Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Кыргызстанда сөз эркиндиги мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшырганын жарыялады.

Уюмдун баяндамасына ылайык, дүйнөдөгү 179 өлкө ичинен Кыргызстан 108-орунду ээледи. Айрымдар мындай көрсөткүчтү жетишкендик катары баалаганы менен, көпчүлүк адистер жоопкерчилик жагынан өксүк болуп жатканын айтышууда.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун баяндамасында Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатында абал жакшырып, былтыркы ээлеген 159-орундан 108-орунга секирик жасады. Мындай жол менен Кыргызстан Боливия, Либерия жана Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөр менен куйрук улаш орун алды. Маалымат айдыңындагы абалдын салыштырмалуу оңолушун адистер өлкөдөгү демократиялык нукка умтулуулардан көрүп жатышат.

Өкмөттүк "Кыргыз туусу" гезитинин редактору Бакыт Орунбеков мындай кескин секирикке 7-апрелден кийин өлкөдөгү өзгөрүүлөр өбөлгө болду деп эсептейт:

- Буга биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясаттын демократиялык негизге бурулушу өбөлгө болду. Себеби акыркы эки жылда журналисттердин ишине байланыштуу анча-мынча тентектик окуяларга байланышкан жагдайлар болбосо, жалпысынан өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр сөз эркиндигине жакшы эле мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Ал ортодо айрым адистер сөз эркиндиги жадыбалындагы алга жылыштарды мамлекеттик телеканалды коомдукка айландыруу, Кылмыш-жаза кодексиндеги ушактоо жана мазактоо үчүн журналисттерди жазага тарткан беренелердин алынып салышы менен байланыштырып жатышат.

"Чек арасыз кабарчылар" Борбор Азия өлкөлөрүндө бул жаатта чыңалуу күч экенин жазып чыкты. Ошентсе да сөз эркиндиги индексинде акыркы орундарды ээлеген Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандагы өзгөрүүлөр туруктуу болооруна кепилдик беришкен жок.

Эркиндик бар, жоопкерчилик кана?

Медиа эксперт Жыргалбек Касаболотов эркиндик менен жоопкерчилик айкашпай, ЖМКга калктын ишеними төмөндөгөнүн белгилейт:

- ЖМКнын ишинин сапаты тууралуу сөз болуп жатат. Учурда сапат үчүн эч ким жооп бербей калды. Негизи эркиндик менен катар жоопкерчилик да жүрүшү керек эле. Бизде азыр журналистика "кара пиардын" куралына айланып, көпчүлүк эл кимге ишенээрин деле билбей калды. Көзү менен көргөнгө эле ишенбесе, гезиттер жаза берет деген түшүнүк калыптанып калды. Буга журналисттер өздөрү күнөөлүү. Акыркы жылдары карандай калпты ышкыртып жатса деле, бир дагы ММКнын жоопкерчилик тартканын көрө алган жокпуз.

Муну менен катар акыркы жыл ичинде көз карандысыз гезиттердин катары толукталып, электрондук жана интернет каражаттардын иши күчөдү. Бирок сандык өсүш алганы менен алардын коомдогу таасири анчейин байкалбай жатканы айталууда. Мындай көрүнүштү "Жаңы агым" гезитинин баш редактору Аскер Сакыбаева мындайча түшүндүрөт:

- Гезиттердин таасири абдан эле төмөн болуп жатат. Эгер алардын таасири мындан күчтүү болгондо Кыргызстан үчүн жакшы болмок. Азыр гезиттерди барактап көрсөң, бир катар коррупциялык иштердин кандай жасалганы, ким жасаганы жазылып эле турат. Бирок аны бир дагы мамлекеттик орган артынан түшүп, "ушул чын экен, же бул калп экен" деп аныгына чыкпай жатат.

Журналист саясий курал бойдон калууда

Коомдогу журналисттердин салмактуу таасирге ээ болбой жатышы алардын ар кыл саясий күчтөрдүн куралына айланып, кесиптик вазыйпасын саясий чайкоочулукка алмаштырганы менен түшүндүрүлүп келүүдө.

"Интерньюс Нетуорк" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мария Раснердин баамында, көпчүлүк маалымат каражаттары сөз эркиндигинен натуура колдонуп жатышат:

- Тилекке каршы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өтө эле саясатташып кеткенин байкоого болот. Кыргызстанда бир жагынан баарын жазууга, баарын айтууга болот деген менен, экинчи жагынан көпчүлүк журналисттер менен басылмалар белгилүү бир саясий күчтөрдүн айдактоосуна көнүп алган. Мындан улам өлкөдө сөз эркиндигинин жемиштерин туура эмес колдонулуп жатканын айтууга болот.

Соңку жыл ичинде ММКга ири өлчөмдө айып пул салуу, аларды жабуу сыяктуу көрүнүштөр катталган жок. Бирок журналисттерди коркутуп-үркүтүп, кол салган учурлар болду. Көз карандысыз журналист Александр Кулинскийдин айтымында, акыркы жыл ичинде журналисттерди уруп-согуулардын саны азайган эмес:

- Журналисттерди сотко бергендердин саны 2010-жылга караганда арбын болду. Экинчиден, парламенттеги депутаттары тарабынан байма-бай көтөрүлүп жаткан журналисттердин ишмердүүлүгүн чектөөгө алууга, аларды жазалоо механизмин түзүү аракетин да байкоого болот. Буга албетте журналисттердин өздөрү да негиз түзүп берип жатышат. Ошентсе да журналисттерге болгон терс пикирлердин арбын экенин айта алабыз. Анын үстүнө соңку жылдагы журналисттерди уруп-согууга болгон аракеттердин орун алышы муну далилдеп турат.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму ар жыл сайын дүйнө өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигин абалына баа берип келет. Быйылкы баяндамада Финляндия, Норвегия, Эстония алгачкы үчтүккө кирсе, Түркмөнстан, Түндүк Корея, Эритерияда абал эң начар деп аныкталды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG