Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

ИИМ соцтармактардагы терс пикирлерди көзөмөлдөөдө


Cоцжеле (иллюстративдик сүрөт).
Cоцжеле (иллюстративдик сүрөт).

Министрликтин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова кырсыкта курман болгондорду табалаган жарандын Фейсбуктагы билдирүүсүнө укуктук баа берүү боюнча тергөө иши башталганын билдирди.

Анын айтуусунда, милиция кызматкерлери учак кырсыгына байланыштуу социалдык түйүндөрдөгү элди бөлүп-жарган билдирүүлөргө көңүл бурулуп жатат. Аманкулова терс пикир жазгандарга карата көрүлгөн чаралар боюнча кошумча маалымат берилерин айтты.

16-январдагы учак кырсыгынан набыт кеткендерди мазактаган билдирүүсүн Медициналык академиянын кызматкери Таттыгүл Дооталиева Фейсбукка жарыялаганы соцтармактарда кескин пикирлерди жараткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү териштирилерин маалымдаган. Анын жазган пикиринде аймактык жана улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилеринин бар-жогу атайын экспертизада такталат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG