат эл аралык абалга жараша болот.
Бул база Ооганстандагы өтө оор кырдаалды кандайдыр бир өзүнүн жолдору менен оңдоп атат.

Борбор Азияда абал абдан курчуп баратат. Орусия менен АКШнын ортосунда маселелер көп, ошол эле ракетага каршы коргонуу комплекстер боюнча, азыркы Орусияда болгон ички процесстер. Андан тышкары АКШ менен Кытайдын ортосунда да абал өтө оорлошуп бараткандай көрүнөт.

Барак Обама Азияга багытталган жаңы концепция кабыл алдык деп айтпадыбы. Менин оюмча, мындан ары 3 мамлекеттин ортосунда абал курчуйт. Биз "эки пил кармашса, ортодон чымын өлөт" деген абалга түшүп калбай, бир чечимге келишибиз керек. Муну бир президент, же премьер эмес, жалпы эл чечиш керек. Бул жөнөкөй маселе эмес. Ошондуктан муну аябай кылдат караш керек.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиз дайыма "Кыргызстан улуттук коопсуздугуна жараша чечим кабыл алыш керек" деп эскертип келесиз. Ооганстанды эске алсак, ал жакта абал турукташа элек. Ал эмес талибдердин таасири күчөп жатканы айтылууда. Мына эми Ооганстандан коркунучту жоготуу улуттук кызыкчылыкка жатат. Кандай чечим керек?

Мирослав Ниязов: Бүгүнкү суроону ар бир кыргыздын жаранына узатаар элем, бул база керекпи, же керек эмеспи? Ар бири өзү жооп берсин. Бул авиабазанын тагдыры өтө оор, татаал маселе. Тышкы саясатта түбөлүк жолдош да, түбөлүк душман да болбойт. Бирок түбөлүк улуттук кызыкчылык калат. Бул аба база кыргыздын кызыкчылыгына жарашабы, же жарашпайбы?
Барак Обама Азияга багытталган жаңы концепция кабыл алдык деп айтпадыбы. Менин оюмча, мындан ары 3 мамлекеттин ортосунда абал курчуйт.

Бул база Ооганстандагы өтө оор кырдаалды кандайдыр бир өзүнүн жолдору менен оңдоп атат. Чечендин, уйгурдун серапатисттери, Өзбекстандын исламдык күчтөрү Ооганстанда даярдалды. Америка биринчи коркунучтуу күчтөрдү катуу жайлады. Бүгүн алардан бир күч жок. Бирок муну менен маселе чечилбейт.

Бүгүн Ооганстандан Кыргызстанга коркунуч барбы, же жокпу? Биринчи баңгизат агрессиясы бар. Экинчиси, дин жагынан проблемалар бар. Үчүнчүдөн, дин саясаты, биз светтик мамлекет болобузбу, же биротоло дин жакка бурулуп, араб мамлекетиндей болобузбу? Ошого ар бир кыргыздын жараны жооп бериш керек.

Аликбек Жекшенкулов: Америкалыктар 2001-жылы кирген. Андан бери баңгизат жүз эсе өстү. Бүгүн Ооганстандын баңгиси бүт дүйнө жүзүн сугарат. Экинчиден, талиб, терроризм деп айтабыз. Азыр Аравияда исламчылар бийликке келип атат. Алар менен АКШнын чабуулчулары сүйлөшүп, бир келишимге келүүдө.

Ошондуктан биздин жетекчилер, дипломаттар америкалыктар менен түз сүйлөшүш керек, эмне себептен ушундай болуп атат түшүндүрсүн. Экстремизм деп атабыз, кээ бир мамлекеттер өзүнүн улуттук кызыкчылыгын дүйнөгө жайып, кайра ошого күрөшөбүз деген өзүнчө оюндар болуп атат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG