Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешин кайрадан түзүү демилгесин көтөрүүдө.

Алардын жүйөөсү боюнча, байкоочулардын үчтөн бирин парламент көрсөтүүгө тийиш. Медиа коомчулугу мындай демилгенин артында телеканалдын “коомдук” даражасын жок кылып, кайра мамлекетке баш ийдирүү аракети жатат деп күмөн саноодо.

Эгемберди Эрматов: Байкоочу кеңеш кайра түзүлүшү керек

Бул демилгени көтөрүп чыккан Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматовдун айтымында, байкоочулар кенешинин үчтөн бир бөлүгү жарандык коомдон, үчтөн бир бөлүгү чыгармачыл уюмдардын, ар кайсы регион өкүлдөрүнөн жана дагы бир бөлүгү Жогорку Кеңештен, өкмөт тарабынан болуп, кайрадан түзүлүшү керек:

- Себеби биз кечээ эле КТРдин деректери талап кылган бюджеттик акчаны комитеттен бердик. Демек абдан көп каражат кетип жатканда, ал каякка кетип жатат, эмне болуп жатат ошону көзөмөлдөө үчүн ошол өкмөт менен Жогорку Кеңештен Байкоочу кеңештин курамына кириши керек. Экинчиси, ошол кире турган адамдар Кыргыз мамлекетинин мамлекеттүүлүгүн, улуттун улутуулугун сактоо маселеси дагы орчундуу болуп турат.

18-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен кездешүү жыйында өз позициясын мындайча ачыктады:

- Менин жеке оюм, коомдук канал боюнча мыйзам кабыл алынган. Байкоочулар кеңешинин иштөө шарты, аларды кимдер тандайт, кайдан өтөт, бул мыйзамда бардыгы жазылган. Кубат Оторбаевдин шайланышы, шайланбашы боюнча эч кандай мындай неме жок. Коомдук канал мыйзам алынгандан кийин ошол мыйзамда кандай жазылса, бардыгы ошонун шартында өтүшү керек. Декрет дегенди унутушубуз керек. Башканы унутушубуз керек.

Буга улай спикер Келдибеков телеканалдын коомдук даражасы сакталса жакшы болмок деген жеке оюн билдирүү менен бирок депутаттар арасында ар кандай пикирлер болуп жатканын, бул маселе комитеттерге көз каранды экендигин кошумчалады.

Коомдук каналдын келечегине доо кетпейби?

Ал ортодо Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Шамарал Майчиев Байкоочу кеңештин курамы мыйзамга шайкеш тандалганын айтып, азыркы аракеттердин артында коомдук каналды бийликтин карамагына кайтаруу ниети бар болушу мүмкүн деген ойдо:

- Мунун артында ар кандай негиздер болушу мүмкүн. Мунун менен кайра каналды өкмөттүн карамагына алып келиши мүмкүн. Ар кандай кызыкчылыктар бар да. Ошол кызыкчылыктарга кызмат кылган көрүнүш болушу ыктымал.


Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев Байкоочулар кеңешинин курамын кайра түзүү демилгеси бир жагынан туура болсо керек деп эсептейт. Анын ою боюнча, жаңы парламент келген соң мыйзам айдыңына кайтуу оң. Ошол эле учурда Байкоочулар кеңеши турмушка жарактуулугун далилдегиче тийбей турушса болмок деген пикирде. Токоевдин оюнча, азыркы аракеттер коомдук каналдын келечегине доо кетириши да мүмкүн:

- Бизде дайыма эле бир мыйзам кабыл алардын алдында, аны жакшы тилектер менен түшүндүрүшөт. “Биз бул мыйзамды жакшыртыш үчүн, кээ бир кемчиликтерди алып салыш үчүн жасап жатабыз” деп. А түпкүрүнө келгенде эле баягы кайсы бир саясий кызыкчылыктар ойноп кеткен учурлар болот да. Ошондуктан эч ким кепилдик бере албайт. Эгер мыйзам жолуна түшө турган болсо, балким депутаттар туруп, “кой коомдук кереги жок” деген пикирдегилер басымдуулук кылып кетип, коомдук телеканал жок да болуп кетиши мүмкүн.

Парламент бул маселени иликтеп чыгууну Жогорку Кеңештеги Билим, илим маданият, маалымат жана дин саясаты комитетине тапшырган. Комитеттин башчысы Жылдыз Жолдошева жакында комитет бул маселени иликтөөгө киришерин билдирди. Андан соң Байкоочулар кеңешинин кийинки ишмердүүлүгү депутаттардын талкуусуна коюлат.

Кыргызстанда 2005-жылдагы ынкылапта мамлекеттик телерадиоканалды коомдукка айландыруу талабы көтөрүлгөн. Бирок бул талап жана ал кездеги аткаминерлердин убадалары аткарылган эмес. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин, атап айтканда, 30-апрелде Убактылуу өкмөттүн декрети менен канал коомдук деп өзгөртүлгөн. Ага ылайык президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен өткөн жылдын 26-августунда 15 кишиден турган Байкоочулар кеңеши түзүлгөн болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG