Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Оорукана да, дарыгер да жетишпейт


Кыргызстанда акыркы 20 жылда ооруканалардын саны эки эсеге кыскарган.

Кыргызстанда акыркы 20 жылда ооруканалардын саны эки эсеге кыскарган.

Кыргызстанда мамлекеттик медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы жыл санап бул тармакта иштегендердин саны кыскаруусуна алып келген. Натыйжада ооруканалардын саны акыркы 20 жылда эки эсеге азайып, мыкты деген шыпаагерлердин бир тобу Бишкек жана Ош шаарларына топтолсо, дагы бир тобу чет өлкөлөргө чыгып кеткен.

Бир жагынан мамлекеттик бейтапканалардагы каражаттын аздыгы Кыргызстанда өзүн-өзү каржылай баштаган жеке менчик шыпааканалардын дооруна эшик ачып отурат. “Данисте” түрмөгүндө бул ирет ушул маселе иликтөөгө алынды.
Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз



Дарыгердин айлык акысы канча?


Ош облустук бириккен ооруканасында улук мээрбан кызматын аркалаган Салима Миргазиева бул тармакта 31 жылдан бери эмгектенет. Анын ай сайын алган 6000 сом маянасы өзүнөн артпайт. Бала-чакасы Орусияда иштеген атасынын эсебинен жашайт.

Бишкек шаарындагы №1-клиникалык ооруканасында иштеген дарыгер анестизиолог-реаниматолог Мамашарип Дыйканов болсо 10 000 сом айлык алат. Ал үй-бүлөсүндө жалгыз иштеген адам болгондуктан 4 кызын жана келинчегин багуу үчүн ооруканадан сырткары бош мезгилинде базарда соода менен алектенет.

Дагы бир каарманыбыз Бурул Султанбаева Бишкектеги 9-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда башкы медайым. Анын эмгек стажы 37 жыл. Учурдагы айлык маянасы 4300 сом.

Кыргызстанда жалпы 87 миңдин тегерегинде медициналык кызматкер иштейт, алардын 13 миңдейи врачтар. Дарыгерлердин орточо айлык акысы 10 миң сомдун, медициналык орто кызматкердин айлыгы 6000 сомдун айланасында. Айлык маянанын тирчиликке жетиштүү суммада берилбей келишинин негизги себеби - башка бюджеттик мекемелер сыяктуу эле маянаны эсептөө ыкмасында.
Социалдык тармак кызматкерлеринин, анын ичинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысы союз убагында киргизилген "бирдиктүү тарифтик торчо" боюнча эсептелип келген болсо, 2011-жылы Өкмөт тарабынан айлык маяна төлөөнүн жаңы ыкмасы жарым-жартылай иштелип чыккан. Анда медицина кызматкерлеринин маянасы 2,5-3 эсеге көтөрүлгөн. Кызыгы медиктердин айлыгы шайлоолордун алдынан көтөрүлгөнү менен 3-4 ай өткөн соң кайра мурдагы калыбына түшүп калат деп билдирди өзүн атагысы келбеген дарыгер.

Чыны менен медицина кызматкерлеринин маянасы 2006-жылдан бери бир нече жолу көбөйтүлгөн. Тагыраак айтканда, 2006-жылы 55%, 2007-жылы – 30%, 2008-жылы – дагы 30% көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешини мүчөсү Бурул Макенбаева айлык көтөрүү саясий максаттарды гана көздөп калып жатат деп эсептейт.


Жеке менчик шыпааканалардын доору башталдыбы?


Мамлекеттик медициналык мекемелердеги каржы тартыштыгы бир жагы коммерциялык шыпааканалардын өнүгүүсүнө түрткү берип жатат. Эгер дарыгер өз адистигин мыкты билсе, ошол эле учурда кошумча акча булагы жок болсо бүгүнкү күндө жүздөгөн жеке клиника, бейтапкана жана эмканаларда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда медицина кызматкерлеринин ондогон адистигине бош орундар камтылган жарнамаларды ооруканалрдын дубалдарынан, гезит, теледен көрүп келебиз.

Учурда Ошто жана Бишкекте жеке клиникаларда кезек күтүп тургандарды көп эле байкап жүрөбүз. Бир эле Оштогу “Ош-Кардио” жеке клиникасынын кабыл алуусунда күнүнө кезек күткөндөрдүн саны 90го жетет.

Жеке клиникаларда текшерилүү жана дарылануунун баалары так айтылат. Бул бир чети кардарларга медициналык кызматтын сапаты боюнча өз талаптарын коюуга мүмкүнчүлүк берет. Адистер бүгүнкү күндө Кыргызстан толугу менен акы төлөнүүчү медициналык кызматка муктаж экенин, бул көмүскө төлөмдөрдөн арылуунун жалгыз жолу катары экенин белгилейт.

Кыргызстандагы айрым мамлекеттик медицина мекемелерине өзүнчө бөлүнүп жекече иштөөгө уруксат берилиши боюнча концепция буга чейин да кабыл алынган болчу. Анда жекече иштөөгө уруксат өз алдынча иштеп кете ала тургандарга гана берилген. Бирок аз камсыз болгон, мамлекет тарабынан социалдык коргоого алынган бейтаптарды медициналык жактан тейлөө системасы өзгөргөн эмес.

Расмий маалымат боюнча, 2013-жылы жекече иштеген дарыгерлердин саны өлкөдө жети жүздөн ашкан. Алар негизинен Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Караколдо.


Ооруканалар кантип азайып кетти?


Мединицина кызматкерлеринин айлык маянасы аздыгына байланыштуу көптөгөн адистер ишин таштап бизнеске же башка өлкөлөргө кеткендигине байланыштуу 90-жылдардын аягында кыргыз медицина тармагында оптималдаштыруу чаралары жүргөн. Анын кесепети медицина мекемелеринин кескин кыскаруусуна алып келген. Ош шаарындагы төрөт үйү

Ош шаарындагы төрөт үйү

Акыркы иликтөөлөр боюнча, соңку 20 жылда өлкөдөгү ооруканалардын саны 2 эсе кыскарган. Тагыраак айтканда 1990-жылы өлкөдө 307 медициналык мекеме бар болсо, 2013-жылы алардын 117си калган.

Мындай иликтөөнү жүргүзгөн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева өз кезегинде менчикке өтүп кеткен жана көп жылдык ижарага берилип калган имараттарды, жер тилкелерин кайтарып алуу маселесин парламентке март айынын этегинде сунуштаган болчу.

Апрель айында парламент иликтөөнүн жыйынтыгына таянып, Башкы прокуратура менен өкмөткө өлкөдөгү бардык ооруканаларды текшерип, мыйзамсыз менчиктелгендерин кайтарып алуу тапшырмасын берди.

Иш жүзүндө мамлекеттик шыпааканалардагы орун жетишсиздиги Улуттук госпиталда жана Оштогу областтык бириккен ооруканасында байкалат. Адамдардын агымы жаз жана күз айларында өсөт. Дарыгерлер кээде бейтаптар орун бошобой кезекти айлап күткөн учурлар болоорун айтат.

Улуттук госпиталда болсо кезек көбүнчө дарт аныктоочу аппараттар орнотулган жана чет мамлекеттерден келген адистердин кабылдамаларында байкалат.


Саламаттык сактоо министрлиги эскертет...


Булардын баары алыскы айылдарда дарыгерлердин жана медициналык техникалардын жетишсиздигинен кабар берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы мониторинги дарыгер жетишсиздиги айрыкча Жалал-Абаддын айылдарына туура келээрин көрсөткөн. Дарыгер жетишпеген район катары биринчи орунда Чаткал району турат. Ал жакта 10 миң адамга болгону 7 гана дарыгер туура келет.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиев өз кезегинде сатылып же ижарага берилип калган имараттарды кайра мамлекетке кайтаруу иштери жүрүп баштагынын, бирок ал имараттарды кайтаруу канчалык маселени жөнгө салышы экинчи маселе экенин белгилейт.

Марат Калиевдин пикиринде, маселе имарат жетишсизидигинде эмес, аймактык ооруканалар менен борборлоштурулуган чоң шыпааканалар ортосундагы карым-катнашта жатат:

- Негизги маселе райондордогу ооруканалар менен, облустук жана республикалык ооруканалардын ортосунда байланыштын жок экенинде. Биз электрондук кезек деген түшүнүктү иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Оорулуу адам дарыгер аны кайсыл күнү кабыл алаарын билиши зарыл. Биздин оорулуулар азыр андай ыкманы колдонбойт. Алар келип алып, анан дарыгерди издешет. Биз каалайт элек, оорулуу өзүнүн районунда туруп эле ага облустук оорукананын дарыгери керек, же керек эместигин билиши кажет. Дарылануу кымбатпы же арзанбы? Аны ал жакта дарылашабы же жокпу? Кандай анализдерди тапшырат? Ушунун баарын билип алышы керек. Дарыгерлер да ошол электрондук кезекке карап жумушун бөлүштүрмөк. Келечекте биз ушуну ишке ашырганга аракет кылып жатабыз.

2011-жылы Кыргызстанда «Манас» жана «Манас таалими» деген аталыштагы программаларды камтыган 15 жылдык саламаттык сактоо тармагындагы реформа жыйынтыкталган. Анын негизги натыйжалары болуп, ооруканаларды кыскартуу, ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун өнүктүрүү, кошумча төлөмдөрдү киргизүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу сыяктуу концепциялар ишке ашкан. Учурда ал реформалардын уландысы катары “Ден соолук” улуттук программасы ишке кирген.

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагына жыл сайын беш жарым миллиард сом бөлүнөт.
XS
SM
MD
LG