Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Ушул күндөрү абитуриенттер эшигин сагалап, билим алууга умтулган окуу жайлардын бири - Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы.

Жаштар андан тышкары медициналык жогорку билим берген дагы төрт-беш окуу жайдын кардары болууда. Бирок адистердин саны көп болгон менен сапаты начар болгондуктан жыл өткөн сайын аларга өмүр сакчысы катары ишеним артууга болбой калды деген кооптонуу күч алып баратат. Буга эмне себеп? Ар бир жогорку окуу жайында медицина факультетин ачуу зарылбы? Абалды иликтеген комиссия кандай тыянакка келди?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдыманап Муратов, Саламаттык сактоо министрлигинин кадр жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова жана Жүрөк хирургиясы боюнча Түштүк аймактык илимий борбордун директору, ЖАМУнун профессору Калдарбек Абдраманов катышты.

Ар кайсы окуу жайларда медициналык факультеттер ачылып кетти. Бирок алардын көбү эч кандай шарт түзбөй туруп ачылды. Ошондуктан медициналык билим берүүчү окуу жайларда сапат жагынан мүчүлүштүктөр келип чыкты.

“Азаттык”: Абдыманап мырза, бир кезде Кыргызстанда медициналык жогорку билим берген бир гана Медициналык институт бар болчу жана анын бүтүрүүчүлөрү бүткүл СССР боюнча жогору бааланчу. Азыр мындай окуу жайлардын саны онго жакындап баратат, бирок кээ бир жаш адистерди эл өмүр сакчысы эмей эле "майып кылчу врачтар" деп атай баштады. Буга эмне себеп? Эмне себептен дарыгерлерди даярдаган окуу жайлардын саны көп, бирок сапаты жок болуп жатат?

Абдыманап Муратов: Тилекке каршы, бүгүнкү көтөрүлүп жаткан тема өтө актуалдуу жана курч маселе. Убагында бир эле медициналык институт бар эле, ошол жетиштүү болуп, сапаты жагынан да талапка жооп берчү. Кийин мамлекетибиз көз карандысыздыкка жетишкен соң ар кайсы окуу жайларда медициналык факультеттер ачылып кетти. Бирок алардын көбү эч кандай шарт түзбөй туруп ачылды. Ошондуктан медициналык билим берүүчү окуу жайларда сапат жагынан мүчүлүштүктөр келип чыкты.

Бүгүнкү күндө алты жогорку окуу жай медициналык кызматкерлерди даярдаса, анын экөө жеке менчик, төртөө мамлекеттик болуп саналат. Кыргыз-орус Славян университетинин да медициналык ири факультети бар. Бул окуу жайда да шарттар түзүлгөн эмес, сабак берүүчү кадрлар да жок. Көпчүлүк окуу жайларда пенсионерлер жана окууну кечээ эле бүткөндөр сабак берип жатышат. Мына ушундай абал сапатты төмөндөттү. Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрликтери биргелешип түзгөн комиссия окуу жайлардагы абалды көрдү.

Анын жыйынтыгы 28-июлда өтө турган тегерек үстөлдө айтылат. Ошондо бир жыйынтыкка келүү керек. Бул чоң көйгөй. Анткени, биз ар бир үй-бүлөдө бирден медициналык дарыгер болушу керек деген милдеттенме алган эмеспиз. Экинчиден, талап боюнча клиникалык базасы жок окуу жайларга медициналык билим берүүгө тыюу салынат.

“Азаттык”: Нурида айым, медицина факультетин бардык жогорку окуу жайларында ачуу зарылбы? Эмне үчүн окутуучу-профессордук курамы жок, лабораториялары, техникалык базасы жок окуу жайларга лицензия берилип жатат?

ЖАМУда эле эмес, ОшМУда да медицина боюнча кадрдык курам жок. Бул жакта социология, тарых сыяктуу багыттар боюнча окумуштуу адистер болушу мүмкүн, бирок медицина тармагы боюнча адистер жок.

Нурида Жусупбекова: Жогоруда айтылгандай, азыркы мезгилде алты медициналык окуу жайы бар. Бул окуу жайларга лицензиялар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген. Бирок белгилей кетчү нерсе, лицензияларды берүү боюнча комиссиянын курамында эксперттер катары жалаң гана медициналык кызматкерлер кирген. Алар жаңы окуу жайларга жардам көрсөтүү максатында жана келечекте жакшы иштеп кетет деген ниетте ачууга мүмкүнчүлүк беришкен. Алты окуу жайдын экөөндө чет мамлекеттердин медицина адистери даярдалат, калган төртөөндө мамлекетибиз үчүн медициналык кызматкерлерди даярдалып жатканына карабастан кадрлардын жетишсиздиги курч бойдон калууда.

“Азаттык”: Калдарбек мырза, сиз Жалал-Абад университетинин медициналык факультетинин жалгыз профессору экенсиз. Бирок, ал жерде медициналык 45 багыт боюнча билим берилет экен, ошонун бардыгын окута турган адистер барбы?

Калдарбек Абдраманов: ЖАМУда эле эмес, ОшМУда да медицина боюнча кадрдык курам жок. Бул жакта социология, тарых сыяктуу багыттар боюнча окумуштуу адистер болушу мүмкүн, бирок медицина тармагы боюнча адистер жок. Менин билгеним боюнча, медицина факультеттеринде 10 чакты гана илимдин доктору, профессорлор сабак берет, ал эми окуу жайларда медицинанын 60тан ашык багыты боюнча сабак берилет.

ЖАМУда медицина боюнча мугалимдер жок. Ал эмес предметтер боюнча бөлүмдөр жок. Бирок бүгүнкү күндө иштеп жатат. Ал эмне себептен, ким уруксат берип, ачылганын билбейм. Менин иштегениме төрт жыл болду, мугалимдер жамааты колдон келишинче лекция окуп, практикалык сабактарды берип келе жатабыз, бирок кемчиликтер көрүнүп турат. Менимче, мындай абал бирдиктүү нормативдин жоктугунан улам келип чыгып жатат.

Азыркы тапта жеке медициналык жайларда да окуу борборлору ачылып жатат. Ансыз эле Медакадемиядан ар жыл сайын 700 адам даярдалып чыгарылат, башка алты окуу жайдан 200дөн эле адис даярдалса, жылына 2000ге чамалуу медициналык кызматкер даярдалууда. Алар кайда барат деген суроо жаралат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG