Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору берген кирешенин ордун 2014-жылдан кийин кантип толтуруу керек? Эл аралык “Манас” аба майданы бүгүн ушул маселе менен алек.

Ушул маселеден улам "Манас" аба майданы мелжеп жаткан 2014-жылдан кийинки пландарынын айрым өңүттөрүн "Азаттык" арай көз чарай талкуулап көрдү.

Талкууга Орусиянын Батыш Европа менен Чыгыш Азия жүктөрүн Кыргызстан аэропорту аркылуу ташуу үчүн хаб куруу ниети ишке ашат деп ойлойсузбу, Кыргызстандагы логистикалык борбор эл аралык атаандаштыкка туруштук бере алабы деген өңдүү суроолорду койду. Ага “Эл аралык “Манас” аба майданы” ачык акционердик коомунун биринчи вице-президенти Нурлан Мамыров, эксперт Таалайбек Окенов жана “Прогресс” коомдук уюмунун жетекчиси Адил Турдугулов катышты.

“Азаттык”: 2014-жылдан кийин Кыргызстандын ("Манас" эл аралык аба майданындагы) уникалдуулугу эмнеде болот? Эксперттер база чыгып кетсе, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанга анча көңүл бурбай калат деп атышат. Атаандаштыкка туруштук бере алабы? Мисалы, Казакстанда хаб курулары айтылууда. Башка кошуналарда бар экендиги белгилүү. Анын үстүнө кубаттуу, заманбап эл аралык компаниялар коридорсуз эле түз учуп-конууну көздөй өнүгүп, технологиясын жакшыртып, аба каттамдарын сатып алып жатат деген маалыматтар чыга баштады.

Таалайбек Окенов: Сиз туура айттыңыз. Азыр Бишкектин тегерегинде хаб курам деген жыйырмадай аэропорт бар. Анын ичинен төртөө Казакстандыкы, төртөө Өзбекстандыкы, Орусиянын толтура аэропортторунун да ошондой үмүтү бар.
Бирок, менимче, Кыргызстанда хаб куруу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Люксембургдун "Карголюкс" деген авиакомпаниясын айтат элем. Люксембург аэропорту менен келишим түзүп, бизге адистерди даярдап берсе деген ниет. Биз эң жакшы тажрыйбаны алышыбыз керек. Акча эле эмес, кесипкөйлүк жана тажрыйба керек болуп атат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Адил Турдугулов: Хаб жеке эле аэропортко тиешелүү эмес. Азыр көп жакшы нерселер болуп атат. Мисалы, мурда товарлар көмүскө сатылса, азыр ачык чыгып атат. Бул жакшы көрүнүш. Бул дегеле биздин кыргыз экономикасына тиешелүү.

Коррупция болбосо, ошол схемадан, үй-бүлөлүк башкаруудан, криминалдык режимден алыстасак, ошондо хаб ачууга мүмкүнчүлүктөр болот эле деген ойдомун. Бул “Стая синиц” деген стратегия, негизи, он жыл мурда эле бар болчу. Анда жакшы жазылган. Бирок, тилекке каршы, саясий эрк жетпегендей туюлуп жатат мага.

Нурлан Мамыров: Чынында эле Кыргызстандын тегерегинде биз хаб болобуз деген жок дегенде бир он мыкты аэропорт бар. Бирок, Кыргызстандын өзгөчөлүгү бар. Бул, биринчи кезекте, Кыргызстандын экономикалык эркиндиги. Экинчиден, ачыктыгы. Бул абдан маанилүү. Биз көптөгөн инвесторлор менен сүйлөшүп жүрөбүз. Алар Кыргызстан жеке эле орто азиялык эмес, КМШ мамлекеттеринин ичинен визасыз каттамдарга жалгыз уруксат бере алды деп баалап атышат.

Биздеги бар артыкчылыктарды туура тандап, ошол артыкчылыктар аркылуу Азия менен Европанын ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу чоң агымдан чакан болсо да бир жай таап алышыбыз керек. Аны андан ары өркүндөтүү – менеджерлик жумуш. Ага ишеним бар. Ансыз бул ишке келбейт элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG