Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:42

1-октябрга белгиленген Жогорку Кеңеш алдындагы журналисттердин нааразылыгы, “Ата Мекен” фракциясы менен НТС телеканалынын ортосундагы карама-каршылык тууралуу медиа-эксперт Илим Карыпбеков ой бөлүштү.

- 1-октябрда бир катар журналисттер сөз эркиндиги жана маалымат алуу укугун коргоо үчүн акция өткөргөнү жатат. Алар айткандай, Кыргызстанда маалымат алуу эркиндиги чектелип, сөз эркиндигине шек келип жатат деген пикирге кошуласызбы?

- Жалпысынан Кыргызстандын бүт жеринде ушундай болуп жатат, бийлик бутактары чабуул койду дегенге кошула албайм. Антип айтууга болбойт. Себеби эл деле өзү калыс, күбө болуп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттары өзү каалагандай, эркиндикте иштеп келе жатышат.

Апрель окуяларынан кийин жакшы эле эркиндик алып, каалаган материалдарды, сын пикирлерди берип келет. Акыркы окуялар НТС телеканалы менен парламенттин ортосундагы араздашуудан чыгып жатат.

“Эки дөө кармашып, чымын өлдү” болду. Баары көргөндөй, “Республика” менен “Ата Мекен” партияларынын кармашында сөзсүз түрдө жалпыга маалымдоо каражаттары эң негизги курал болду. Натыйжада көп нерселерге чектөө киргизебиз деп аракет кылып жатышат. Ошондуктан медиа коомчулугунун бир бөлүгүнүн бүгүнкү акциясын ушул араздашуу кийинчерээк чектөөлөргө алып келбесин деген аракет катары бааласак болот.

- Ошол эле учурда мындай кырдаалдын түзүлүп калышына журналисттердин өздөрүнүн жүрүм-туруму, маалымат берүүдөгү журналистиканын эрежелерин сактап, сактабаганы себеп болгон жокпу?

- Албетте, бул жерде эки тарапта тең күнөө бар. Чынында НТС телеканалы тең салмактуулук кылган жок, журналистиканын эл аралык эрежелерин көздөп келген жок. Алар саясий оюндун куралы болуп келди. Аны болсо элдин баары көрүп жатат. Ошол эле учурда, “Ата Мекен” фракциясынын НТС каналынын кабарчыларын жыйындан чыгарып салышы – бул НТС каналынын укугун бузган болуп эсептелет. Депутаттардын аларды чыгарганга эч кандай укугу жок.

Жогорку Кеңештин жыйыны, депутаттардын жыйынына кайсы гана жалпыга маалымдоо каражаттарынын каалаган учурда кирип, каалаган учурда чыгып кеткенге укугу болушу керек.

- Жалпы эле басма сөз эркиндигине көңүл бурсак, “Фридом Хаус” баштаган дүйнөлүк уюмдар Кыргызстанда басма сөз дале эркин эмес деген баасын берип келет. Эмне үчүн эл аралык уюмдардын тизмесинде Кыргызстан жакшы орунга жетишпей жатат?

- Эл аралык уюмдар ушуга окшогон окуяларды эске алып, баа беришет. Эми көрөсүздөр, 2012-жыл боюнча “Фридом Хаус” өңдүү уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу жыйынтыктарын берет. Ошондо ушул окуя да сөзсүз түрдө терс таасирин көрсөтөт. Демек сөз эркиндиги дале эркин эмес экен деген ойго келишет. Буга окшогон чиновниктердин, бийликтин ЖМКга тымызын таасирин көрсөтөбүз деген аракеттери ачыкка чыгып калып жатат.

Эми сөз эркиндиги азыр Кыргызстанда бар. Бирок ошол эркиндикти саясий күчтөр да, ошол жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да туура эмес колдонуп жатышат. Бул нерсени чексиз укук жана эркиндик экен деп, аша чаап колдонуп кеткендин баары Кыргызстанда сөз эркиндиги менен тартип же мыйзамдуулуктун айырмасын элге көрсөтүп бере албай жатат.

Кайсынысы сөз эркиндиги, кайсынысы журналисттердин жоопкерчилиги экенин эл түшүнбөй калды. Тилекке каршы бул таптакыр билинбей калды. Бирок бул өнүгүп бара жаткан өлкөдө кадимки эле көрүнүш. Бара-бара мунун баары өз нугуна келет деп толугу менен ишенем.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG