Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Чет өлкөгө турмуш курууга чакырган нике агенттиктердин жарнамаларын, кулактандырууларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тыюу салынды.

Мындай токтомду Жогорку Кеңеш 16-майда жалпы жыйында кабыл алды.

Депутаттардын жүйөсү боюнча нике агенттиктери аркылуу чет өлкөгө турмушка чыккандардын көбү зомбулукка кабылып, бактысыз болууда.

Ал эми агенттиктер бул токтомду терең талданбаган жана ишкерчиликке тоскоолдук кылган чечим деп кабылдап жатышат.

"Керегем сага айтам..."

Гүлзада (аты өзгөртүлдү - авт.) ушул жылдан январь айында нике агенттиги аркылуу түштүк кореялык жигитке турмушка чыккан. Бирок ал алданып калганын ал жакка баргандан кийин гана түшүнөт. Бул тууралуу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Айзада Асыранкулова “Азаттыкка” телефон аркылуу айтып берди.

- Бул 21 жаштагы кыз экен. Боюнда да болуп калган. Ал ушул жылдан январь айынын аягында Кореяга агенттик аркылуу турмушка чыккан экен. Кыргызстандан аны "күйөөң Samsung компаниясында иштейт, өзүң хан сарайда жашайсың" деп алдашкан. Анан кыз келип жашай баштаганда, күйөөсү күндө ичип келип, кызга кол көтөргөн. Анан кыз үч жума жашагандан кийин үйүнөн качып кетип, кризистик борбордо жашаган.

Айзада Асыранкулова бул кыздын тагдырын уккан кыргыз жигиттери ага билет сатып берип, Кыргызстанга жөнөтүп жатканын кошумчалады. Ал Гүлзаданын тагдыры башкаларга сабак болушу керек дейт.

- Намысы ойгондубу, айтор бир бала “ал кыз корейге жалдырабасын, билетин мен сатып берем. Кыйналып жатса Кыргызстанга барсын” деп сатып берди. Кыз болсо "Кыргызстанга барганда бул нерсени жөн койбойм, аябай көп кыздар ушинтип алданып жүрөт, мен муну көтөрүп чыгам” деп жатат.

Депутаттардын тыюусу

16-майда парламент токтом кабыл алып, нике агенттиктерине жарнама берүүгө тыюу салды. Демилгечилердин бири Турсунбай Бакир уулунун айтымында, эл аралык нике агенттиктеринин жардамы аркылуу чет жерге турмушка чыккан кыз-келиндердин саны арбып кетти. Терс жагы - кыздар чет өлкөлүк күйөөлөрүнүн катаал мамилесине, зомбулугуна кабылып, сексуалдык күңүнө айланып калып жатышат дейт депутат:

- Биздин алданып, чет өлкөгө чыгып жаткан кыз-келиндерибиздин саны көбөйүп жатат. Мисалы, бир фактыны келтирейин: Тышкы иштер министрлигинен менин суроомо жооп келди. Бир эле Түштүк Кореяга акыркы жылы 161 кызыбыз турмушка чыккан экен. Ошонун көбү азыр кантип Кыргызстанга кетсек деп, баш оорутуп жатышыптыр. Ушул нерсени токтотуу үчүн бир да орган иштебейт экен.

Түштүк Корея демекчи, ал жактагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде бул өлкөгө 700 чамалуу кыз турмушка чыккандыгын айткан эле. Маселен, 2001-жылы он кыз кетсе, 2010-жылы бир жылдын ичинде эле 120 кыз турмушка чыккан. Өткөн жылы корей жарандарына турмушка чыгып кеткен кыздардын саны 150дөн ашкан:

- Ар кандай тагдырлар бар, ар кимисинин өзүнүн тагдыры бар. Арасында биздин жарандыктан чыгып кеткени бар, абдан жакшы жашап жүргөнү бар, ошол эле учурда абдан аянычтуу тагдырга түшүп калгандары да бар. Ачыгын айтсам, ошол 700 кыздын баарын мен алиге таап бүтө элекмин, биздин элчиликтен кээ бирлери качышат.

"Багыңды сура"

Адистердин айтымында, кыргызстандык кыздарды Түштүк Кореянын жарандарына күйөөгө берген 20дан ашык фирма бар. Алар кыз-келиндердин материалдык оор абалынан жана жеңил ойлуулугунан пайдаланышат дешет. Бирок нике агенттиктеринин ээлери өздөрү мындай дооматтарды четке кагышууда.

Ишкерлер эл аралык нике агенттиктерине иш алып барууга мыйзамдар жол берет деп, жарнама берүүгө тыюу салууну ишкерчиликке бут тосуу катары санашууда. Түштүк Кореяга кыздарды узатуу менен алектенген агенттиктердин биринин кызматкери Динара Асанова бактылуу же бактысыз болуу ар бир кыздын өзүнөн дейт:

- Бул жактагы тарбиясы жок кыздар ал жакка барганда деле тарбиясы жоктугун көрсөтөт. Ал жакта өздөрү жашай албаган кыздар бул жакка келип, корейлерди жамандап жатышат. “Ал жакта жашай албай койдум, тилин үйрөнө албай койдум, тамагын жей албай койдум” деп, калп эле шылтоолорду айтып жатышат. Анан алар жакшы жашап кете албаса эле кыздар бактысыз болуп жатат деп нике агенттиктерине сөз тийип калууда. Биздин тажрыйбада 30 киши кеткен болсо, алардын ичинен ажырашкандар бир-экөө эле болду.

Токтомду аткаруу Башкы прокуратурага жана тартип коргоо органдарына жүктөлдү. Бирок ал токтомдун иштеп кетеринен күмөн санагандар арбын. Айрымдар нике агенттиктерин көзөмөлдөгөн атайын мыйзам керектигин белгилешүүдө. Айта кетсек, Түркияга, араб мамлекеттерине жана башка бир топ өлкөлөргө турмушка чыккан кыздар да бар. Бирок алар нике агенттиктери аркылуу эмес, көбүнесе жеке тааныштык менен кетишет. Алардын арасында да бөтөн жерден өз бактысын таба албай калгандар жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG