Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Төрөт азабы: уколдон кийин баспай калдым


Иллюстрация
Иллюстрация

Бир ай мурда көз жарган 24 жаштагы келин Бишкектеги Улуттук госпиталда кыймылсыз жатат. Ал төрөтканадагы дарыгерлердин шалаакы мамилесинен улам ушундай абалга кабылганын билдирүүдө.

24 жаштагы Элнура Жакыпбаева бир ай мурда Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо көз жарган. Дарыгерлердин "сол көзүнүн көрүүсү начар" деген ырастамасынан улам, экинчи наристесин кесарево жолу менен төрөгөн.

Элнура төрөттүн алдында жүлүнгө сайылган наркоздун айынан буту сезбей калганын айтууда:

- Өзүм басып, тура албагандыктан сиңдим карап жатты. Беш күн дары менен жүрдүм, андан кийин кыймылдан калдым. Төрөтканада эки жумадай жаттым. Толгон-токой анализ тапшырдым, баары таза чыкты. Так диагноз коюлган жок. Бир топ акча короттук. Азыр башка ооруканадамын.

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.

Жакыпбаева азыр Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланып жаткан кези. Көз жаргандан бери ден соолугу менен алышып жатып, баласын да эмизген эмес. Ымыркай кызы азыр бир тууган сиңдисинин колунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов ушул тапта бейтап керектүү дары-дармек менен камсыз болгонун, анын абалын жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди:

- Ага салынган укол бул наркоздун бир түрү. Тилекке каршы, жүз же миңдеген учурдан эки-үчөөнө ушундай терс таасири тиет. Ал айымга да укол сайганда нерв клеткалары реакция жасап, ушундай абалга келди. Бирок бул убактылуу болушу мүмкүн. Белгисиз убакыт өткөндөн кийин басып кеткендер бар.

Тойматов ушул тапта Элнураны төрөткөн дарыгерлерге байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүрүп жатканын белгиледи:

- Комиссиянын курамына кесипкөй адистер кирди. Реаниматолог, анестезиолог да бар. Алардын жыйынтыгынан кийин гана дарыгердин ишине баа берсек болот.

Жыл башынан бери Саламаттыкты сактоо министрлигинин Байкоочу кеңешине дарыгерлерди айыптап, эки бейтап кайрылган.

Буга акыйкат чечим чыгып, коомчулукка жарыяланбаганы себеп. Мисалы, бул аял сотко берип, укугун коргошу керек. Көпчүлүк бейтаптар арыз жазбай же дарыгерден акча алып жүрө берет, аягына чейин күрөшпөйт.
Айбар Султангазиев

Байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев ооруканаларда мындай окуялар көп эле катталарын, бирок көпчүлүгүндө бейтаптар эч жакка кайрылбай кала берерин айтууда.

Анын үстүнө мындай учурларда дарыгердин айыбын далилдөөнүн өзү кыйынга турат деди ал:

- Мындай окуялардын келип чыгышына жарандардын өздөрүнүн ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамилеси таасир этет. Мындай учурлар ай сайын катталат. Бирок аны коомчулук биле бербейт. Буга акыйкат чечим чыгып, коомчулукка жарыяланбаганы себеп. Мисалы, бул аял сотко берип, укугун коргошу керек. Көпчүлүк бейтаптар арыз жазбай же дарыгерден акча алып жүрө берет, аягына чейин күрөшпөйт.

Төрөтканаларда кош бойлуу аялдардын төрөт маалында жабыркап же каза болуп калган учурлары кыргыз коому үчүн жаңылык эмес. Буга чейин мындай чыр-чатактарды териштирүү үчүн саламаттыкты сактоо министри өзү төрөтканаларга чейин барып, абалды текшерген учурлары болгон.

Расмий маалыматтарга караганда 2015-жылы кош бойлуу кезинде, төрөт маалында же төрөттөн кийин көз жумган аялдардын саны 63тү түзсө, 2016-жылы мындай 47 окуя катталган. Дарыгерлер негизинен энелер өз учурунда ден соолугуна кам көрбөгөндүктөн, төрөт маалында ар кандай оор учурларга дуушар болорун белгилеп келет. Ал эми ден соолугунан жабыркаган бейтаптар ак халатчандарды шалаакылыгы үчүн айыпташат. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG