Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Аз кандуу аял, үйдө төрөгөн эне


"Азаттык” радиосу атайын радиобаяндар түрмөгүндө бул ирет төрөт курагындагы элеттик аялдардын саламаттыгына кайрылды. Айылдык аялдардын ден соолугу чукул көңүл бурууну талап кылат.

Эң башкысы элеттик энелердин саламаттыгын караган дарыгерлер жетишсиз.

Ош: Эне болуу бактысынан ажыраган келиндин сабагы

Оштун тургундары Исманали Муратов менен Мехригүл Саитованын "Азаттык" баяндаган аянычтуу окуясы коомчулукта түрдүү талаштарга жем таштады. Өткөн жыл соңунда Мехригүл операциядан эгиз баласын жоготуп, жатынын алдырганын, ал аз келгенсип операциядан кийин эки кулагы тең укпай калганын айтып чыккан эле. Ушундан улам учурда интернетте жаш келиндердин көп операция болуп жаткандыгы, дарыгерлердин шалаакылыгы жана жаштардын үй-бүлөнү пландоодогу сабатсыздыгы интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов баяндайт:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк

Баткен: Аз кандуулук энелердин башкы көйгөйү

Баткенде өткөн жылы төрөттөн каза болгон энелердин саны эки эседен ашкан. Тагыраак айтканда 2014-жыл ичинде төрөт учурунда 14 эне кайтыш болгон. Төрөт жашындагы энелердин 80 пайызы аз кандуулук менен жабыркаган аймакта абал оңолбой жатышын дарыгерлер жайкын тургундар өз саламаттыгына кам көрүүнү ойлобогон кайдыгерлигинен көрүшөт. Сөз аймактан кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдо:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк

Ысык-Көл: Дарыгер жоктон жабылган төрөткана

Ысык-Көл облусунда алыскы айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун алдындагы төрөт жайларынын саны кыскарып келет. Саламаттык сактоо мекемелери аны төрөтүү шартынын төп эместиги жана адистердин тартышытыгы менен түшүндүрүшөт. Адатта элет жеринде төрөткө ылайыкташкан медицина мекемелеринде ден соолугу кынтыксыз чың аялдарды гана төрөтүшөт. Теманы аймактык кабарчыбыз Мария Колесникова улантат:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00
Түз линк

Нарын: Энелердин эмчек рагы "жашарды"

Тоолуу Нарында жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелери жылына оор илдетке шектүү деп саналган жүздөй аялды борборду көздөй жөнөтүп турат. Адистер жыл өткөн сайын жатын жана эмчек рагы өңдүү оор илдетке чалдыккандардын курагы жашарып баратканын айтып тынчсызданышууда. Мындай илдеттердин себебин алар экологиянын бузулушунан, мүнөздөп тамак жебегендиктен да көрүшөт. Нарындык энелердин саламаттыгын кабарчыбыз Мирлан Кадыров сураштырды:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00
Түз линк

Узакбаев: Акушер-гинекологдор аймактардын баарында жетишсиз

Эл аралык стандарт боюнча ар бир 10 миң аялды 23 гинеколог тейлеши керек. Кыргызстанда бул нормага жетүү кыйын. Бишкекте эле врачтар жетиштүү болгону менен, аймактарда болжол менен ар бир 10 миң аялга бештен акушер-гинеколог туура келет. Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева менен болгон маекте төрөт курагындагы энелерди медициналык тейлөөдөгү көйгөйлөрдү санаган:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG