Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Митингди тынч өткөрсө болобу?


25-марттагы митингден бир көрүнүш
25-марттагы митингден бир көрүнүш

Соңку күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан митингдер, анда орун алган көрүнүштөр көп талкууга жем таштады.

Жарандардын тынч жыйындарга чыгып, өз ойлорун айтууга эмне үчүн мыйзамдуу шарт түзүлбөй жатат? Акциялар учурунда чагымчыл аракеттер болдубу? Жаңжалдарды алдын алуу үчүн бийлик органдары жана саясий акцияны уюштуруучулар кандай чараларды көрүшү керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов, Садыр Жапаровду колдоогондордун өкүлү Мукар Чолпонбаев жана укук коргоочу Сапар Аргымбаев катышты.

“Азаттык”: Сапар мырза, укук коргоочу катары айтсаңыз, Конституцияга ылайык биздин жарандар кандай шартта, кандай укуктары менен тынч митингге чыга алат? Кандай талаптар коюлган?

25-март
25-март

Сапар Аргымбаев: Кыргызстандын жарандары Конституциянын 20-беренесине жана 34-беренесине ылайык тынч митингдерди, жыйындарды өткөрө алышат. Негизги талап - өтө турган иш-чара тууралуу жергиликтүү бийликке тиешелүү маалыматтарды бериши керек. Милиция кызматкерлери болсо жыйын катышуучуларынын коопсуздугун сактап, чыр-чатактарды алдын алышы керек.

“Азаттык”: Бакыт мырза, алгач Садыр Жапаровдун колдоочулары Горкийдин эстелигинин жанына, Казакстан менен чектешкен “Ак-Жол” чек ара өткөрмө бекетине жакын жерде чогулушпадыбы. Бул канчалык мыйзамдуу эле, тиешелүү уруксат алынды беле?

Бакыт Сейитов: 2012-жылы Жогорку Кеңеш “Тынч митингдерди өткөрүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Анда укук коргоо органдарынын жана митингдерди өткөрүүчү тараптардын да укук, милдеттери белгиленген.

Алгач алар жергиликтүү бийликке акция кайсы жерде өтөрү тууралуу маалымат беришет. Биз ага ылайык коопсуздук жана алдын алуу чараларын көрөбүз.

25-март
25-март

Садыр Жапаровдун жактоочуларынын Горькийдин эстелигинин жанына митинг өткөрүүгө уруксаттары бар болчу. Казакстан менен чек арабызга да алардын ондогон тарапкерлери барышкан. Аларга да коомдук тартипти сактоо, жолду тоспоо боюнча эскертүүлөр берилген. Биздин кызматкерлер акция учурунда мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүштү.

Ал эми Садыр Жапаровго төрт жыл мурда эле кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн болчу. Ал качан, кайсы мезгилде биздин чек арага келгенде укук коргоо коргоо органдары козголгон иштин алкагында өз милдетин аткарышы керек болчу.

“Азаттык”: Бийлик өкүлдөрү митингчилер өз позициясын, пикирлерин билдирүү менен чектелбей, мыйзамсыз аракеттерге чакырык жасашкан, мамлекеттик имараттарды басып алууга, мамлекеттик мүлктү бүлүнтүүгө барышкан деп айыптоодо.

Сапар Аргымбаев: Горькийдин эстелигинин жанында бийликти басып алуу боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Эл Садыр Жапаровду ошол жерде күтүп жаткан. Аны Улуттук коопсуздук комитетине камап коюптур деген маалымат айтылгандан кийин эл ошол жакка агылды. Ачык айтсам, чогулган элдин арасында чагымчылар да болду.

“Азаттык”: Бакыт мырза, митингде өзгөчө жаштардын сабалышы коомчулукта нааразычылыкты жаратты, "милиция жарандарды коргобой, тескерисинче кордоду" деген сындар айтылып жатпайбы.

Бакыт Сейитов: Жапаровдун тарапкерлери өздөрү чагымчылдыкка барганы көрүнүп турат. Үч-төрт жолу ошол жердеги тосмолорду, биздин кызматкерлердин катарын бузуп, Улуттук коопсуздук комитетинин имаратына кирүүгө аракет жасашты. Колдоруна тийген буюмдарды, бөтөлкөлөрдү, таяктарды милиция кызматкерлерине каршы колдонгону көрүнүп турат. Милициялар митингге катышкандарды атайын сабап жаткан бир дагы факт катталган жок, баары видеолордо көрүнүп турат. Митингчилер тарабынан катуу каршылык көрсөтүүлөр болгон.

Мукар Чолпонбаев: Эл Садыр Жапаровду тынч митингде күтүп жатышкан. Ал чек арадан өтүп жатканда өзгөчө корунучтуу кылмышкерди кармап алгансып кармап, атайын күчтөрдү алып барып, ондогон кишилерди коркутуп-үркүтүп, Орусиядан, Казакстандан келген мигранттарды камай баштап, бийлик өзү элди козутту.

Эгер Садыр Жапаров коркунучтуу кышмышкер болбосо, колуна тергөөгө чакыруу кагазын бергенден кийин эл менен жолугуштуруп, үйүнө ата-энесине барып учураштырып, андан кийин алып кетсе болот беле, же Жапаров коркунучтуу эл аралык террорист беле?

Эл эч убакта мамлекеттик имараттардын алдына бийликти басып алайын деп келбейт. Мен канча жылдан бери катышып жүрөм, Бакиев, Атамбаев учурунда болобу, дайыма ушундай акциялар учурунда чагымды бийлик уюштурат. Муну бийлик моюнга алышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG