Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина жалган маалымат үчүн кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алгандыгын жарыялады

Жогорку Кенештин депутаты Галина Скрипкинанын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине өзгөртүү киргизүү демилгесин Жогорку Кеңештеги башкаруучу Социал-демократтар фракциясы колдоп, жалпы жыйындын кароосуна сунуштаган. Долбоордо жалган билдирүү, жалган маалымат тараткан, жасалма далилдерди келтирген адамга эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган.

“Медиа полиси” институтунун демилгеси менен журналисттер коомчулугу бул маселени 5-ноябрда тегерек үстөлдө талкуулап, жалган маалымат тараткандарга кылмыш-жаза чектөө Кыргызстандагы сөз эркиндигин эле тизгиндебестен, мамлекеттин, бийликтин беделине доо кетирет деп эскерткен.

Медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымына караганда, бийликтеги саясатчылар түшүнбөй туруп, өздөрүн жарга такашууда, анткени, бул долбоор кабыл алынып калса, журналисттерден мурда жоопкерчиликсиз билдирүү жасаган саясатчылар өздөрү жооп берүүгө аргасыз болушат:

- Биз реакция кылбасак болбойт. Биз жөн коюп, булар кабыл алганда деле, биз Конституциялык палатага берсек, кайра эле булар уят болушат. Эки президенттин убагында, андан кийин канча какшап жүрөбүз мындай болбойт деп. Булар оппозицияда жүргөндө гезитке чуркап келишчү эмес беле. Эми өздөрү бийликке келгенде кайра мурдагы ишти жасап атышат.

Албетте акыркы жыйырма жылда жалган жалаа беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуу аракеттери мамлекеттин, саясий коомчулуктун баркын түшүрбөсө, көтөрө алган жок. Ага карабай бул маселе Кыргызстанда маал-маалы менен көтөрүлүп, кызуу талкууга жем таштап турат. Мурдагы бийлик тушунда кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексиндеги жалган жалаа беренеси апрель ыңкылабынан кийин алып салынып, ал өз кезегинде азыркы бийликке упай топтоп берген. Эми кайра демилгеленип жаткан жаза чектөө демилгеси ишке ашкан күндө деле кайра эле чуу жаратаарына “Мир” телеканалынын продюсери Динара Сүймалиева бекем ишенет. Анын пикиринде, бийликтегилердин бул маселени маал-маалы менен көтөрүлүшүнө журналисттер шылтоо таап берип жатышат. Медиа каражаттарында аргументсиз эле ар кандай айыптар коюлат, ксенофобия, улут аралык мамилелерге суу бүркүү сыяктууларды авторсуз жана маалымат булагысыз эле жарыялай берүү нормага айланды. Бирок бул үчүн журналисттерди жана маалымат каражаттарын жазалоодон мурда бийлик, саясий коомчулук өз жоопкерчилигин ойлонушу керек дейт журналист:

- Бул жакшы аракет эмес. Маалымат каражаттарын стандарттар боюнча иштөөгө негиз түзүп бериши керек. Бүгүнкү рынокто ал жок. Рынок дагы жок. Биздин маалымат каражаттары башка “мыйзамдар” менен иштешет. Алар өзүнүн чөнтөк маалымат каражаты бар кайсы бир саясатчыга же саясий топко сүйөнүп иштешет. Ошондуктан бүгүнкү маалымат каржаттары материалдык эмес, саясий пайдага байланган. Ага жараша ушундай жагдайлар түзүлүп атат. Саясатчылар медиа ушундай болуп калды деп атышат, себеби алар өздөрү ушундай заказ берип жатышпайбы.

Демилге бир депутатка таандык болгону менен коомчулукта ал башкаруучу Социал-демократтар партиясынын ыктыяры катары кабылданды. Мындай дооматты президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” берген жообунда кабыл алган жок:

- Мен сөз эркиндиги кол тийгис экенин билем. Сөз эркиндигине шек келтирүүгө Конституция тыюу салат. Жалаа үчүн кылмыш жообуна тартууга Конституция тыюу саларын билем. Тараптар ушул негиздерге таянып, бир пикирге келиши керек.

Фарид Ниязовдун катышуусунда өткөн медиа коомчулуктун талкуусунан кийин КСДП депутаты Галина Скрипкина мыйзам долбоорун кайтарып алгандыгын жарыялап, аны коомчулуктун көп кырдуу талкуусу менен негиздеди. “Талкуулар мыйзам долбоорун коргоого азырынча зарылдык жок экендигин көрсөттү. Бирок маалымат каражаттары мындан ары өздөрүнүн этикалык кодексин сактайбы? Бул алардын абийириндеги иш” деп айтылат билдирүүдө.

Депутат Галина Скрипкинанын атынан таратылган билдирүүнү алгачкылардан болуп "Медиа полиси" институту кубаттады. “Депутаттын бул чечими мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоонун демократиялык механизмдери Кыргызстанда иштеп жаткандыгын далилдейт” деп эсептеди. Ошондой эле медиа уюм журналисттерди так эмес, абийир, ар-намыска шек келтирген маалыматтарга жол бербөө үчүн мыйзамдарды сактоого чакырды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG