Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Акыркы убакта өкмөт коомчулуктагы каршы пикирлерден улам өзүнүн айрым сунуштарынан баш тартса, кээ бир долбоорлорунун ишке кирүү мөөнөтүн артка жылдырды.

Камсыздандыруунун айып пулу артка жылды

Февраль айынан баштап автоунааларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча өкмөт демилгеси башынан эле карама-каршы пикирлерди жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн тышкары, парламенттеги фракциялар да аталган мыйзамды ишке ашыруунун убакыт-сааты келе электигин айткан болчу.

Жыйынтыгында 25-январдагы өкмөттүн жыйынында автоунааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөндөрдү административдик жазага тартууну 2018-жылдын 1-январынан баштоо чечими кабыл алынганын Каржы рыногун жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Санжар Муканбетов билдирди.

- МАИ кызматкерлери автоунаа ээлеринин документтерин текшергенде камсыздандыруу баракчасы болсо андан жакшы. Бирок инспекторлор андай кагаз жок болсо, айдоочуларга айып сала албайт. Себеби анын мөөнөтүн 2018-жылдын 1-январына жылдырдык.

Ал эми унааларды камсыздандыруу мыйзамда көрсөтүлгөндөй эле 2016-жылдын 7-февралында баштала берет. Бирок айып пул салуу, жогоруда айтылгандай, 2018-жылдын 1-январына калды.

Митингдер өкмөттү артка чегинттиби?

Ушул эле күнү өкмөт бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына жеңилдиктерди жойгон мыйзам долбоорун да чакыртып алды. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан даярдалган мыйзам долбоору чийки деп табылганын айтууда.

- Тилекке каршы мыйзам долбоорунда толук социалдык-экономикалык өнүгүү шарттары эске алынбай, комплекстүү анализ жүргүзүлбөй калган. Ошондуктан өкмөт мыйзамды кайрадан толуктап, иликтеп, иштеп чыгууга тапшырды.

Тоо шартындагы жеңилдиктерди жойгон мыйзам долбооруна каршы​Нарында эл 27-январга митинг уюштуруп жаткан. Өкмөт мыйзам долбоорун чакыртып алгандан кийин бул митинг өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Ошондуктан нарындыктар аны өткөрүү зарылдыгы жок экенин айтышууда. Ушундан улам элдин каршы маанайын эске алган өкмөт коомдогу нааразычылыктарды алдын алган кадамдарга барды деп бааланууда.

Апрель ыңкылабынын катышуучуларынан түзүлгөн “Эр теги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев өкмөт өлкөдөгү каржылык каатчылыкты жүйө кылып, жөнөкөй элдин чөнтөгүнө кол салганы туура эмес деген ойдо:

- Өкмөт бул мыйзамдарды билгендей эле чакыртып алды. Ички мүмкүнчүлүктөн акча карайбыз деп, айла жок эле элге аны жүктөй берген болбойт. Эл да азыр кризистен улам бөтөнчө кыйналып турганын билиши керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы автоунааларды камсыздандырууну 2020-жылга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун жазып чыкса, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика - Ата-Журт” фракциялары оң рулдуу унааларга коммерциялык багытта жүрүүгө тыюу салууну эки-үч жылдан кийин киргизүүнү сунуштаган.

Айрым талдоочулар муну өкмөттүн айрым демилгелерине каршы маанайдагы элди саясий күчтөрдүн өз тарабына тартуу аракети катары баалашкан.

Мыйзамдар коомдун талабына ылайык болушу керек

Талдоочу Турат Акимов мыйзам долбоорлорду жазууда өкмөт алдын ала изилдөө жүргүзбөй, коомдук угууларды өткөрбөгөндүн аркасынан ушундай өксүктөр чыгып жатканын айтат. Экинчиден, бийликке элдин ишеними төмөн деген пикирде:

- Бийликтин калкка кадыры жок болуп, мыйзамдардын иштеши боюнча элди ишендире албай жатпайбы. Натыйжада эл толкуп кетет деп, көптөгөн долбоорлорду эки-үч жылдан кийин киргизели деп жатышат. Бул таза саясий чечимдер. Долбоордун экономикалык эсеби жок, алдын ала стратегиялык иликтөөлөр институтунда изилденген эмес. Айла жок мыйзамдын аркасы ушундай болуп атат.

Буга чейин парламент 2,5 миллион сомдон ашык мамлекеттин каражатына 120 кресло сатып алары тууралуу жарыя чыгып, коомдук нааразылык Жогорку Кеңешти бул тендерди токтотууга мажбур кылган. Ошондой эле Каржы министрлиги 228 миң сомго эки планшет, 284 миң сомго 10 кресло сатып алуу тендери чуу жаратып, министрлик да бул кадамдан баш тарткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG