Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

АДИЛЕТ АЙТИКЕЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ


13-декабрда Жогорку Cот оппозициялык “Канжар” жаштар уюмунун мурунку лидерлеринин бири Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп апасынын кепилдиги менен абактан бошотту. Адилет Айтикеев 25-октябрдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган.

“Азаттык” Адилет Айтикеев менен телефон аркылуу байланышканда, ден-соолугу жакшы экенин билдирип эч кимге дооматы жок экенин айтты:

- Баардыгы өттү кетти. Баары жакшы. Менин эч кимге доом жок, баары буйурса жакшы болот.

А. Айтикеевдин адвокаты Сартбай Жайчибековдун билдиришинче бул иш боюнча кийинки сот жараяндары жакында башталат:

- Тергөө бүтүп калган. Сот материалдар менен таанышып жатат. Мунун күнөөсү жок, акталышы керек.

А. Айтикеев апрелдеги оппозиция митингисинде массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталып келет. Ал биринчи жолу 24-апрелде кармалган. Андан көп өтпөй бир катар депутаттардын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп бошотулган болчу. Бирок 19-июнда Айтикеевдин баш коргоо чарасы кайрадан өзгөртүлүп, ага эл аралык издөө жарыяланган. Экинчи ирээт Айтикеев 25-октябрда колго түшкөн. Президентке караштуу адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун маалымдашынча аталган комиссия оппозиционер жаш лидердин бошотулушуна көп аракеттерди жасады:

- Адилет кээ бир күчтөрдүн тилин угуп тергөөгө келбей жашырынып чоң кемчилик кетирген. Акыры кармалганда, биз күнөөсүнүн баарын кечирип, апасын да урушуп, Адилетти да эскертип, экинчи мындай кылба деп дагы бир жолу бошотконго аракет кылдык. Анын үстүнө “Айтыш” деген фонддон да бизге өтүнүп кайрылышты. Адилеттин бошоп чыкканы биздин демократиялык коомдун жеңиши деп эсептейм. Толугу менен актатып, кылмыш ишин такыр жок кылганга чейин аракеттерди көрөбүз – деди, Турсунбек Акун.

Адилет Айтикеев абакта отурганда бир катар жаштар уюмдары кабатырлануусун байма-бай билдирип келген. Жаш саясатчылар форуму “Эркин муун” либерал жаштар альянсы, “Юстиц-кыймылы” сыяктуу жаштар уюмдары нааразылык чараларды уюштуруп, президентке чейин кайрылуу жолдошкон. Укук коргоочулар жана жаштар Өмүрбек Субаналиев, Мелис Эшимканов сыяктуу оппозиция митингисиндеги массалык баш аламандыктын анык уюштуруучулары камалбай, алтүгүл жогорку кызмат орундарын ээлеп отурганын, ал эми аларды колдоп чыккан Адилет Айтикеев айыпка калганын сындап чыгышкан.

Адилет Айтикеев өзүнүн туулган күнүнө бир күн калганда абактан чыкты. Айрым жаш саясатчылар Айтикеевдин так шайлоонун алдында баш коргоо чарасы өзгөртүлүп бошоп чыкканында бир мандем бар экенин жана ал кандай мандем экенин түркүн божомолдоп турган чагы.

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG