Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

УОК Илмияновдун доо арызын төлөп берүү үчүн 7 сомдон чогултмак болду


Бул тууралуу Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековдун элге жасаган кайрылуусунда айтылат. “Сот Илмияновдун кадырын кандай негизде 1 млн. 800 миӊ сомго баалаганын ачык айтып бере албады. Менин ага төлөп бере турган акчам жок. Ошондуктан биз командабыз менен жакында элге кайрылып, доогерге төлөө үчүн 7 сомдон кайыр-садага чогулта баштайбыз” деп айтылат кайрылууда.

Уран Ботобеков кайрылуусунда Свердлов райондук сотунун чечими соттор президенттен көз каранды экендигин, өлкөдөгү сот реформасы талкаланганын жана басма сөз эркиндиги Ак үй тарабынан тебеленип жаткандыгын айгинелейт деп билдирет.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиа-холдингине караштуу kabarordo.kg сайтында "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү Уран Ботобеков менен маек чыккан. Анда айтылган айрым ойлорго байланыштуу Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Ботобековду сотко берип, "ар-намысыма, беделиме жана репутацияма шек келтирди" деп 5 миллион сом доо өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Кечээ Свердлов райондук соту анын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, Ботобековду 1 млн. 800 миң сом доо айыпка жыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG