Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Жогорку Кеңеш депутаттарынын чет өлкөлөрдүн жардамы менен түзүлгөн маалымат каражаттарынын ишмердигин байлаган жобону ММКлар жөнүндөгү мыйзамга киргизүү долбоору коомдо дароо кызуу талкуу жаратты.

Медиа тармак өкүлдөрү менен укук коргоочулар депутаттардын бул аракетин сөз эркиндигин муунтуу жана ал жобо авторитардык башкаруудагы башка мамлекеттердин мыйзамынан көчүрүлгөн деп баалашты.

1992-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзамды өзгөртүүнүн башкы максаты эмне жана ага кандай зарылдык түзүлдү? Маалымат каражаттарынын ишмердигин тизгиндөө коомдун ар тараптуу маалымат алуу укугун чектөөгө жол ачпайбы?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроого жооп алууну көздөдү.

Талкууга “Коомдук анализ институту” коомдук уюмунун директору Рита Карасартова жана тарых илимдеринин доктору, профессор Айнур Арзыматова катышты.

“Азаттык”: Рита айым, кечээ укук коргоочулар менен медиа өкүлдөрү ММК мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршылык билдирген кайрылуу менен чыктыңыздар. Андан кийин долбоордун авторлорунун бири Кожобек Рыспаев аны артка кайтарып алды. Бирок айрым эксперттер аны үч окуу менен биротоло кабыл алууга камылга көрүлө баштады деп жазып жатышат. Парламент бул долбоорду тезинен кабыл алууга эмне үчүн ашыкты?

Рита Карасартова: Биз дагы мыйзам кабыл алуу процедураларды бузуп, өтө тездик менен жасалып жаткан аракеттерге каршы болуп жатабыз. Анткени, бул долбоор 10-июнда гана каттоодон өткөн. Комитеттин жыйынынын күн тартибине да киргизилген эмес экен, ага карабастан баары күн тартибине дароо киргизип, жалпы жыйынга алып чыга коелу дешти. Бул аракет бизде “Буга ким кызыкдар?" деген бүдөмүк ойду жаратты. Долбоордогу маалыматтык-негиздемеде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу аракетинен улам даярдалды деп жазылыптыр, бирок аны даярдоого негиз берген изилдөөлөр, фактылар же көрсөткүчтөр менен негизделбептир. Коопсуздук деген сөз менен жалпылап жаап коюшту. Андан тышкары долбоордогу нормалар боюнча канча ММК жабылат, кандай натыйжа болот деген талдоо жок.

Биздеги медиа эксперттер долбоорду анализдеп көргөндө жаңы жоболор колдонула турган бир нече эле ММК, анын ичинде “Азаттык” радиосу болот экен. Ошондуктан “Азаттыктан колуңарды тарткыла!” деген акция менен чыктык. Анткени, айрым депутаттар атайылап берилген көрсөтмөнү аткарып, чектөөлөрдү атайылап киргизип жаткандай сезилди. Биз ар тараптуу, бейтарап маалымат алышыбыз керек, өзүбүздү өзүбүз чүмкөп алууга каршыбыз деген оюбузду билдирдик. Бирок кечээ Жогорку Кеңеш долбоорду кароодон биротоло алган жок, кайра иштеп чыгабыз деп ошол күнкү эле кароодон алышты. Эми Жогорку Кеңешке дыкат көз салып турушубуз керек, себеби күн тартибине дароо киргизип туруп карап жибериши мүмкүн. Кийинки кезде Жогорку Кеңеш өзүнө керектүү маселелерди күн тартибине шашылыш киргизип, процедураларды бузуп туруп эле кайра добуш берүү менен кабыл алып жатышат.

“Азаттык”: Айнур айым, сиз чет өлкөдөн каржыланган ММКлардын Кыргызстанга зарылдыгы жок деген пикириңизди билдирдиңиз. Эмне үчүн мындай чектөө зарыл деп жатасыз?

Айнур Арзыматова: Мыйзамдын шашылыш түрдө кароого киргизилгендигине коңшу мамлекеттердеги акыркы окуялар, мисалы Казакстандагы окуялар түрткү берди деген ойдомун. Экинчиден, бул долбоор бир эле “Азаттыкка” каршы эмес деген ойдомун. Анткени, “Азаттыктын” Кыргызстандын Акаевдин доорунан берки тарыхында алган өзүнүн чоң орду бар, ойногон ролу зор. Буга чейинки эки президенттин доорунда “Азаттык” башкача пикирди, калыс маалыматты таратып турган. Демек, бейөкмөт уюмдар корко тургандай эч нерсе жок. Кыргызстан демократиялуу ачык мамлекет, бирок Өзбекстанга, Казакстанга, Орусияга салыштырмалуу маалымат коопсуздугун бошураак кылып койду. Чет өлкөлүк жарандар уюштурган ММКларды каржылоонун көлөмүн 20% түшүрүү керек деген жобо анчалык деле коркунучтуу эмес. Чет өлкөлүк ММК болгондон кийин редакциялык саясатына өз кызыкчылыгын киргизет. Болбосо ошончо каражатты эмнеге сарптамак эле? Ошон үчүн бул жерде мамлекеттик көзөмөл болушу керек.

Бир жыл мурун Орусиянын бир-эки маалымат каражатына Кыргызстандын аймагында өзгөчө макам беребиз, Кыргызстандын ички мыйзамдарына баш ийбейт, каалагандай контент менен иштейт дешкен. Демек, биздин өлкөдөгү башка мамлекеттин ММКларына карата эки башка мамиле же түшүнүксүз саясат жүрүп жатат.

“Азаттык”: Рита айым, азыр социалдык тармактарда эксперттер бул мыйзам кабыл алынганда чет мамлекеттин каражатына иштеген, тактап айтканда, Британиянын өкмөтү каржылаган Би-Би-Си, Орусиянын акчасына иштеген “Спутник”, Түркия негиздеген “Заман” сыяктуу көптөгөн ММКларга тиешеси жок болот деп жазып жатышат. Демек, башкы максат эле “Азаттык” радиосун ооздуктообу?

Рита Карасартова: Мыйзам долбоорундагы жоболор Орусиянын ММК каражаттары жөнүндөгү мыйзамынын жоболору менен бирдей экен. Аларда бул мыйзам 1-январдан баштап күчүнө кирип, бардык ММКлар кайра каттоодон өткөн. Анан буга чейин бир жыл мурун Орусиянын бир-эки маалымат каражатына Кыргызстандын аймагында өзгөчө макам беребиз, Кыргызстандын ички мыйзамдарына баш ийбейт, каалагандай контент менен иштейт дешкен. Ошондо Кыргызстандын маалымат коопсуздугун ким коргойт деп каршылык билдирип атып токтотконбуз. Демек, биздин өлкөдөгү башка мамлекеттин ММКларына карата эки башка мамиле же түшүнүксүз саясат жүрүп жатат. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуунун эки жолу бар экен. Биринчиси - коңшу мамлекеттердегидей чектөө, экинчиси – ачыктык. Мисалы, Англиянын бир чоң телеканалын Орусиянын бир олигархы сатып алыптыр. Бирок ал жалаң эле Орусияны мактай берсе, анын маалымат продукциясын эч ким кабыл албайт. Азыр дагы чектеп коюп, КТРК баштаган каналдар бийликти мактай берсе, аны эч ким кабыл албай калат. Анткени, азыр айылдагы ар бир адам өз телефону аркылуу эле маалыматты кайдан болбосун алган күндө жашап атабыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG