Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Аманова: Кыздар өзүн сыйлабай жатат


Нике жарнамаларына тыюу салуу демилгеси жөнүндө юрист, акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Алима Аманова “Азаттыкка” маек курду.

- Жогорку Кеңеш депутаттары нике агенттиктердин жарнамаларын, кулактандырууларын маалымат каражаттарына жарыялоого тыюу салды. Мындай тыюуга коом канчалык муктаж эле?

- Кийинки мезгилдерде Кыргызстанда маселе, көйгөйлөрдү чечүү үчүн акыркы чараларды кабыл алган адатка көнүп калдык. Ошол токтомдун кабыл алынышына кандайдыр бир негиздер бар. Бүгүнкү учурда аны жок деп айта албайсың.

Чет өлкөгө турмушка чыккан кыздардын баары эле бактылуу болуп кетти деп айтууга да болбойт. Бирок ошол токтом менен бул маселе чечилбейт. Ал агенттиктер башка жолдорун табышат. Агенттерин көбөйтүшөт. Анан мыйзамдын ишке ашып, аны иштеп кетерине биздин көзүбүз жетпейт. Бул мыйзамдардын санын көбөйткөн бир мыйзамдык акт деп ойлоп турам. Анан экинчи укук маселесине келгенде укукка да кандайдыр бир чектөөлөр киргизилип жатат.

Ошол мыйзамды турмушка ашырууга кеткен каражаттарды тескерисинче мектеп жашындагы, жаш кыздарды моралдык жактан тарбиялоо болобу, баягы “кызга кырк үйдөн тыюу” деген илгерки салт боюнча кыздардын өзүн-өзү баалап, өзүнүн кадырына жеткендей даражада тарбиялаганга көңүл бурса жакшыраак болот. Себеби кийинки мезгилдерде кыздарыбыздын көпчүлүгү өзүн-өзү сыйлабай, өзүн ар кандай жаманчылыктын куралы катары пайдаланганга мүмкүнчүлүк түзүп келе жатат. Ошондуктан бул мыйзамдын толук кандуу иштеп кетишине менин көзүм жетпейт.

- Буга чейин 22 жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө жалгыз чыгарбоо боюнча да демилгелер көтөрүлгөн. Бул өңдүү соңку тыюулар адамдын эркиндигине, укугуна шек келтирбейби?

- Бул жерде сөз агенттиктердин иши боюнча болуп жатат. Кыздар өз ыктыяры менен таанышып жүрүп, чет өлкөлүктөргө турмушка чыгам десе, анда биздин мамлекетте чектөө жок. Бул жерде агенттиктер... Андай агенттиктердин иштерине тыюу салуунун ордуна алардын жоопкерчилигин күчөтүү керек. Аларды турмушка бердиби, алардын кийинки тагдырына кызыгуу боюнча жоопкерчиликти караса жакшыраак болмок.

- Сиз Жалал-Абадда акыйкатчынын өкүлү болуп иштеп келесиз. Чет өлкөгө турмушка чыгып, кыйын кырдаалга кабылган кыздар сиздерге да кайрылса керек. Аларга кандай жардам көрсөтөсүздөр?

- Бизге да кайрылган учурлар болгон. Агенттиктер аркылуу барып, паспортторун алып коюп, кул катары пайдаланган, аларды иштөөгө мажбур кылган учурлар көп эле. Бизге да арызданган. Алардын арасында жеке бир адамдар аркылуу да кеткендери бар.

Ошолор менен сүйлөшүп келгенде, алардын өзүнүн элементардык укугун билбегендиги. Кыргызстанда укуктук сабатсыздыкты жоюу иштери өтө төмөнкү деңгээлде жүргүзүлөт да. Баарыбыз “реформа, реформа” деп эле чапкылайбыз. Бирок элдин жыргалчылыгы үчүн, элдин өзүн өзү сыйлап жашоого багытталган иш-чаралар өтө аз өткөрүлөт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG