Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Малиде жанкечтинин чабуулунан ондогон адамдар өлдү


Африкадагы бул өлкөнүн өкмөтү билдиргендей, жанкечти бомба салынган унаасы менен аскерий лагерди бутага алган.

Батыш маалымат агенттиктери окуянын жергиликтүү күбөлөрүнө таянып кабарлашкандай, өлкө түндүгүндө, Гао шаарында болгон кол салуудан кеминде 33 кишинин өмүрү кыйылды, ондогондору жаракат алды.

Кол салынган аскерий лагерде өкмөттүк күчтөр менен атаандаш куралдуу топтордун мүчөлөрү бирге турушчу. Аларга БУУ ортомчулугу астында жетишилген макулдашууга ылайык, өлкөнүн чөлдүү түндүк аймагын биргелешип көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн.

Ал аймактан исламчыл согушкерлер 2013-жылы Франция баштаган аскерий интервенциянын натыйжасында сүрүлгөн.

Бирок, исламчыл согушкерлер аймакта азыр да аракеттенет, жергиликтүү козголоңчул топтор менен өкмөтчүл кошуундар ортосунда тирешүү дагы бар. (UE)

XS
SM
MD
LG