Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Масалиев: Коммунисттер чечим чыгарса шайлоого барам


Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Искак Масалиев акталып чыгары менен “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

Бүгүн (10-мартта) Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Искак Масалиевди Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту толук актап, күнөөсүз деген чечим чыгарды. Ал былтыр май айында "башаламандыктарды уюштурган", "бийликти күч менен тартып алууга аракеттенген" деп айыпталып аткан болчу.

“Азаттык”: Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту сизди былтыр май айында козголгон кылмыш иши боюнча толук актап, күнөөсүз деп тапты. Бул кандай чечим болду, саясийби же укуктукпу?

Искак Масалиев: Толугу менен укуктук чечим болду. Бул бир гана Кылмыш кодексине таянган, Баш мыйзамга жана мыйзамдарга таянган чечим болду. Башында бүт мен айткан сөздөрдүн баары бүгүн соттун чечиминин ичине кирип, негиздемесине кирип, “Искак Масалиевдин кылган иш-аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жана курамы жок” деген чечим чыкканы – бул башынан эле биз күткөн чечим эле.

“Азаттык”:
Жогорудагы суроону бергенимдин себеби, Акаев, Бакиевдердин тушунан бери эле Кыргызстандын саясий айдыңында, ушул сөздү баса белгилеп айткым келет, так ошол саясий айдыңда регионалдык баланс, түндүк-түштүк деген сөздөрдү колдонуп, саясатчылар жүрүштөрүн жасап келишти. Айыпталуучу катары өтүп аткан Үсөн Сыдыковду, сизди колдогон аксакалдар тобу сиздердин кичи мекениңиздерден келип, “актагыла” деп кысым көрсөтүшкөн деген кептер айтылып кетти. Мунун канчалык чындыгы бар? Ушундай болду беле?

Масалиев: Жок. Мени өткөн жылдын май айында камаган. 14 күн камалгам. Жаңы жылдын алдында, октябрда барды иш сотко. Сот ар түрдүү себептер менен жылып турган. Жаңы жылдан кийин карала баштады. Январдан тарта менин туугандарым, жердештерим Кадамжай районуна барып бир гана талап коюшту: “мыйзам боюнча соттогула. Күнөөлүү болсо камагыла, күнөөсү жок болсо токтоткула” деп. Себеби баарыбыз эле түшүнүп турабыз да эмне болгонун. Мына сиз деле айтып кеткен Акаев, Бакиев тушунда ушундай болгон. Алар эле эмес, тээ советтик мезгилдерде деле ушундай болгон. 1930-жылдары адамдын ойлору, жеке пикири, айтылган сөзү үчүн камашкан.

Бул жерде сиз айткандай бийликке кысым болгон эмес. Сиздин сурооңузду мен түшүнүп турам, “балким кандайдыр бир келишим болуп, бийликке кысым болуп” деп. Менин оюмча бийлик кысымдан корккон жок. Бийликте отурган адамдардын көбү билет, Искак Масалиев эч качан мыйзам бузууга барбасын. Мен өз максатыма жетиш үчүн элди чыгарып, жолду тосконго барбайм. Себеби мунун азабын тарткан ошол эле эл болот. Ошондуктан бул жагынан бийлик корккон жок.

Бир да жерде “Искакты актап бергиле” деп сураган жок. "Адилеттүү карап бергиле, эгер айыптуу болсо, күнөөсү далилденсе жоопко тарткыла" деп атышты.

“Азаттык”: Сизге кылмыш иши былтыр май айында эле козголгон эле, андан бери бир канча ай өттү. Бул аралыкта эмнени уттурдуңуз? Эмнеге жетпей калдыңыз?

Масалиев: Мен сурооңузду түшүндүм. Депутат болбой калып бир нерсе жоготтумбу? Жок, мен эч нерсе жоготкон жокмун. Мен акыркы он жылда үч жолу депутат болуп шайландым. Бул эмне деген, кандай болгон кызмат экенин жакшы түшүнөм. Ошондуктан уттурдум деп айтпас элем.
Өткөн жылы мен түрмөдө отурганда 50 жашка чыктым. Бул эч көп эмес, эми күчүмө кирип атам. Беш жыл тез эле өтүп кетет, дагы шайлоо болот, дагы күрөш болот. Саясатка киргенден кийин мен ал жерден чыкпайм, мен саясатта болом. Мен ойлоп атам, келерки шайлоолордо чыгабыз.

“Азаттык”: Эми мындан аркы аракеттериңиз кандай болот?

Масалиев: Биздин алдыбызда быйыл чоң саясий иш болот. Бул – күздө президентти шайлашыбыз керек. Президенттик шайлоого биздин партия сөзсүз өзүнүн талапкерин чыгарышы мүмкүн. Кандай болсо да биз өз талапкерибизди көрсөтөбүзбү же кайсы бир талапкер үчүн иштеп беребизби, кандай болсо бул президенттик шайлоого мен аралашам, катышам. Коомдук ишмер, Коммунисттер партиясынын мүчөсү болгондон кийин катышам.

“Азаттык”: Өзүңүздө президенттикке талапкерлигиңизди алып чыгуу боюнча план барбы?

Масалиев: Чынын айтканда биздин партияда “топтун чечими” деген принцип сакталып турат. Ошол жерде эгер коммунисттер талап койсо, жер-жерлерде маселе көтөрсө аны аткарганга милдеттүү болобуз. Эми бул 1-2 айда такталып калат го.

“Азаттык”: Коммунисттер партиясы сизди президенттикке талапкер катары көрсөтсө барасызбы?

Масалиев: Эгер партиянын чечими ушундай болсо, мен шайлоого барганга милдеттүү болом.

“Азаттык”: Сиз жана айтып өттүңүз, “соттук териштирүү башталганда Коммунисттер партиясынын лидерлигин өткөрүп бергем” деп. Эми ошол милдетти кайра аласызбы өзүңүзгө?

Масалиев: Алам деп айта албайм. Бирок бизде жер-жерлерде “И.Масалиевди жетекчилик кызматка кайра алып келиш керек” деп коммунисттер талап коюп атышат. Соттун чечими чыккандан кийин, мына бүгүн эле бир тобу ушундай сунуштарды айтып чыгышты. Балким. Ушул айда кеңешебиз го...

“Азаттык”: Рахмат.

Тасмада: Масалиев жана Сыдыков боюнча чечим чыкты

Масалиев жана Сыдыков боюнча чечим чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

XS
SM
MD
LG