Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:40

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.

11 жыл мурда бул саясий окуянын чыгышына эмне себеп болгон? Коомдун талабы кандай эле? Бийликти алмаштырууга жетишкен элдин мүдөөсү аткарылдыбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна мударис-профессор Кусеин Исаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков жана саясат иликтөөчү Айнура Аскарова катышты.

Жусупжан Жээнбеков: Элдин ал учурдагы бийликке каршы чыгышына бийлик жана “Алга, Кыргызстан” саясий партиясы аркылуу парламенттик шайлоонун бурмаланышы, элдин добушунун уурдалышы негизги себеп болгон.

2005-жылдын 10-мартына чейин “Акаев кетсин!” деген талап болгон эмес. Эл менен эсептешпей калгандан кийин гана “кетсин” деп айта башташкан.

Ал учурдагы оппозицияга катуу кысым болуп, бийлик тарабынан шайлоонун экинчи турунда “оппозиция өкүлдөрү өтпөсүн” деген буйрук болгон. Мына ошондон кийин Кыргызстандын бардык аймактарында эл толкуду.

Мен Жалал-Абад облусунда губернатор болуп турганда Бакиевдин инилерине “тамагыңарды тыйгыла, силерге Бакиев деген фамилия жетет” деп айткан сөзүм үчүн кызматтан алышты. Эл тогуз күн толкуп турганда Бакиев өзү барып Таласка губернатор кылып дайындаган. Анын артынан көп куугунтуктар болгон.

Кусеин Исаев: 24-марттагы ыңкылап болгондо Кыргызстанда жаңы доор башталат деп чоң ишеним арткам. Мен бул жөнүндө макала гана эмес, китеп да жазгам. Элдин ишеними акталбады, үмүтү уурдалды. Бийликке келгендер демократия дегенди унутушуп, зордукчулукка, басып алуучулукка өтүштү. Ошол учурдагы менчикти басып алуунун, талап-тоноочулуктун бети алигиче ачылбай, күнөөкөрлөр жазаланбай келет.

Айнура Аскарова: 24-мартка чейинки окуяларда, ошол күнү, андан кийин да аялдар чоң күч болгон, алардын бийликтин алмашуусунда орду зор болгон.

Тилекке каршы ыңкылаптан кийин аялдар мамлекеттик деңгээлде колдоо таба алган жок. Аялдарды биринчи жолу Аксы окуясында пайдаланышкан. Кийинки окуяларда да аялдарды алдыга салып жүрүштү.

Аялдар бир ууч саясий топтун кызыкчылыгына иштеп, алардын куралына айланышкан. Материалдык кызыкчылыктарга да азгырышкан, алдашкан. 2005-жылдан кийин кыргыз парламентине бир дагы аял келбегени мунун бирден бир далили.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG