Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Июнь окуясын жергиликтүү маалымат каражаттары калыс чагылдыра алдыбы? Бул укук коргоочулар, журналисттер бир жылдан бери талкуулап келаткан маселелердин бири болууда.

Коомдук-саясий чөйрөдө жергиликтүү маалымат каражаттары улуттар аралык жаңжалды күчөтүүчү фактор катары каралып келет. Буга үндөш пикирин президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров да жакында Жогорку Кеңештин сессиясында айтты:

- Убактылуу өкмөттүн күнөөсү барбы дегенге – ооба. Маалымат майданында биз утулдук. Массалык маалымат каражаттары бул маселени көтөргөнгө чоң роль ойноду.

Журналисттик чөйрө да жаңжалды медиа каражаттары жетиштүү чагылдыра алган жок деген дооматка ынанып, бирок анын себептерин коопсуздук менен шарттын түзүлбөгөндүгүнө байлап келатышат. Окуя болгон аймакта жашаган көз карандысыз журналист Бактыкан Ажымаматованын айтымында:

Коогалаң күндөрү айрым аймактарга күч түзүмдөрү да кире албай турган.
- Жалал-Абаддагы июнь окуясынан сыналгыга түшкөн бир кадр таппайсың ушу кезде. Оштогу окуяда тереңдеп кирген кадрлар жок, сүңгүп кирген материалдар дээрлик жокко эсе. Интернет сайттан алынган кадрлардан топтоштурулгандар бар. Соткага тартып, көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнөн тартып туруп эле адамдар жөнөтүп атышты да.

Ошон үчүн окуянын чыныгы чордону так көрсөтүлгөн жок. Журналисттер дээрлик иштеген жок, чындыктын жүзү ачылган жок. Маалымат жактан утулдук дегенге мен кошулам.


Айрым иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанды дээрлик жабдып турган Улуттук телерадиокомпания баштап жаңжал тууралуу маалыматтарды дароо элге жеткире алышкан эмес. Мунун себебин журналист Ажымаматова биринчи кезекте кабарчылардын өмүрүнө келген коркунуч менен түшүндүрөт:

- Журналисттердин коопсуздугу сакталган эмес. Куралчан күч түзүмдөрү өздөрү окуя болуп аткан жердин чок ортосуна барбай аткандан кийин, болгону микрофон жана камерасы бар журналист батынып бара алган жок. Алардын өмүрү коркунучта турган да.

"Журналист" коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, июнь окуясынын учурунда 5 журналисттин үйү өрттөлүп кеткен, ЭлТРдин бир оператору сабалып, бир нече журналистке кол салуу болгон. Кол салууга кабылгандардын катарында КТРКнын эки журналисти болгонун мекеменин башкы директору Кубат Оторбаев да "Азаттыкка" тастыктады:

- Ошондон кийин кабарчылар бир-эки күн сыртка чыга албай коюшту, анткени ачык эле ок атуулар болуп аткан. Анан биринчи видеолор, албетте, 12-июндан тарта бериле баштады. 11-июнда чынында бизге кыйын болгон.

Бул аралыкта дүйнөлүк маалымат каражаттары июнь жаңжалын окуя болгон жерден тынымсыз чагылдырып турушкан. Мындай ар башка жагдайды журналисттердин укуктарын коргоочулар шарттардын айырмалуулугу, чет элдик маалымат каражаттары өз журналистинин коопсуздугун, иштөө шартын толук камсыздап берүүгө кудуреттүүлүгү менен негиздешет.

"Журналист" уюмунун лидери Марат Токоев июнь жаңжалдарын чагылдыруудагы медиа каражаттарынын өксүгү жеке эле коопсуздуктан деп эсептебейт:

- Коопсуздук, анан журналисттердин мындай окуяларга даяр эместиги да байкалды. Техникалык жактан чабал болуу, интернетке кире алган жок, камералар жеткен жок, курчоодо калып, эч жакка чыга албай калгандар болду.

Кыргызстандык маалымат каражаттарынын ар кандай жаңжалдарды чагылдырууга даяр болбогондугун Социалдык технологиялар агенттиги да айтып чыккан.

ЕККУнун колдоосу астында иликтөө жасаган бул уюм кыргыз, өзбек, орус тилдүү маалымат каражаттарында июнь окуясын, ага чейинки, кийинки учурларды кантип чагылдырганын алгачкылардан болуп иликтеп чыккан. Ага катышкан эксперттер биринчи кезекте жергиликтүү маалымат каражаттарынан чыдамсыз мамилени, жеке басардык маанайды, бири-бирине доомат артуучулукту, журналисттик этиканын сакталбагандыгын көрүшкөн.

Улут маселесин чагылдыруудагы бир жактуулук жергиликтүү маалымат каражаттарында июнь жаңжалы башталганга чейин эле орун алып, окуядан кийин да ошондой маанай уланган. Ушундан улам айрым эксперттер жергиликтүү маалымат каражаттарынын бир тобу былтыркы жаңжал учурунда улут аралык араздашууларды бейтарап чагылдырууга даяр эмес болгон деген тыянакка келишкен. Эксперттер ошондой эле айрым маалымат каражаттары июндагы улуттар аралык араздашуулардын кесепеттерин жоюуга дагы эле жетиштүү салым кошо албай жатканын белгилешкен.

Медиа өкүл Акмат Алагушевдин пикиринде, улуттар аралык жаңжал массалык маалымат каражаттарынын мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн чоң сабак болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG