Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Акыркы жылдары Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен сыркоологон адамдардын саны бардык курактагы адамдар арасында көбөйүп баратат.

Бирок, айыккыс ооруга чалдыккандардын акыркы күндөрүндө оорусун азайтуу менен жардам берген кызмат жок. Медицина тармагындагы укук коргоочулар бул көрүнүштү адам укугун басмырлоо деп баалашат.

Кыргызстанда хоспистерди куруу мүмкүнбү же эртелик кылабы? Оорулардын азабын азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүп, кандай дары-дармектер берилет?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда медицинадагы ушул көйгөйгө кайрылып, суроолорго жооп издеди.

Талкууга “Эргене” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова, Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпар Азизбекова жана Улуттук онкология борборунун паллиативдик жардам бөлүмүнүн дарыгери Жаңыл Кочкорова катышты.

Морфинди бизден көп алган австриялыктар баңги болуп кетишкен жок. Биз оорунун кандай экендигин билип туруп, анан оорулууга бербей койгонубуз кыйноого эле барабар.

“Азаттык”: Жаңыл айым, акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жылына беш миңден ашык адам онкологиялык оору деп табылып, анын жарымы тез эле өмүр менен кош айтышат экен. Алардын акыркы айларда күчөй турган жан чыдаткыс оорусунан айыктыруу үчүн кандай дары-дармектер берилет? Сиз иштеген паллиативдик жардам бөлүмү башка бөлүмдөрдөн эмнеси менен айырмаланат?

Жаңыл Кочкорова: Онкологиялык оорулуулардын эң акыркы баскычы төртүнчү баскыч жана оору ушул учурда эң күчтүү болот. Ушул учурда ооруну баскан жалгыз дары жана укол түрүндөгүсү - морфин. Аларды колдонуу жана алуу жолдорун биз үйрөтүп беребиз. Мен иштеген паллиативдик жардам берүү бөлүмүндө ошол акыркы баскычтагы оорулуулар жатат.

“Азаттык”: Таалайгүл айым, сиз жетектеген “Эргене” фонду бир топ жылдан бери медицина, анын ичинде онкологиялык оорулууларга жардам көрсөтүү жаатында иштеп келатат. Сиздердин фонддун демилгеси менен мындан эки жыл мурун айыккыс дартка чалдыккандардын азабын азайтуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган таблетка түрүндөгү морфинди алып келдиңиздер эле. Бирок, ал бардык ооруканаларда, айрыкча айыл жерлеринде пайдаланылып жатканы белгисиз. Анын себеби эмнеде?

Таалайгүл Сабырбекова: Себептер көп. Биринчиден, маалымат жетпейт. Экинчиден, саламаттык сактоо тармагында иштеген жарандар да, калктын да бул дары тууралуу түшүнүктөрү абдан аз. Үчүнчүдөн, коркунуч бар. Морфин десе эле апийимден жасалган дарыны ичкенден кийин баңги болуп кетебиз деп кабыл алышпайт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул дарыны алтын стандарт деп таап, бүткүл дүйнө жарандары кыйналып турганда камсыз кылынсын деген көрсөтмө берген.

Кыргызстанда ар бир жан башына эсептегенде жылына 0,1 грамм морфин кабыл алат экенбиз, ал эми Австрияда 0,51 грамм кабыл алышат. Бизден көп алган австриялыктар баңги болуп кетишкен жок. Биз оорунун кандай экендигин билип туруп, анан оорулууга бербей койгонубуз кыйноого эле барабар.

Былтыр ушул таблетка каттоого алынып, бир килограмм алынган. Аны алып келген компаниянын көрсөткүчтөрүн анализдесек, Кара-Балта, Жалал-Абад жана Бишкек шаарлары гана алыптыр. Калган аймактардан бир-эки эки кутучадан Кочкор району жана Балыкчы шаары алыптыр. Калган аймактар билбеген бойдон эле калышкан.

“Азаттык”: Жыпар айым, онкологиялык оорулууларга морфиндин 50 даанасы бекер берилиши керек экен. Адистер анын санын 200гө чейин көбөйтүүнү талап кылып жатышыптыр. Бирок онкологиялык борбордогу ноокастардын бардыгы эле таба алышпайт экен. Анын себеби эмнеде? Буга өкмөттун 1996-жылы кабыл алынган токтому жол бербейт деген маалымат бар. Ошол чынбы?

Морфин десе эле апийимден жасалган дарыны ичкенден кийин баңги болуп кетебиз деп кабыл алышпайт.

Жыпар Азизбекова: Бул дары Кыргызстанда 2015-жылы гана катталды. Региондордо морфин менен иштөөгө көп дарыканаларда уруксаты жок. Ал үчүн атайын каттоодон өтүш керек. Аларды Баңги затка каршы күрөшүү кызматы жана тартип коргоо органдары дайыма текшерип турушат. Ошон үчүн бул жергиликтүү дарыканалар үчүн кошумча жүк болуп жатат. Биз ага карабай былтыр бардык региондорду кыдырып, ушул дары тууралуу маалыматтарды бердик. Бирок, тилекке каршы, текши лицензия алышкан жери жок. Ал үчүн тиешелүү документтерге өкмөттүк деңгээлде өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болуп турат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG