Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кыргыз өкмөтү антикризистик чараларды жарыялады


Премьер-министр Темир Сариев Миң-Куш шаарчасында, 6-январь, 2016-жыл.
Премьер-министр Темир Сариев Миң-Куш шаарчасында, 6-январь, 2016-жыл.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн өкмөттүн жыйынында аткаруу бийлигинин 2016-жылдагы планын жарыялады.

Ага ылайык, план макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, инвестициянын жогорку деңгээлине жетүү, экспортту көбөйтүү, аймактарды өнүктүрүү, социалдык колдоону жакшыртуу өңдүү 11 негизги багыттан жана антикризистик чаралардан турат.

Каатчылыкка каршы чараларга бааларды туруктуу кармап туруу, доллар басымынан чыгуу, тактап айтканда, Орусия, Казакстандан импортту алардын улуттук валютасында жүргүзүү, доллар менен берилген насыяны сомго өткөрүү, бизнести колдоо, энергетикалык коопсуздукту күчөтүү, ГЭСтер боюнча жаңы инвестор издөө кирет. (EBM)

XS
SM
MD
LG