Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Акыйкатчы институту “Бишкектин тургуну тез жардам кызматы менен айрым ооруканалар кабыл алуудан баш тарткандан кийин каза болду” делген окуяны өз көзөмөлүнө алып, иликтемей болду.

Башкы укук коргоочу мекеме буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды. Эл арасында Бишкектеги ооруканалар менен тез жардам кызматы жоопкерчиликтен качып, өлүм алдында жаткан оорулууга биринчи жардам көрсөтүүнү каалабай турганы айтылып келет. Дарыгерлер жана тез жардам кызматы мындай дооматтарга макул эмес.

Бишкек шаарынын тургуну Марат Сарбагышевдин 60тагы эжеси Айтбүбү Сарбагышева ушул жылдын 29-майында каза болгон. Анын айтымында, таңга маал эс-учун билбей жыгылган эжесинин мурда онкологиялык жактан ооруганын уккан тез жардам кызматкерлери ага жардам көрсөтүүдөн баш тартышкан.

- Дарыгер киргенде кан басымын текшерип көрөлү дедик. Колун көтөрсө шалкылдап жаны жоктой. Врач эмне болуп ооруду эле деп сураганынан үч жыл мурда ашказанынан рак болуп операция болгонун айттым. Ошондо биз онкологиялык оорулууларды албайбыз деп жардам көрсөтүүдөн баш тарта башташты. Мен таң калып, ишенбейм десем, станция башчысынын орун басары менен байланыштырды. Ал дагы “бизде ушундай токтом бар, ала албайбыз” деп айтты. Анан алар суранганыбызга карабай ооруну басаңдатчу укол сайгандан кийин кетип калышты. Эжем тез жардам келген учурда эс-учун билбей жаткан, бирок документке акыбалы туруктуу деп жазып коюшуптур.

Марат Сарбагышев эжесин жаз-күз жатып дарылып турган Онкология борборуна алып барат. Жандандыруу бөлүмүнүн нөөмөтчү дарыгери оорулуу ишемиялык инсульт (мээнин инфаркты) болгонун айтып, башка ооруканага баруусун сунуштайт.

- Республикалык оорукананын ангионеврология бөлүмүнө алып келсек, ал жерден да албай коюшту. Алар 3-бөлүмгө жөнөттү, алар да алышкан жок. Анан Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, коомдук кабылдама аркылуу кайра ангионеврология бөлүмүнө жаткырдык. Ушул убакыт ичинде эжем үч саат кароосуз машинада жатып калды. Оорулууларды албай жатса, ушундай дарыкананын, тез жардамдын кереги барбы деген суроом бар. Ушул суроону мен президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге, вице-премьер-министр Элвира Сариевага узатат элем. Эжем үч күн эсине келбей жатып каза болуп калды. Эжемди кайрып келе албайбыз. Эми башкаларда да ушундай учур кайталанбаса экен, бул окуя акыйкат иликтенсе экен деп чуркап жүрөм.

Марат Сарбагышев эжесинин каза болушуна дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болду деп эсептейт. Ал буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага да жолукканын билдирди. Ошондой эле окуяга катыштыгы бар адамдар өз жазаларын алышсын деп талап коюуда. Анткен менен Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башчысы Жаркынбек Касымбеков “оорулууга жардам берүүдөн баш тартты” деген айыптоого макул эмес. Ал тез жардам кызматкерлери кандай оорулуу экенине, анын социалдык статусуна карабай жардам бере турганын, эч кандай чектөө жок экенин айтты:

- Эл арасында тез жардам менен барса, ооруканалар сөзсүз алат деген түшүнүк бар. Анан чакырып алып мени сөзсүз Онкология борборуна алып бар, жаткыргыла деп айтышат. Өз дарыгериңиз менен акылдашып туруп анан жатыңыз десе, мен силердин үстүңөрдөн арызданам деп чуу чыгарып, министрликтен да бизге келип кетти. Балким андан кийин ал-акыбалы начарлап кеткендир. Бирок биздин дарыгерлер барган маалда ооруканага жаткырганга негиз жок болчу. Чын эле катуу болсо таштап кеткендей биз ташбоор эмеспиз. Кызыкдар да эмеспиз. Ошол маалда оорулуу деле, туугандары деле жакшына сүйлөп турган. Тилекке каршы, ушул сыяктуу бейтаптар абдан көп.

Акыйкатчы институту бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, иликтемей болду. Башкы укук коргоочу мекеменин өкүлү Руслан Өзүбековдун билдиришче, буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жолдонду.

- Министрдин атына кат жөнөттүк. Бул боюнча кандай иликтөө жүрдү, эмне чара көрүлгөнү тууралуу толук маалымат берилишин сурадык. Анткени Сарбагышев бир ай мурда эле кайрылып, бирок жооп ала албай жатыптыр.

Мыйзамда адамдын укугу жана врачтын жоопкерчилиги толук жана кенен жазылган. Ага ылайык, дарыгердин күнөөсү далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине да тартылат дейт Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жетекчиси, депутат Дамира Ниязалиева:

- Эгер ошондой кадамга барса, дарыгерлерди жоопкерчиликке тартуу механизми азыркы мыйзамдарда бар. Жабыркоочу тарап бул факт боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылса болот. Кандай акыбалда болбосун врачтар кабыл алышы керек. Эгер күнөөсү далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси да бар. Бирок медицина кызматкерлери андайга барбайт го деп ойлойм.

Медицина кызматкерлеринин өз ишине кайдыгер мамилеси үчүн соттолгону же бул далилденгени чанда кездешчү көрүнүш. Көп учурда мындай фактылар далилденбей кала берет. Ошентсе да Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Анарбек Алимакунов Марат Сарбагышевдин эжесине байланыштуу окуя иликтенип жатканын билдирүүдө.

Бишкектеги ооруканалар менен тез жардам кызматы жоопкерчиликтен качып, өлүм алдында жаткан оорулууга биринчи жардам көрсөтүүнү каалабай турганы айтылып келет. Деги эле Кыргызстанда дарыгер менен бейтаптын ортосунда пикир келишпеген учурлар, кол көтөргөн окуялар деле аз эмес. Быйыл жазында Бишкектеги №3 балдар ооруканасында дарыгер сабалган. Дарыгерге ооруканадагы бейтап балдардын биринин энеси кол көтөргөнү айтылып, чырдан улам мээси чайкалган дарыгер ооруканага жаткырылган. Кышында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыккан. Мурашев иниси менен бирге “тууганымды жакшы карабайсың” деп аны токмоктогонун дарыгер билдирген болчу. Ошол эле кезде укук коргоочуларга, акыйкатчыга дарыгердин кайдыгерлигинен же шалаакылыгынан жабыркап, кайрылган жарандар да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG