Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43
А мен ошол күнү да аянтка чыккам. "Улан" кичи районунан жөө келгендердин арасында болчумун. Эшимканов, Атамбаев- башкы «диджейлер». "Суу ичкиңер келип, майда дүкөндөргө тийип жибербегиле. Өзүбүз сатып беребиз, бизге келгиле", деген Атамбаевдин токтоо кайрылган үнү дале эсимде. Менимче, алар деле ошондон 30 мүнөт өтпөй эле түп-тамырынан бери өзгөрүп кетет деп ойлошпосо деле керек. Дегеним, Ак үйгө жеткенибизде ызы-чуу башталып калган экен. Жердин баарына ыргытылган таштар, кан.

Бир убакта алдыбыздан атчандар качып өтүштү. Биздин топ жетип келгенде жүрөктөрү түшүп качты окшойт. Кимдир бирөө аларга карай таш ыргытты эле "Урбагыла!" деп башкалары жаалап жиберишти. Элдин көбүн айт. Кыйкырыктан кулак чуулдайт. Мынчалык элдин көбүн биринчи көрүшүм. Он мүнөт өтпөй эле Ак үйдүн жетинчи кабатынан түрдүү желектер көрүнө баштады. Бакай калпакчан Топчуке сүйлөп жатат. Эмне дегени деле угулбайт.

Бир убакта Эшимканов курчаган балдары менен маңдайыма келгенин көрдүм. Өңү купкуу болуп, "Жанузаковду, Жанузаковду өл-тү-рүп салы-шат" деп оозунан көк түтүн чыга булдуруктаганын угуп калдым. Көрсө, Ак үйдүн алдында аны тепкиге алып аткандарды көрүп, ал жакка карай жүткүнгөндө жансакчылары биз тарапка сүйрөшкөн экен.

Арыда Алмаз Атамбаев да жан сакчыларынын коштоосунда сүйлөгөнгө дарманы келбеген шок абалда. Кыскасы, ойдо жок жерден Ак үй "алынды". 20 мүнөттөй элдин сүрү менен ошол жерде жрдүк. Эл менен кошо сел болуп, Ак үйгө кирүүгө жүрөк даабады. "Жүр, кирели" дейт жанымдагы таанышым. А мен көнбөдүм. Бул убакта элдин баары жөөлөшүп, Ак үйгө кирип баратышкан. Кыйкырык-сүрөөн, ызы-чуу. Анан терезеден китептер, кагаздар ыргып, чачылып аткан учур эле. Мындайда өзүн колго алып, элди токтотуп кала турган лидерлерден керек эле.

Анан депутаттар кайда экен деген ойдо «Көк үй» тарапка жөнөдүк. Бараткан алдыбыздан бир эки жан-жөкөрүнүн коштоосунда Текебаев көрүндү. "Саламатсызбы, Өмүрбек Чиркешович, Ак үйдү бошотуп койдук", дедим. "Ии, жакшы болуптур" деди жайдары гана. "Түз эле барыңыз да, Акаевдин ордуна отуруп алыңыз" деди жанымдагы жөн калбай. "Ии, мен дагы ошентип ойлоп атам", деген Чиркешович күлгөн бойдон кетти... Көкүрөгүм толуп турганын ошондо сездим . Үйдө жети айлык Байтик бар эмес беле.

Жибек-Жолу көчөсүндө көпкө күтүп атып бир маршрутка менен эптеп үйгө келсем, эч ким жок. Жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады. Өзүмдү жоготуп койдум. Ары чуркайм, бери чуркайм. Агамдын баласы мени сооротуп жанымда турат. Жарым саат өткөн соң гана бир колуна балмуздак кармап, бир колуна коляска сүйрөгөн бала багуучу кызым көрүнгөнгө дейре не деген ойлор жүрөгүмдү жиреп өттү. Ошондон кийин тилге келип калдым.

«Жаңылыктарды көрдүңөрбү?», дедим мени тегеректеп калган кошуналарга. Эч ким унчукпайт. Көрүшпөптүр. «Ак үй алынбадыбы, уккан жоксунарбы?», деп кайра сурайм. «Телевизор тартпай жатат» деди арасынан бирөө. «Кыйратып койгонсуп, эмнесин мактанып атасың?» деген бирөөнүн үнү арытан угулду. Жашы улгайып калган апа экен. Жер карап отуруптур. «Ак үйдү алдык деп дердеңдебеш керек. Аягы жакшы болбойт...», деди. Каңырыгы түтөп турганын байкадым. «Бала-чакасынан бирөө-жарымы Ак үйдө иштегендерден го», деген жаман ой гана көңүлүмө кеткени болбосо, анда маани бербепмин...

Баламды кучактай шашылып үйүмө кирсем телефон жан алы калбай шыңгырап атыптыр. Москвада иштеп жүргөн инимдин аялы экен. «Амансыңарбы, үйдөсүңөрбү? Азыр эле Россиянын телеканалдарынан шашылыш кабар берген экен. Иниңиз сизге чалып коюуну суранды. Бир колуна баласын, бир колуна суусун көтөрүп алып, аянтка чыгып кетпесин, деди» дейт. «Үйдө элемин. Кам санабагыла», деп жооткоттум да, телевизорду койдум. КТР жабык экен. Күндүзгү саат экиден өтүп калган мезгил эле...


Карамат Токтобаева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG