Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Шаар башчылары шайланууда


Ноокат шаарынын борбордук көчөсү, 2011-жылдын 2-марты.
Ноокат шаарынын борбордук көчөсү, 2011-жылдын 2-марты.

Кыргызстандын 17 шаарында өтчү шаар башчыларын шайлоо да "шайтан оюндар" менен коштолуусу мүмкүндүгү айтылууда.

17 шаардын башчысын шайлоо 27-августта өтөт. БШКнын айрым мүчөлөрү мэрлерди шайлоодо ар кыл оюндар орун алышы мүмкүн деп коңгуроо кагышат.

Шаар башчыларын шайлоодо шайтан оюндар барбы?

Кыргызстандагы 17 шаардын башчылыгына кеминде 30дан ашык адамдын талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Алардын ичинде бир гана аял бар. Боршайком мүчөсү Ишенбай Кадырбеков шайлоого даярдыктар жыйынтыкталганын, бирок мэрлерди шайлоонун айланасында айрым оюндар жүрүп жатканын билдирет:

Ишенбай Кадырбеков
- Тилекке каршы жергиликтүү кеңештерде ар кандай оюндар болуп жатат. Мына азыр мэр болуп убактылуу иштеп жаткандар өзүлөрүнүн талапкерлиги көрсөтүлбөй калгандыктан кворумду жок кылып, шайлоону үзгүлтүккө учураталы деген кээ бир айрым шаарларда оюндар болуп жаткан экен. Бирок эми жергиликтүү депутаттар кыраакылык кылат го деп ойлойм.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, шаар мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Ал эми талапкерлерди премьер-министр жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан түзүлгөн фракциялар көрсөтүшү керек.

БШК маалымдагандай, бул жолу өкмөт башчы эч бир талапкер сунуштаган жок. Натыйжада бардык талапкерлер жергиликтүү кеңештер тарабынан гана көрсөтүлүп, ал талапкерлердин катарына азыр иштеп жаткан айрым мэрлер кирбей калган. Алардын бири Балыкчы шаар мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Бообеков "шаар мэрлери шайлоону өткөрбөй коюуга аракет жасап жатат" деген маалыматтарды четке какты.

Бирок Балыкчы шаардык кеңешинде депутаттар өз алдынча келише албай жатканын кошумчалай кетти:

- Биздин депутаттардын чыры былтыртан бери келе жатат. Өткөндө мэриянын шайлоосу болуп калыптыр деп депутаттар чогулушкан. Биринчи эле сессияда фракцияны бекитпей кайра тарап кетишпедиби. Бир нерсе болсо эле мэрлер минтип атат, тигинтип атат дешет. Андай эмес. Бул жерде мэрдин тиешеси жок такыр.

Уруучулук жана жердешчилик убайымы

Шаар башчылыгы үчүн Каракол, Кара-Суу, Сүлүктү шаарларында 3 талапкер көрсөтүлсө, көпчүлүгүндө 2 же бирден гана талапкерлер бар. Мыйзамга ылайык, шайлоо шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси катышканда гана өттү деп эсептелинет. Ал эми кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп саналат.

Уруучулук, жердешчиликке байланыштуу маселелер дайыма болуп келген. Жергиликтүү башкаруу органдарын шайлоодо жергиликтүү кеңештер өздөрүнө жакын адамды тандоого аракет кылышкан. ...
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Анаралы Чаргынов мэрди шайлоодо жергиликтүү кеңештин ролу чоң экенине басым жасайт:

- Эгерде кеңеш күчтүү болсо, шаарларда, шаарчаларда толук депутаттар шайланып калса, ал жерде тез аранын ичинде өнүгүп кетет. Айрым жерлерде депутаттардын деңгээли төмөн болгону байкалып эле турат.

Айрым байкоочулар мэрлерди шайлоо менен кайсы бир күчтөр президенттик жарыш алдында негизги бутактарга өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдиришет. БШК болсо бул шайлоо мыйзам чегинде дайындалганын, өкмөт башчынын шаар башчылыгына талапкерлерди көрсөтүүдөн баш тартышы таза шайлоодон кабар берерин каңкуулайт.

Деген менен “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбекова буга чейинки шайлоолордо болгондой, мэрлерди шайлоодо да уруучулук, жердешчилик жана административдик ресурстар роль ойнойт деген пикирде:

Каракол шаары
- Уруучулук, жердешчиликке байланыштуу маселелер дайыма болуп келген. Жергиликтүү башкаруу органдарын шайлоодо жергиликтүү кеңештер өздөрүнө жакын адамды тандоого аракет кылышкан. Жергиликтүү бийликтегилерге да жогорку органдар өз кишилерин алып келүүнү ойлоп келишкен. Мындай нерсе эң жок деген буга чейин болуп келген.

Ошентип 27-августта Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок жана райондук деңгээлдеги Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак шаарларында мэрлерди шайлоо болот.

Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоодо утуп чыккан мэрлер шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин иштешет. Шаардагы кеңештин мөөнөтү 2012-жылдын октябрь айында аяктайт. Мэр катары ишке жөндөмдүү, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта, же билим берүүнүн же саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде 5 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы бар жаран шайлана алат. Мэрди ачык же жабык шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

XS
SM
MD
LG