Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Бишкектеги “Манас” аэропортун эл аралык хабга же транспорттук түйүнгө айландыруу долбооруна чет өлкөлүк сегиз компания кызыгууда. Алардын арасында буга чейин коомчулукта талкуу жараткан орусиялык компаниялар да бар. Бул тууралуу Бишкекте өткөн инвестициялык угууда айтылды.

Аэропортту эл аралык хабга айлантып, өнүктүрүү сунушун орусиялык “Роснефть” ишканасы менен байланышы бар “Новапорт” жана “Роснано" компаниялары, кытайлык CMEC менен CAMCE, түркиялык TAV Airports Holding менен Сhelebi ишканалары, мындан сырткары Казакстандан “Ынтымак-91” жана Молдованын «Авиа Инвест» компаниялары беришти.

“Манас” аэропортунун вице-президенти Дайыр Токобаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, өкмөт учурда бул боюнча бир чечимге келе элек. Өкмөт алдында түзүлгөн координациялык кеңеш ар бир компаниянын сунушун талдап чыгып, анан чечим кабыл алмакчы:

- Бул сунуштар боюнча координациялык кеңеш атайын чечим кабыл алат. Чечимде ар бир сунуштун өзгөчөлүгү, биздин өлкө үчүн ыңгайлуулугу эске алынмакчы. Анда бир эле компания тандалып алынат деп айтууга да мүмкүн эмес. Маселен, бир нече компания тандалып алынышы да мүмкүн.

Токобаев кошумчалагандай, сунуш берген ар бир компания эл аралык транспорттук түйүндү түзүү үчүн ар түрдүү долбоорду иштеп чыккан. Маселен, орусиялык “Роснефтке” таандык “ Новапорт” компаниясы аэропортко хаб куруу үчүн кыргыз-орус биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Бул үчүн орусиялык компания 300 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Ал эми кытайлык компаниялар аймактык “Баткен” менен Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортторун оңдоо ниетин билдирген. Башка компаниялар да ушул сыяктуу долбоорлорду сунуштады.

Бул сунуштарды өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана бул жааттагы адистер кирген координациялык кеңеш бир айда карап чыкмай болду. Андан соң ыңгайлуу долбоорлор коомчулуктун кароосуна сунушталат. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, бул боюнча акыркы чечимди парламент кабыл алат:

- Бир ай ичинде эл аралык хаб куруу үчүн дагы эмне маселелерге көңүл бурулушу керек, тактап чыксын деген тапшырма болду. Анын үстүнө айрым компаниялар өз сунуштарын жаңылоого жетишпей калдык деди. Алардын баарын тактап, координациялык кеңешке алып келет. Андан соң аны өкмөт карап, парламентке алып чыгат.

Анткен менен авиация тармагындагы эксперт Кайрат Итибаевдин баамында, маселен, ачык сынак менен инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү толук колдонулбай, так критерийлер аныкталбай калды:

- Бул чарбалык маселеге саясатты аралаштырбоо үчүн сынактын так критерийлерин аныктап алуу керек болчу. Бул компаниялар канча жылдан бери ушул тармакта иш алып барат? Алардын финансылык мүмкүнчүлүктөрү кандай, буга чейин башка өлкөлөрдө сынакка катышканбы? Ушул суроолор жоопсуз калды. Бир гана аэропорт жетекчилигинин бизге транзиттик аэропорт керек дегенин уктум. Бул жетишсиз.

Мына ушундай жол менен АКШнын Транзиттик борбору чыккан соң “Манас” аэропортун эл аралык хабга айландыруу аракети жанданды. Муну менен катар коомчулукта стратегиялык объекттердин катарындагы бул аба майданды чет элдик компанияга берүү менен өлкө эгемендигине шек келбейби деген суроо көтөрүлдү. Маселен, оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков аэропорт боюнча чечим кабыл алууда бийлик орусиялык компанияларга артыкчылык бериши мүмкүн деп чочулайт:

- Азыркы тендерди өткөрөбүз, ачык жол менен башкарууга беребиз дегени баягы эле саясат. Анткени бийлик аэропортту ачыктан ачык саткандан коркуп, эл көзүнө ушундай жол менен тендер өткөрдүк дегени менен акыр-аягында орусиялык компанияга берилет деп ойлойм.

Чындыгында эле буга чейин “Манастын” көпчүлүк бөлүгүн Орусияга берүү боюнча меморандум чоң талкуу жараткан болчу. Анда кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга кол койгон эле. Бирок буга жарандык коом, оппозиция каршы чыккан соң президент Алмазбек Атамбаев "Роснефть" өз сунушун чакыртып алганын билдирген. Аталган компания бул жолу да өз долбоорун өзгөртүп, сунуштаганы белгилүү болду.

“Манасты” эл аралык транспорттук түйүнгө айлантуу маселеси бул жактан АКШнын жүк ташуучу Транзиттик борбору чыгарылган соң көтөрүлдү. Аэропорт өзүн-өзү толугу менен камсыздай албай, учурда кызматкерлерин кыскартып жатканы айтылууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG