Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Жол жабылып кете албай жаткан мургабдык кыргыздар үйүнө жетти


Жолду тазалоо учуру.
Жолду тазалоо учуру.

80 чакырымдан ашуун Сары-Таш-Мургаб жолун кыргыз тарап да, тажик тарап да калың кардан тазалаган эмес. Оор кардан улам, мекенине кайта албай, Ошто үч жумалап жүрүп калган мургабдык кыргыздар карга чулганган жолду күрөк менен күрөп жүрүп отуруп, жетишкен. Алар 25-февралда жолго чыгып, 1-мартта мекенине жетишти. Бул тууралуу мургабдык кыргыздардын бири Алмаз Замиров “Азаттыкка” билдирди.

Ош - Мургаб унаа жолунун жалпы узундугу 500 чакырым. Тажикстандын Мургаб районундагы этникалык кыргыздар тамак-аш, тиричилик буюмдарын алуу үчүн Ош шаарына тез-тез келип турушат.

Быйылда Тажикстандын тоолуу аймактарында кар калың түшкөн. Январда эле бул өлкөдө 250 жолу кар көчкү жүргөн. Өлкөнүн Чукул кырдаалдар комитети ашууларда, тоолуу аймактарда абал кооптуу бойдон кала бергенин эскертип, өтө зарыл болбосо, калкты жолго чыкпоого үндөп келет. (YI)

XS
SM
MD
LG