Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Саламаттыкты сактоодогу өйдө - ылдый көрүнүштөр "Азаттыктын" атайын радио түрмөгүндө.

Акыркы жылдары Нарында жеке менчик медициналык борборлор көбөйө баштады. Алардын шарттары мамлекеттик ооруканалар менен бирдей эле десек болот. Кабарчыбыз Токтосун Шамбетовдун сурамжылоосу көргөзгөндөй, Нарында көбүнесе айылдык бейтаптар мамлекеттик ооруканаларда орун жок болгон учурда жеке менчик медициналык борборлорго барып жатууга аргасыз:


Ар кандай чөптөр, ылай-баткак, дуба-камчы менен дарылаган бакшы-табыптарга кайрылган жарандардын санын эсептөө өтө кыйын. Мындай жагдай ансыз да аксап турган саламаттыкты сактоо тармагына сокку уруудабы же тескерисинче жардам берүүдөбү? Элдик дарыгерлер менен врачтар атаандашпы же кызматташпы? Эки жактын өкүлдөрүн жана бейтаптарды Бактыгүл Чыныбаева кепке тартты:



Адистер акыркы убактарда медицинадагы псевдотехнологиялар, тагыраак айтканда "керемет" керебеттер, тагынып койсо эле сакайтып жиберет деген билериктер жана дисктер көбөйүп кеткенин айтып коңгуроо кагышууда. Ошол эле учурда ишенчээк бейтаптар сыйкырдуу күчкө ээ деген медициналык жабдыктарга ишенип, алдамчылардын курмандыгы болуп келишет. Улан Эгизбаевдин баяны:


Кургак учук боюнча Оштогу облустар аралык борбордо тамакка бөлүнгөн акча 13 жылдан бери өзгөрө элек жана бейтаптарга күнүнө 56 сомдук гана тамак берилет. Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков күбө болгондой, кургак учукка чалдыккандар жатчу борбордо эмеректердин эскилиги жеткен, таза суу чыкпайт. Бейтаптар шаардагы коомдук мончолордо жуунууга аргасыз. Учурда борбордо 200 адам дарыланып жатат, кезекте тургандары да арбын:



Дарыгерлер оорулууларга дары-дармекти коммерциялык кызыкчылык менен дайындаган көрүнүштөр күч алганы менен муну далилдөө кыйын. Бейтаптардын айтымында, анализдерди чыгаруу үчүн дарыгерлер оорулууларды белгилүү бир жеке менчик лабораторияларга жөнөткөн учурлар кездешет. Медицинадагы бул терс көрүнүш менен күрөшүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаменти алсыз болуп жатканын моюнга алууда. Бул жагдайга Кубанычбек Жолдошов сереп салды:



Дары-дармекти мыйзамсыз сатууга жазаны катаалдантуу сунушталууда. Демилгечилер мындай жол менен дары-дармек базарын тартипке салууну көздөп жатканын айтышат. Эксперттердин эсебинде, өлкөдө сатылган дары-дармектин кеминде 20 пайызга жакыны мыйзамсыз соодаланат. Алардын көпчүлүгү базарларда талапка жооп бербеген шартта, чаржайыт сатылат. Дары-дармектин көмүскө базарындагы кырдаалды Бакыт Асанов иликтеди:

XS
SM
MD
LG