Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жайсаңдын "Манасын" облустук сот да жаратпады


Нарын, 10-август, 2016-жыл
Нарын, 10-август, 2016-жыл

10-августта Нарын облустук соту Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик эмгек катары тааныган чечимди күчүндө калтырды.

Буга чейин Жумгал райондук соту ушундай чечим кабыл алган эле. Бирок Бүбү Мариям Муса кызынын тарапташтары бул чечимге макул эместигин билдирип, сот одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып чыгышты.

Талаштуу китеп боюнча жараян башталарда сот имаратынын алдында он чакты адам акция өткөрдү. Алар Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик деп табылышын талап кылышты.

Акцияга чыккандар “Манас бурмаланбасын!” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп, Бүбү Мариямды сот жообуна тартууга чакырышты. Алардын бири Гүлмира Кыштообаева:

Бүбү Мариям Муса кызы
Бүбү Мариям Муса кызы

- Тарбиялык мааниси чоң "Манас" эпосун бурмалагандар жоопко тартылсын. Биз соттон ошону талап кылабыз. Бүбү Мариям "Манасты" одоно бурмалаган. Жумгал райондук соту туура чечим чыгарган. Бул чыгармада экстремисттик маани бар, Бүбү Мариям кыргызды бөлүп-жарып, чабыштыргысы келген аял. Эл бузар өз жазасын алышы керек.

Сот жараяны башталганы Нарында буга чейин митинг-пикеттерге тынбай катышып жүргөн аялдар "Бүбү Мариямдын Манасын жайына койгула" деп кыйкыра баштады. Ошентип сот процесси эки тараптын жаакташуусу менен өттү.

Мындай кайым айтышуу сот аяктаганча уланды.

Ал эми сот чечим чыгаруу үчүн залдан чыгып кеткенде китепке каршы чыккандар Бүбү Мариямды жаалап киришти.

"Бүбү Мариям Муса кызы "Манастын" кайсы жерин бурмалаган" деген суроого филология илимдеринин доктору Садык Алахан китептин беш-алты жеринен мисал келтирди.

- Бүбү Мариям жазган "Манасты" эч качан вариант деп эсептөөгө болбойт. Баарысын теңирден тескери көрсөткөн. Мисалы, биринчиден, Манастын образы, экинчиден, Алманбеттин теги бурмаланган, үчүнчүдөн, Чубактын баатырдык сапаты жокко чыгарылган анан дагы бул китепте оозго алгыс порнография бар, диндер арасында кагылышуу жаратышы мүмкүн, эң башкысы бул китепте кыргыздын түпкү тегин бурмалап, аягы суюк аялдан кыргыз таркады деген ойду беришкен.

Ошентип Нарын облустук соту Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик деп табуу боюнча Жумгал райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

Эрнист Абдыжапаров
Эрнист Абдыжапаров

Бирок Бүбү Мариямдын чыгармасын колдоп келген Эрнист Абдыжапаров сот мыйзамды тебелеп-тепсеп шашылыш чечим чыгарып койду деди:

- Бүгүн мен таң калып турам. Анткени бүгүнкү уюшулган пикет, бизди каралаган жыйын өз күчүндө иштеди. Кыргызды кыргызга, Манасты Манаска тукурган күчтөр бүгүн жеңишке жетти. Мындан аркы аракетибиз Жогорку Сотко кайрылабыз, болгон фактыларды келтиребиз. Башкысы коомго түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Коомдо бул чыгарманы тукуруу, толкундоо катары кабыл алып жатканы бизди өкүндүрөт. Акыры чындык жеңет деген ишеничтемин.

Сот отурумуна байкоо жүргүзгөн коомдук активист Эркин Асаналиев сот процесси бир канча мыйзам бузуулар менен коштолду деген пикирде:

- Сот залында отургандар улам жаалашып, эки жолу прокурордон эскертүү алышты. Жөнү жок кыйкырып, Бүбү Мариям Муса кызынын сүйлөгөнүнө тоскоолдук жаратып, оюн бөлүп жатышты. Мындан улам ал эже өзүн жаман сезип, дары ичти. Мындай учур сот процессинде болбошу керек. Соттун курамы Бүбү Мариям сенин чыгармаңдын баланчанчы бетинде экспертизанын жыйынтыгы менен мындай экстремисттик маанай бар экен деп так айткан жок.

Бүбү Мариямдын "Манасынын" бүтпөгөн чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Бүбү Мариям Муса кызынын китебин 19-июлда Жумгал райондук соту экстремисттик деп тапкан. Буга нааразы болгон Бүбү Мариям Муса кызынын тарапташтары апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылышкан. Соттун жүйөсүндө, аталган чыгарма кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтүү, тарыхый фактыларды бурмалоо жана диний, улут аралык касташууну тутандырышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Сотко китепти экстремисттик деп таануу боюнча доо арыз менен Башкы прокуратура кайрылган. Курамы жети адамдан турган комиссия дайындалып, китеп филологиялык экспертизадан өткөн жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына каршы келет деп табылган.

XS
SM
MD
LG